Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Үч көпүрө жана үйбүлөлүк бийлик…


Гезиттердин башкы темасы саясат, социалдык турмуш, улут маселесине арналды.

«Чүйдө үч көпүрө кайра куруулууда» деген кабар менен бүгүнкү санын ачкан «Кыргыз туусу» гезити милициянын отставкадагы подполковниги Бектурган Султанкеримовдун «Коррупционерлерден кордуктарды көп көрдүм» деген макаласын сунуш кылган. Нарындык эмгек ардагери 70-жылдары паракор аткаминерлер менен кантип күрөшкөнүн баяндап келип, «канткенде коррупцияны жое алабыз?» деген суроону коет. «Күч түзүмдөрү, сот баш болуп, прокуратура, УКК, ички иштер, полиция, салык, бажы органдары өздөрү пара албай таза иштеп, биримдикте, бир багытта иш алып барса. Эгерде ушул маселе толук кандуу иштебесе эч качан коррупция кыскарбайт да, жоюлбайт» деген ойду айтат.

Ушул эле сандан тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбековдун мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу сандан санга жарыялап келаткан макаласынын уландысын, гезит кабарчысы Марип Тайчабаровдун «Сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын макулдашуулары» деген баянын, окумуштуу Омор Соороновдун «Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?» ж.б. авторлордун «Искак Раззаковдун улуулугу улутту шыктандырган», «Улутчул Кубанычбек Нурбеков» аттуу даректүү макалаларды окууга болот.

«… күчтүү улут болуш үчүн 1-ден улутту мүмкүн болушунча билимдүү кылууга умтулуу зарыл, 2-ден улут өз мамлекетин башкарууга тийиш, 3-дөн мамлекет улут алдында жооп берүүгө милдеттүү болушу керек. Мына ушул талаптар жарандык улутчулдуктун негизин түзөт. Ушул багытта өнүгө алаган улут гана өзүн өзү сактап кала алат». «Бөтөнзордукту» окуган соң» деген рубрика алдындагы «Гумилевго каяша, Шайлообек агайга кайчы пикир» деген макаласында публицист Кален Субанов мына ушундай олуттуу ойлорду ортого салган. «Кыргыз улуту мамлекетти башкарууга катышуудабы? Мамлекет кыргыз улутунун алдында жооп береби?» деп суроо койгон автор «жок» деп жооп берүү менен «Биздин мамлекет белгилүү гана бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн «менчик» механизмге айланып бүткөн. Бирок көөнөрбөс маданияты, терең тарыхы бар менин улутумдун келечеги кең жанан жарык болот деп абдан терең ишенем. Мамлекеттик бийлик улут алдында жоопкер болууну каалабаса, анда колдо болгон бардык каражаттар менен мындай бийликке каршы күрөшүүбүз керек» деп жазат бүгүн жарык көргөн «Назар» гезити аркылуу.

Ушул эле гезитте «Дүйнөнү бир караан аралап жүрөт» деген ат менен баяндамачы Машакбай Рахманкуловдун орус бийлиги тууралуу макаласы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулунун маеги, Кыргызстан мусулмандарынын азрети муфтийи Мураталы ажы Жумановдун кирип келген орозо тууралуу айткан-дегендери, акын Түмөнбай Сариевдин «Оппозицияга да, жаштарга да нааразымын» деген инитервьюсу ж.б. материалдар басылып чыкты. Кален Субанов «Таза шайлоодон» кийинки келечек» деп аталган макаласында Бакиев бийлиги эми күчүн мындан да болуп көрбөгөндөй күчөтөрүн, демек, келечекте карапайым калктын кызыкчылыгын коргой турган күчтөр бийлик менен саясый жактан гана күрөшпөстөн, экономикалык оппозицияны күчтөнтүүгө тийиштигин негизги маселе катары бөлүп көрсөтөт. «Жакынкы келечекте бийликтин баскынчылыгы, зордугу күчөп, коомдо жакыр катмар менен бай катмардын ажырымы абдан тереңдейт» деген ойду айткан автор элди тура жолго баштай турган жаңы лидер керектигин кеп кылат.

«Эл сөзү» гезити эртең жабылабы?». Аталган гезитти «Назар» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков 5 млн. сом доо менен Бишкектин Ленин райондук сотуна берген эле, азыр сот бул арызды териштирип жатат деп кабарлады. «Бийлик бизди сындыра албайт». Мына ушундай ат менен айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев шайлоодон кийин 15 күн камакта жатканын кабарчы менен болгон маегинде кенен-чонон кеп салган. Т. Тургуналиев Бакиевдерди оодаруу күрөшү күзүндө кайра күчөөрүн, Бакиевдин алдында эки жол турганын, биринчиси «жаңылдым, жаздым, тоба кылдым» деп кыянат кылмыштарын мойнуна алса, эл алдынгда чөгөлөп кечирим сураса, бийлик башчыларынын, туугандарынын, балдарынын улуулугун кескин токтотсо, тоногондорун казынага кайтарса, бийликке ыйманы таза, иш билги адамдарды алып келсе, анда оңоло баштаарын, бирок Бакиев бул жолго бурула албай тургандыгын айткан.

Аталган гезит ошондой эле журналист Абдувахаб Мониевдин «Үйбүлөлүк бийлик парламентаризм иниститутун талкалады» деген аталыштагы макаласын тартуулады. «Курманбек Салиевич эми 3-мөөнөт үчүн президенттикке талапкерлигин койбойт. Өз бийлигин өтө ишенимдүү «өз» адамына тапшырып кетүүнүн камын көрөт. Бул макасатты кынтыксыз жүзөгө ашыруу үчүн өтө ишенимдүү парламент керек.» деп белгилеген автор азыркы парламенттин ордуна дагы эле бийликке «кол бала» парламент келерин, ЖК төрагалыгынын милдетин колго алуу үчүн бул ирет президенттин бир туугандарынын ичинен бирөө депутат болушу мүмкүндүгүн, айтор Кыргыз бийлиги шайлоо жараянын да, парламентаризм институтун да биротоло тебелеп, талкалап бүткөнүн талдоого алат.

Персонналдык пенсионер Касым Исаевдин гезиттеги макаласы «Ушулар да Кыргызстандын аксакалыбы?» деп аталып, буга дейре түзүлгөн Коомдук палатанын иш- аракеттерин сынга алат. Палатага киргендердин ичинен Ишенбай Абдуразаковдон башкасы эсинде калбаганын, Абдуразаков да досу, жакшы санаалашы болгон үчүн эсинде калганын кеп кылган автор палатага киргендердин дээрлик бары «дүжүр чалдардын» уюму экенин, ал кайсы бир макаласында «бакиев бийлиги – жалаң калптан жана жалпы кошоматчылыктан турган бийлик» депаныктама бергенин, элдин каргышы тийчүлөр жана Кудайдын каарына калчулар бийликтегилердей эле оппозицияда да жетиштүү санда экенине окурман көңүлүн бурган.

Ушул эле санда Аксай, Арпаны коргойм деп чыккан атбашылык азаматтарга кылмыш ишин козгоо үчүн аракеттер башталыптыр деген имиштер тарап атканы, «Нарындагы Жетим Тоо жең ичинен сатылдыбы?» деген макала, саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоевдин «Оппозициянын ооматы келди» деген интервьюсу ж.б. материалдар менен таанышууга болот.
XS
SM
MD
LG