Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Гезиттер мурдагыдай эле өлкөнүн ички жана тышкы саясый, экономикалык турмушун жазып жатышат.

Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматовдун «Назар» гезитинин кабарчысына берген маегинин аты «Орусия, Түркия, Орто Азия бир болушу керек» деп аталат.

Бегиш Ааматов: «Мындан 100 жыл мурун Маскөөдө 50 миң мусулман жашаса, азыр ал сан 3 миллиондон ашыптыр. Орусияга иштегенге, анын жарандыгын алып жашаганга кетип аткандар канча? Орустар алардын жолун бөгөп, «келген жагыңарга кайра кеткиле» деген жок го. Ошондуктан Орусияга карата калыптанып калган психологияны бир аз өзгөртүш керек. Эгерде биз чын эле кыргыз тилин, аны менен тектеш түрк тилин, түрк маданиятын сактап калабыз десек, Орусия менен, орус маданияты менен бирге болушубуз керек.. Эгер Орусияны азыр түрк элдери биригип сактап калбасак, эртең Орусиянын өзү жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондо орус менен кошо түрк тилдүү элиң да жоголот» деп айтты.

Анын оюнча, Түркия НАТОдон чыгып, ШКУ, ЖККУга, тагыраак айтканда КМШ өкөлөрү кирген уюмдарга мүчө болгону оң. Түрк тилдүү элдер Чынгызхандын убагынан бери эле орустар менен мамиледе болуп келген. Чыңгыздын тукумдары Орусияны 300 жылдай башкарган. Путин өзү айткандай «орусту катуураак силксең ичинен татар чыгат»... Ошондуктан чыдамкайлык, оор басырык менен көздү чоңураак ачып, тилибизди, маданиятыбызды жалпылап сактап калуубуз зарыл.

Гезит мындан тышкары 27-августта жарык көргөн «Учур» гезитинде Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеген Бакыт Бешимов бир топ эле жаманаттыланды, эгер шайлоо штабды ал жетектебегенде Атамбаев утуп чыкмак дегендей кептер айтылган, бул пикир оппозиция кетирген каталарын бир кишиге шылтай салып, партиянын жана анын лидеринин жүзүн сактап калууга болгон далбасасы деп, электр жарыгы быйыл да өчүрүлмөй болууда, ушул жылдын аягына чейин суу сактагычтагы суу 13 млрд. 332 млн. метр кубга жетиши мүмкүн, ал өткөн жылга салыштырганда дээрлик 3,5 млрд. метр кубга көп, бирок Энергетика министри быйыл дагы түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин жарыкты өчүрүүнү пландоодо, ошентип Бакиевдин "тезек жаккыла" саясаты Кыргызстанда акырындап турукташып бараткан өңдүү деп кабарлады.

Журналист Үсөн Касыбеков «Реформанын алтаң-телтеңдери» аттуу макаласында ушу күндө талкуунун бутасына айланган парламентти таркатуу маселесине токтолуп, аны таркатуу оңой болбостугун, эгер эле ошондой зарылдык туулса, ири алдыда бийлик аны өзүн-өзү таратууга мажбурларын, мындан сырткары көптөн бери Акүйдүн олуттуу билдирүүлөрү мурдагыдай президенттин админстрациясы тарабынан эмес, катчылыктын атынан жарыяланып жатканын байкоого болорун, демек демилге толук бойдон катчылык тарапка өткөнүн, эми Д. Үсөнов туш болгон жасалма изоляцияга анын тандемдеши А. Мадумаров да дуушар болгонун белгилеген.

Автор сөзүн улантып: Акүйдүн ашканасында бышырылган «мантылардан» А. Мадумаровдун кенедей да маалыматы болбой калганын, орчундуу маселелер эми ансыз эле чечилерин, бир сөз менен айтканда «кара тизменин» катарында Д. Үсөнов менен бирге анын досу А. Мадумаров да барын, башкаруу системасын президент реформалайм дегенден баштап А. Жапаров менен А. Келдибековдун да кабагы жаачу күндөй бүркөлгөнүн, ал эми М. Эшимкановдун ордуна барчу киши даяр экендигине көңүлдөрдү бурду.

Аталган гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун сот акыйкатчылыгы жөнүндөгү көлөмдүү макаласы «Карышкыр менен козу жөнүндө» деп аталып, гезит мындан ары сот өкүмдөрү менен чечимдерин, аныктамалары менен токтомдорун сары эсепке салган сын материалдарды жарыялап, аларды президенттин тиешелүү бөлүмдөрүнө, Жогорку Сотко, сот акыйкатчылыгы боюнча укуктук комиссияга жөнөтүп, алардан принциптүү жооп алып, элге кабардап турууга убада берди.

Гезит ошондой эле жаш экономист Мирзат Ажиевдин «Жаштардын учуру келатат», Нурлан Мотуевдин «Рамазан айында аялды мактоо – макүрөө», экономист Айылчы Сарыбаевдин «Баалардын өсүшү экономикалык мыйзамга көз каранды» деген интервьюларын, профессор Советбек Байгазиевдин сандан санга жарыяланып келаткан «Көчмөндөр цивилизациясынын» корутунду бөлүгүн сунуш кылды.

«Жетим-Тоо жең ичинен сатылды беле?» «Эл сөзү» гезити жаңы санын ушундай аталыштагы макала менен ачып, «Жетим-Тоодогу темир кенин кытайлыктар иштеткени жатканын кыргыз бийлиги билбей калышы мүмкүнбү?» деп суроо койгон. Тоону кытайга жергиликтүү бийлик бергени менен «жетекчилери» 7-кабатта экени көрүнүп турат, анткени, экология боюнча агенттик кытайлыктардын лицензиясын тартып алуунун ордуна болгону 350 миң сомдук айып пул салып тим болду» деп маалымдады.

Гезит андан ары Социал-демократтар партиясынын парламенттеги мүчөсү Мурат Жураев депутаттык мандатынан гана ажырабастан, партиянын мүчөлүгүнөн да чыгарылганын, редакцияга келген маалыматка караганда, Мурат мырза менен фракция жетекчиси Бакыт Бешимовдун ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуптур деп, Кыргызстанда 50 миңдей окуучу мектеп босогосун аттабайт, ал эми Ош дубаны боюнча 400гө жакын мугалим керек, Жалал-Абадда жагдай мындан да начар, ажонун кичи мекенинде мугалимдердин жетишсиздиги 700гө жетти, себеби чет тилинен бергендер чет өлкөгө, математикадан бергендер Маскөөдө жүрүшөт, анан эмне кылмак элек деп жазды.

«Эл сөзү» муну менен бирге эле Азамат Камчыбек уулунун «Элвира Сурабалдиева чайчыларга эмнеге чапташты?», «Шергазиев шер экен, шефи эмне дээр экен?» деген макалаларын, Азимбек Бекназаровдун «Улуттун да, бийликтин да тагдыры жалпы элдин колунда», Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдуновдун «Убагында мени деле жакшы эле тебишкен» деген маектери тартууланды.

Америка менен Орусиянын «алаканында» турган Кыргызстандын абалын талдоого алган Эртабылды Аттокуровдун макаласы «Эки дөөнүн ортосундагы кара чымын Кыргызстанбы?» деп аталды. «Азыркы күндө АКШ менен Орусия Борбордук Азияда өзүнүн таасирин күчөтүүгө умтулууда, Кыргызстан алар үчүн аскердик-согуштук полигонго айланганы убакыт өткөн сайын ачык көрүнүүдө. Бул биздин тышкы саясатты да, ички саясатты да өз алдыбызча жүргүзүү укугубуздан ажарыганыбызды тастыктап олтурбасын?» деп суроо салган автор «Эркиндиктин алакандай жерде чектелгендиги- өлкөнүн эгемендүүлүгүнөн ажырагандыгы» деген бүтүмгө келет. Анын оюнда, бир кездеги «демократия аралчасы» деп аталган республика бүгүн сырткы күчтөрдүн «согуштук базасына» айланды…

Аскер пенсионер Имарали Кушматов орус тилинде жарыяланган макаласы аркылуу Кыргызстандын коопсуздук маселелерин козгогон. Өлкөдөгү туташ мыйзамсыздык, өзүм билемдик, коррупция менен бюрократия, репрессия коомду ыйман-ызааттан ажыратып, социалдык органзимди талкалап баратканына жаны кашайган. Акыйкаттыкты жана азаттыкты сүйөн кыргыз эли эркиндигинен ажырап калбаш үчүн биригүүчү мезгил жеткенин, парламент элге жасаган интеллектуалдуу «геноцидин» токтотуп, Конституциялык адилеттүүлүктү орнотуусу керектигин, кыргыз улутунун руханий коопсуздугун уратып келаткан ырасмий тил статусу дегенди жоюу зарылдыгын кеп кылган. К. Бакиев менен Конституциялык сот «абстрактуу эл» эмес, конкреттүү адам менен иштей тургандгынын аныктай турган мезгил келгенин кошумчалаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG