Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү эки гезит Кытайдагы окуялар, Орусиянын жаңы аскер базасы... жана башка темадагы макалаларга окурман көңүлүн бурду.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезитиндеги “Ачка ажыдаардын жылмаюсу” деген аталыштагы Сергей Кривошаповдун макаласы Синьцзяндагы кандуу окуяга арналган. “Кытай эки жумадан бери тынчы жок жашоодо. Үрүмчүдөгү уйгурлардын абалы кыйын. Полиция менен аскер күчтөрү массалык түрдө “тазалоо” жана камакка алуу иштерин жүргүзүп жатат. Жума күнү кытай бийлиги Синьцзян-Уйгур автоном районундагы бардык мечиттердин иштешине тыйуу салды. Бирок толкундоолор башка шаарлардан да чыгууда” деп баяндалган макалада, Кытай бийлиги эларалык террорчулук жана ислам экстемчилдиги жөнүндө канчалык кан-какшап сөз кылбасын жаранын өзөгү Пекиндин уйгурларга жасаган улуттук саясатында жатканын, Борбор ондогон жылдардан бери карай улуттук азчылыктагы элдерди, айрыкча тибеттиктер менен уйгурларды методикалык түрдө “жууп-тазалап” келатканын белгилеген. Эгер 80-жылдары хан деп аталган этникалык кытайлар Синьцзянда аябай эле аз санда болсо, азыр бул аймакта алар арбын. Кытай бийлиги үчүн кытайдагы кыргыз, казак, тажиктерге салыштырганда уйгур коркунчтуу, анткени алардын саны көп, эли динчил, улуттук аң-сезимдери жогору.

Макала авторунун ою боюнча Үрүмчүдөгү тополоң-тоздон кийин кытай бийлиги тизгинди дагы катуу тартат, кандайдыр бир ымалага келе коймой деген кытайдын ыкмасына жатпайт. Баса, Үрүмчүдөгү бунт башталганга чейин ушул аймакта билим алып жаткан 362 казак студенти кытай проблемаларына туш болуп аткандыгын белгилеп Нурсултан Назарбаевдин атына ачык кат жөнөткөн. Сергей Кривошапов андан ары айрым маалыматтар боюнча азыр Казакстанда 500 миңден ашуун хан кытайлары эмгектенээрин, алар бара-бара көбөйө берип, бир күнү Казакстандын бийлиги үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк аларын... Кытай өз улуулугун өз өлкөсүндө эле эмес, андан тыш өлкөлөрдө да даңазалай баштаганын кеп кылат.

Казакстандык саясат иликтөөчү Константин Сыроежкин алматылык басылмалардын бирине берген маегинде:“Кытай деген – Борбор Азиянын тышкы экономикалык өнөктөшү эмес. Биздин экономикабыздагы проблемалардын көбү – биздин ички өзгөчөлүгүбүздө. Сньцзяндагы башаламандыкты Борбор Азияны көздөй экспорттоп жибериши да мүмкүн” деп айтканын шилтеме кылган С. Кривошапов: “Кыргыз телеканалдары Кытай компартиясынын жетекчилиги астында андагы аз улуттун өкүлдөрү кантип бактылуу жашап жаткандыктары жөнүндөгү жылмайган берүүлөрдү кыргыз тилинде көрсөтүүдө. Ал эм чын-чынына келгенде Пекин Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын аймагын Кытай экономикасынын жана жабылып-жайылып, жер үстүнө батпай бараткан кара чечекей калкынын муктаждыгын канаатттандыруучу “жашоо аймагы” катары эсептейт. Ошондуктан биздин бийликтин эң негизги милдети кытай экспансиясына каршы тура ала турган программаны иштеп чыгуу болуп саналат” деп жазды.

“Сечин менен Сердюковдун жашыруун келип-кетиши. Эмнеге алып барат?”

Мына ушундай аталыштагы макала жарыялаган “Дело №...” гезити: “Путинге жакын саналган адамдардын бири, Орусиянын вице-премьери Игорь Сечиндин түндүктөн түшкөндөй Бишкекке күтүүсүз келип-кеткени канчалык жаап-жашырылбасын, эмне максат менен келгендиги тууралуу каңшаар Бишкектен учуп чыгып, тез эле дүйнөгө тарап кетти” деп белгилеп, “ага чейин ар кандай айың айтылып, бири АКШ аскер базасынын кайрадан ордунда калышы үчүн Маскөө Бакиев менен катуу сүйлөшөт экен, орустар эми Камбар Ата-1 ГЭСи үчүн бөлмөкчү болгон акчасынан баш тартышы мүмкүн, Орусияда жан багып жүргөн мандикерлерге мардектин башын көрсөтмөй болуптур деп да айтып жиберишти” деп кошумчалады.

“Незавизимая газета” болсо: “Мунун баары чындык болушу да мүмкүн. Бирок кыргыз жетекчилигин “түздөп” койуу үчүн эки эле киши келсе жетет эле, жыйырмасы келип атпайбы, анын үстүнө коргоо министри Анатолий Сердюков көрүнгөн жакка жөн эле уча бере турган кишилерден эмес эле” деп билдирди.

Акыры “ал экен, бул экен” дегендерге чекит коюлду деп белгилеген “Дело №...” басылмасы, өз булактарынан алган маалыматтарга таянуу менен орус делегациясы кечки саат 7де келип, түнкү саат 2де учуп кеткенин, Бакиев менен жекеме жеке сүйлөшүүдө Сечин жана Сердюков гана болгонун, И. Сечин Орусиянын сегиз вице-премьеринин ичинен өнөржайы менен энергетика тармагына көзөмөлдүк кыларына токтолду.

Ошентип Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын дагы бир аскер базасы пайда боло тургандагы маалым болууда. Бирок ал кайсыл жерге жайгашары азырынча табышмак. Мындай чечимге Америка андай деле кабатырланып, каршылык кылган жок. “Ал эми өзү менен чектешкен жерде чет өлкөлүк аскер базасынын жайгашышына Ташкен караманча каршы” экендигин Өзбекстандын жогорку чөйрөсүндөгү аткаминерлердин бири билдирди деген маалыматты“Новости” жаңылыктар агенттиги таратты.

Гезит андан ары бул маселе боюнча айрым эксперттердин оюн сураган.

КМШ өлкөлөрүнүн Борбор Азия жанан Казакстан боюнча институтунун бөлүм башчысы Андрей Грозин: - Бул деген “кандай салам берсең, ошондой алик аласың” деген эле кеп. Биринчиден, Орусия Кыргызстанда кайрадан калып калган Америкалыктарга керек болсо биз деле кала алабыз дегенди түшүндүргөнү. Экинчиден, Кыргызстандын түштүгүндө аскер базасын кармоо үчүн Орусиянын кызыкчылыгы бар. Анткени Фергана өрөөнүнө жакын жерде аскер базасын ачуу үчүн орустар көптөн бери эле ойлоп келген. Ал эми база эмне иш кылат, аны айтуу кыйын. Сыягы наркожолдордун жолун бууп, бейжай курал-жарактардын аркы-терки өтүшүнө каршы күрөшөт болуш керек.

Орусия Федерациясынын геосаясый маселелер боюнча Академисянын президенти, генерал-полковник Леонид Ивашов: - Кыргызстан деген АКШ менен Европанын жана Кытайдын, башка өлкөлөрдүн геосаясый жана аскердик-стратегиялык түйүндөрүнүн тогошкон жериндеги өлкө. Мына ушул түйүндү Кыргызстандын жалгыз кармап турганга кудурети жетпейт. Ошого байланыштуу ал күнкорсуз, ар кимдин таландысында калбаган өлкө болгусу келсе бөлөк эч ким менен эмес, Орусия менен гана өнөктөш болууга тийиш деп ойлойм. Себеп дегенде түрдүү кызыкчылыктардын түйүнүндө турган Кыргызтанга атайын кызматтардын атаандаштыгы Пакистан менен Кытайдагыдай алеки-заматта чаң-тополоң салып жибериши мүмкүн. Орусия акыры ушул түйүндүн канчалык маанилүү экендигине көзү жетти. Эми америкалыктардын аскер базасы болобу, башкалардыкы болобу, алардын туткасын кармап туруу Кыргызстан менен Орусия үчүн кызмат кылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG