Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Азамат Айтбаевдин сөзүнө караганда Европа өлкөлөрүндө 5 миңдей кыргызстандык жаран иштейт. Ырас, кризистин айынан алардын тапкан кирешелери мурдагыдан азайды, бирок алардын Мекенине кайтайын деген ойлору жок.

Канада коркунучтуу патоген заттары жайгашкан биологиялык лабораторияларды модернизациялоо боюнча Кыргызстанга 30 млн. доллар берүүгө ниеттенүүдө, National Post гезитине берген интервьюсунда Канаданын Тышкы иштер министрлигинин химиялык жана бактериолгиялык куралдарды жайылтпоо проблемалары менен алектенген өкүлү Тревор Смит ушинтип билдирди деп жазат «Борборазия» жаңылыктар агенттиги.

Канададагы мындай программа террорчулукту ооздуктоо жана анын жайылып кетүүсүнөн алдын алуу боюнча ар кандай маселелерди чечүүгө багытталган. «Канада аталган программаны жүзөгө ашыруу үчүн 10 жыл ичинде миллиард доллар сарптоого макул. Өлкө буга чейин 526 миллион доллар бөлгөн.

Ушул эле «Борборазия» жаңылыктар кызматынын маалыматы боюнча Кыргыз мигранттары өз Мекенине мурдагыдай акча жөнөталбай калышты. Маселен 2008-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун акча жөнөткөн. Бул каражат өлкөнүн бүтүндөй мамлекеттик бюджетине барарбар болучу. Тилекке каршы ушул айдын башында жогрудагы сумма 30 пайызга азайды.

Ырасмий маалыматтарга ылайык жыл сайын Орусияга 300 миңден 500 миңге чейин жаран жумуш издеп кетет. Ал эми ырасмий эмес маалыматтардын эсебинде кыргыз мандикерлеринин саны 1 миллиондон ашуун. Кризиске байланыштуу өз өлкөсүнөн иш таппай, сыртка кетип жаткандардын басаңдаар түрү байкалбайт. Кыргыздар бир эле Орусия тарапка ообостон, бактыларын Европа өлкөлөрүнөн да издешүүдө. «Бирок алардын анык саны канча экенин билбейбиз» дейт Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департамент кызматынын өкүлү Айдит Эркин. Анын айтымында кыргыздар легалсыз түрдө көбүнчө Италия менен Великобританияга кетишүүдө.

Ал эми Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Азамат Айтбаевдин сөзүнө караганда Европа өлкөлөрүндө 5 миңдей кыргызстандык жаран иштейт. Ырас, кризистин айынан алардын тапкан кирешелери мурдагыдан азайды, бирок алардын Мекенине кайтайын деген ойлору жок.

АКШнын Борбордук аскер командачылыгынын колбашчысы генерал Дэвид Петреус ушуну менен экинчи жолу Ташкенге келип, президент Ислам Каримов менен сүйлөшкөнүн, америкалык генерал ошону менен бирге эле Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын чоңдору, коргоо жана тышкы иштер, сырткы экономикалык байланыш, инвестиция жана соода министрликтеринин өкүлдөрү менен жолукканын, талкууга алынган теманын өзөгүн аймактык коопсуздук маселелердин түйүндүү жерлери жана Ооганстандагы абал түзгөнүн «Фергана. ру» маалымат булагы кабарлады.

«Фергана. Ру» ошону менен бирге эле Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун «Фергана өрөөнү бардык кандуу кагылыштардын коркунучтуу очогу бойдон кала берүүдө» деп аталган макаласын окурмандарга тартуулады.

Фергана жер шарындагы эң эле адамдар жыш жайгашкан өрөөндөрдүн бири. Барган сайын бул өрөөндө суу да, жер да жетпей баратат. Массалык жумушсуздук, жалчыбаган жашоо, социалдык жактан корголбогондук аймакка мүнөздүү көрүнүш. Адистердин айтуусунда 1 гектар пахта аянтына 16 миң кубометр суу сарпталып, андан 19-20 центнерден гана түшүм алынат. Ошол эле учурда ушундай эле 1 гектар аянтка болгону 3,5 кубометр суу сарптаган Израиль өлкөсү гектарына 60 центнерден пахта түшүмүн алууда. Кыскасы Борбор Азиянын суу ресурстарын туура эмес пайдалануудан мамлекеттердин мамилеси бузулуп, суунун жетшсиздиги аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирүудө.

Ушу тапта Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш кыргыз жерлерин жылып кирип ээлеп алып аткан коңшулардын жоругун көрүп, билип туруп, кыргыз бийлиги эч нерсе болбогонсуп, алактаган көздөрүн ал маселеден ала качууда. Аткаминерлердин мындай жоопкерсиздиктери бардык мамлекеттерде кылмыш катары эсептелет.Мындай абал эртедир-кечтир орду толгус чоң чыр-чатакты тутандырары турган иш.

Генерал Мирослав Ниязов мындай абалдан чыгуунун айрым жолдорун сунуш кылат.

1-ден, талаштуу аймактар делимитация жана демаркация болуп бүтмөйүн ал жерлерде дыйканчылык иштерди жүргүзүүнү толук токтото туруу керек, мындай чечим Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлинде кабыл алынып, ал кыйшайуусуз түрдө аткарылмагы оң.

2-ден, Кыргызстандын бийлиги мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо, элинин биримдигин жана бүтүндөй аймагынын кемибей сакталышы үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш.

3-дөн, чегараны делимитациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиялар өз иштерин жандандыруусу зарыл. Аны тараптардын ар кандай амбициясына карата ыгы жок созо берүү өрөөндөгү ансыз да чыңалып турган абалды татаалдата берет.

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк революциялардын келип чыгуусун ар дайым үйбүлөлүк-кландык башкаруу, ооздугу жок коррупция жана бийлик башындагылардын уят-сыйытынан ажыраганы шарттаган.

«Биздин эң башкы тарыхый катабыз тарыхтан сабак албаганыбызда жатат. Бир элдин эсебинен экинчи бир эл эч качан өз бактысын кура алган эмес, анткени биз Борбор Азия эли Кудай берген табияттын бир ыңгай климаттык алкагында жашаган элбиз» деп аяктайт макаласын генерал Мирослав Ниязов.

Кыргызстандын чыныгы мусулмандар союзун биринчи уюштуруу курултайына чогултканы калганын анын төрагасы Нурлан Мотуев «24 kg» маалымат агенттигине билдирди. Мотуевдин айтымында чыныгы мусулмандардын Бишкекте өтүүчү форумуна өлкө аймагынан 800 делегат катышып, союздун уставын бекитет, текшерүү комиссиясын жана төраганын эки орунбасарларын шайлайт. Курултайдан кийин каттодон өткөрүү үчүн зарыл кагаздар Юстиция министрлигине жөнөтүлөт.

«Азаттыктын» угармандарынын эсине сала кетсек, 2008-жылы «Жоомарт» атуулдук кыймылынын башчысы Нурлан Мотуев менен мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мусулмандар союзун түзүп Газа секторундагы Израиль мамлекетинин согуштук аракеттерин айыптаган акция менен Ала Тоо аянтына чыгышкан. Алар Израилдин мамлекеттик туусун өрттөөгө далалат жасашкан. Кийин экөөнүн ортосунда келишпестик чыгып, Нурлан Мотуев өз алдынча Кыргызстандын мусулмандар союзун түзүп кеткен.

«Кыргызстандын түрмөсүндө олтургандардын арасында Хизб-ут-Тахрир» экстремчил партияны жактагандардын катары кескин өсүп кетти». «24 kg» маалымат агенттигине Дин, укук жана саясат боюнча көз карандысыз аналитикалык иликтөө Борборунун деректири Кадыр Маликов ушунтип билдирди. Анын байкашынча мусулман коомчулугу биринчиден өлкөдөгү саясый объект катары жыл өткөн сайын ар кайсыл күчтөрдүн кызыгуусун туудурууда, экинчиден быйыл мамлекет башчылыгына талапкер болгондордун бири эгер бийликке келчү болсо өлкөгө шарият мыйзамын киргизерин жар салды. Үчүнчүдөн эл арасында оппозициянын кадыры түштү. Мына ушул көрүнүштөрдүн баары ислам өкүлдөрүнө мындан аркы саясый өнөктүктөргө катышууга кенен жол ачып берди.

Кадыр Маликовдун оюнча бүгүнкү оор кырдаалдан оппозиция жол таппаса, ортодогу боштукту келечекте исламдын саясый лидерлеринин бири толтурушу мүмкүн. Анткени табият да, коом да боштукту толтурмайын чыдай албайт.

Ал эми «Хизб- ут- Тахрир» уюму өз ишин түрмөдөгүлөрдүн арасында жандандырууга өттү. Эң башкы коркунуч кылмыш жазасын өтөп жаткан жайларда ага атаандаш боло турган ислам тууралуу маалымат жок. Ошондуктан түрмөдөгүлөрдүн көбү дал ушул ишмердигине тыйуу салынган партиянын «жемине» айланууда. Тилекке каршы диний экстремизм үчүн сотттолгондорду башкалардан бөлүп кармаганга мамлекеттин каражаты да, мүмкүнчүлүгү да жетпейт.

Кабарчы: - Бийлик менен Диний өкүлчүлүк каякты карап олтурушат?

К. Маликов:- «Ким төлөсө музыканы ошол тандайт» деген сөз бар. Имамдар социалдык жактан коргоого алынган эмес. Алардын айлык өңдүү айлык маянасы да, жарыткан пенсиясы да жок. Элет жерлериндеги мечиттерде көбүнчө улгайган же диний билими тайкы адамдар иштешет. А мамлекет болсо анын артында кандай кесепеттер катылып жатканы менен иши жок. Ал эми Орусияда ислам маданиятын, билим менен илимди өнүктүрүүнү колдоо Фонду түзүлдү. Бул деген мамлекет мечиттерди тыш жактардан демөөрчүлүк кылгандардан коргойт жана мечиттердин каражаты менен идеялык багытын көзөмөлдүккө алып турат дегенди түшүндүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG