Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

Гезиттер негизги макалаларын өлкөнүн саясый-социалдык турмушу, мамлекттик тилдин 20 жылдыгына арнады.

«Агым» гезити президентти туурап өз алдынча реформа жасагысы келген ЖК төрагасы Айтибай Тагаев жумушчу топ түзүп, 193 кызматкердин кызмат ордун кыскартканы калды деп, Үсөн Сыдыков президент түзмөкчү болгон Улутттук кеңешке өз партиясынын кишилерин киргизүү үчүн чуркап жүрөт деп, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров башында турган топ президенттин катчылыгы тараптан соккон шамалга туруштук бералбай, «крышасы» кыйшайып бараткан чагы деп, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун уулу Баткен коогалаңында жапон жарандарын биз бошотконбуз деп айтып келишет, бирок Баткендеги батек сакалдар менен эң алгачкы байланышты айтылуу Садыкжан Камалов жүргүзүп, Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү Өзбек ислам кыймылынын онго жакын өкүлдөрү бошотулуп, алар жапон жарандарына алмаштырылганы жашыруун бойдон кала бергенин, балким анын анык сырын Камалов билип жүрбөсүн деп маалымдады.

Аталган басылма эне тил көйгөйүнө арналган макаласында: «Биз бүгүн Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгын мамлекеттер аралык мамилелердеги ырасмий сүйлөшүүлөрүн өз тилинде жүргүзгөнгө жарамсыз, өлкө башчысынын өзү жазалбаган сөзүн адегенде орус тилинде даярдап, анан айрым бир зарыл деп тапкан учурларда гана кыргызчага келегей, бечел, жүрнары тил менен которо коймой кыныгын алып бүткөн, мамлекеттин иш кагаздары, каттары, чогулуш-жыйындары дагы эле орус тилинин «кишенинен» бошоно албаган, телеканалдарынын 60 пайыздан ашууну жалаң орусча берүүлөрдөн турган, кыргыз бала бакчалары менен кыргыз класстары жыл сайын азайып, четинен жабылып бараткан, Кыргызстандын борбору болгон Бишкекте жалгыз бөлмөлүү 1 гана кыргыз китеп дүкөнү бар, акыркы эки жылдан бери мектептер үчүн кыргыз тилиндеги бир дагы окуу китебин басып чыгарууга жарабаган, кыргыз тилдүү мектептерин окуу китеп менен араң 30 пайыз гана камсыз кыла алган, араңжан, жармач өлкө катары тосуп алуудабыз» деп жазды.

Жарык көргөн «Эл сөзү» гезити Гүлзада Турдалиеванын «Кыргыз тилин жериген кыргыз кыргыз эмес деген», «Кыргыз руху» гезити «Күйгөнүм да, сүйгөнүм да эне тил», «Эне тилдин арманы», «Кыргыз тили болбосо да дүйнөлүк…» деген, «Назар» гезити «Төкөлдөштү «токол» деген Шапиро», « Бөкөнбаев – «Баканбай», Токтогулуң – «Тактагулбу?» кыргызым» деген макалаларын окурмандарга тартуу кылды.

Биз «Кыргыз туусу» гезитинин баяндамачысы Папан Дүйшөнбаевдин ушул эле тил маселесине арналган «Улуттук кайра жаралуу – тилден башталат» аттуу макаласына кыскача токтоло кетели. «Мамлекеттик тилдин өспөгөнүнө кыргыз өзү күнөөлүү» деген жыйынтыкка келген автор коңшу Казакстан менен Тажикстанда мамлекеттин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн эң башкы демилгечилери ошол өлкөлөрдүн президенттери Н. Назарбаев менен Э. Рахмон болушканын, алардын жеке көрсөтмөлөрү, демилгелери менен бул өлкөлөрдө мамлекеттик тил саясаты ийгиликтүү ишке ашып атканын, алардын мындай аракеттерине сырттан эч ким кийлигишпегенин кеп кылат. Журналист Дүйшөнбаев «Бизде гана «жаман жоокерге өз кызматын өтөгөнгө куру жолтоо болот» дегендей мамлекеттик тилде иш кагазадарын жүргүзүү да чейрек кылымдай убакыттан бери чечилбеген маселеге айланууда» дейт. Акаев учурунда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү 2010-жылы аяктайт делсе, эми аны 2015-жылга карата аяктоо пландаштырылууда. Бирок ал деле аткарылбайт. Анткени азыр республикалык мамлекеттик органдарда, Чүй дубанында иш кагаздарын мамлекетиек тилге өткөрүү процесси токтоп, атүгүл көпчүлүк жерлерде кайрадан орус тилине өтө баштаган. «Маселен сиздер Экономикалык өнүгүү жана соода, Өнөржай, энергетика жана сот органдарынан мамлекеттик тилде бир барак кагаз ала аласыздарбы?» деп суроо койгон автор, кайра ага «Жок!» деп өзү жооп берген.

Гезиттердин сабына жаңы кошулган «Кыргыз руху» гезити «Кыргызстандын президенти К. Бакиевге кулак кагыш» аттуу рубрика алдында макалага коомчулуктун назарын бурду. Макала ээси Айзада Абазова кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Рысбектин өлүмүнөн кийин ал «уюкта» Камчы Көлбаев деген ысым пайда болуп, аны менен белгилүү ырчы кыздар, белгилүү ишкерлер, а түгүл айрым аткаминерлер чогуу чай ичишип жүргөндөрүн мактаныч менен айтып калышканын, ошентип Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн башында Камчы Көлбаев турарын баяндайт. Автор андан ары ИИМ министри Молдомуса Коңгантиев жакында көкбөрү боюнча президенттин кубогуна мелдеш өткөргөнүн, чай кайнам убакыт өтпөй ошол эле көкбөрүчүлөр Ысык- Көлдөгү «Көлбай атанын кубогуна» арналган мелдешке катышышканын, анын артында Көлбай атанын баласы – «мыйзамдагы ууру» аты бар Камчы Көлбаев турарын, ошентип өлкөнүн башкы милиционери М. Коңгантиев президент атасынын кубогуна мелдеш өткөзсө, өлкөнүн башкы кылмышкери К. Көлбаев өз атасынын кубогуна мелдеш өткөзгөнүн кеп кылып, демек «жыргаган экенбиз да, эл ишенген милиция тигинтип кылмышкерлер менен табакташ эле болбостон, үзөнгүлөш жүрсө, президент Бакиевге арызданалы десек, президент атабыз тигинтип бул дүйнөгө башкы кылмышкерди тартуулаган Көлбай атага теңелип атса, кайрыла турган деле жериң калбай калды го кыргызым!» деп жазды.

«Назар» гезити Сабыр Муканбетовдун «Кудайдын дачасында» деген макаласына орун Берген.Сабыр мырза: «оппозициянын таш талканын чыгарды» деген Бакиевдин «жеңиши» элдин маанайын катуу чөгөрүп, кабыргасын кайыштырып турганын, элди куугунтуктоо, корокутуп-үркүтүү аркылуу бийликти бекемдейм деп курулай далбастоо реформага да көлөкөсүн тийгизгени калганын талдоого алган. Ал анан Бакиевдердин мамилелери, болчок мураскерди издөө, катчылык тууралуу сөз козгоп келип: «Андыктан Бакиевдин баш оорусу эски оппозиция менен жаңы түзүлөт деп аткан оппозициядан эмес, үйбүлөлүк карама-каршылыктан улам пайда болгон ички кландык кармаштан «жооп» алып калышы мүмкүн. Алардын сааты жетер жерине жетип… Ак-Сай, Арпа, Көк –Ойрок, Алай… дагы нечендеген жерлерди алдырып, айласы куруган эл жапырт көтөрүлгөн кезде келет» деген ойду айткан..

«Эл сөзү» гезити журналист Абдувахаб Мониевдин «Тузу жок саясат же саясаты жок мамлекет» деп аталган макаласын сунуш кылды. Автор Кыргызстандын 1-премьер-министри Насирдин Исановдун шектүү өлүмүн, Бирштейндин иштери менен алтын чатагын, аны алгач депутат Турдакун Усубалиев көтөрүп чыгып, Акаевди алка-жакадан алганын, көп өтпөй бул аксакал да жеке мамилесин чечип алып «жым» болуп, кайра Акаевдин айныксыз жактоочусна айланып кубулганын, акырында өлкөнүн Баш мыйзамын Акаевдин алкымына жараша өзгөртүп бергенге катышкан ошол кездеги депутаттарды, айрыкча Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына чыккынчылык кылганга тете салым кошкон эки аксакал - Т. Усубалиев менен М. Мамакеевдер бар экенин эске салып: «Мамлекеттик кызыкчылыкка чыккынчылык кылган адамдарга – Баатыр наамы! Бул өлкөдө кайдагы келечек, кайдагы улуттук саясат?» деп жаны кейип жазды..

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG