Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Ит кутурса ээсин, баа кутурса баарын кабат


“Дардаңдаган Давыдов, үшүк жүргүзгөн Үсөнов” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачкан “Агым” гезити Жогорку Кеңештин 70 жылдыгы бүгүн “Алтын казына” ресторанында өтүп, бир нече жылкы союларын кулак кагыш кылды да, энергетика жаатындагы жагдайларды талкууга алган макалаларга, ой-пикирлерге орун берди. “Кыргыз руху” гезити Өкмөт башчысы Данияр Үсөновду “жамандыктын жарчысы” деп баалаган гезит “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин “Алкы бузук бийлик адилетсиз баа бычат”деп аталган интервьюсун сунуш кылды.

“Акаев учурунан бери эле электр жабдуулары талкаланып баратканы айтылып келет. Баса экс- президент 2 млрд. доллар карыздын кайда кеткени тууралуу кеп кылып жатып, анын 300 млн. доллардан ашыгын дал ушул электр тармагына жумшадым деген эле. Ага Дүйнөлүк банк кредитке берген 35 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкы берген 27,5 млн. доллар, ж.б. бир катар өлкөлөрдөн келип түшкөн 18 млн. доллар каражат да кирет. Бирок мынча суммага энергетика тармагынын кайсыл таптешиги бүтөлгөнүн бүгүн кимден сурайбыз?” деп суроо койду "Агым" гезити.

Кабарчылар Келдибек Назиров менен Зайырбек Ажыматовдун “Кансыз согуш” деп аталган мына ушул макаласында андан ары КМШ өлкөлөрүнүн көбүндө орточо айлык биздикинен алда канча жогору экенине, ал эми газ өзүнөн чыккан Түркмөнстан өз элин СССР кулагандан бери карай эле бекер газ менен камсыз кылып келатканына окурман көңүлүн бурду.

Буга улай эле Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти, энергетика маселелери боюнча белгилүү эксперт Базарбай Мамбетов тарифтер боюнча ой бөлүшүп, мындай кымбаттатуудан ири алды менен карапайым калк, Ата Мекендик өндүрүш зыян тартарын, Данияр Үсөнов бул цифраларды каяктан алып кымбаттатып атканын түшүнбөй тургандыгын, өкмөттүн тарифти жогорулатуу менен техникалык жабдууларды жаңыртабыз дегени идея жагынан туура болгону менен аткарылышы арсар экенин, себеби тармак коррупцияга белчесинен батканын, кезегинде жабдууларды жакшыртабыз деп Дүйнөлүк банктан 160 млн. доллар алып, ал кайда жумшалганын алигиче белгисиздигин, бүгүнкүдөй оор шартта 6-7 эсеге көбөйтсө да абал оңолбостугун, тескерисинче эми жарыкты уурдамай массалык түргө өтөрүн, буга чейин коммерциялык, техникалык жоготуулар жылына 100 млн. долларды “жутуп” келсе, эми бул “аппетит” 2 эсеге жогоруларын билдирди.

Сөзүнүн аягында Базарбай Мамбетов жакында Орусияда транспорт салыгын 2 эсеге көбөйтүү боюнча Мамдума чечим кабыл алса орус эли нааразылыкка чыкканын, мындан улам орус президенти Д. Медведов “калкка жакпаган мыйзамдын кажети канча” деп мыйзам долбоорун кайра кайтарып алганын мисалга тартты.

Кымбатчылыкты “Кыргыз руху” гезити да талкууга алды. Өкмөт башчысы Данияр Үсөновду “жамандыктын жарчысы” деп баалаган гезит “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин “Алкы бузук бийлик адилетсиз баа бычат”деп аталган интервьюсун сунуш кылды. Текебаев маегинде: “биз чет элдик ири компаниялардын барымтасында калдык. Ошондой эле үйбүлөлүк кызыкчылыктардын, үйбүлөдөгү карама-каршы күчтөрдүн барымтасында калдык” деп айтты.

Ал ошону менен бирге эле акыркы жылдары ТЭЦ үчүн 100 млн. долларга жакын акча анын ремонтуна деп бөлүнгөнүн, бирок ремонт жасалбай эле түшкөн акча таланып, уурдалып жок болгонун, мындан ары деле ошондой боло берерин, анткени коррупциялашкан өлкөдө жеке менчик деген эч качан эл үчүн иштебесин, ал өзү үчүн гана иштээрин, бүгүн бүтүндөй энергетика тармагын жеке менчикке өткөргөнү жаткан бийлик ушул жолго түшкөнүн, тармакты атайылап талкалап, карызды атайылап көбөйтүп, аны сатып алчу кожоюнга өткөрүп бергени калганын кошумчалады. Аны менен журналист Азизбек Келдибеков маек курган.

“Кыргыз туусу” гезити Бишкек шаарындагы Свердлов, 1-Май, Октябрь райондорунун биринин атын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атына өзгөртүү менен анын эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча демилгелүү топтун кайрылуусун карап чыккандан кийин Бишкек архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын № 67 “...географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык шаарга адам аттарын коюуга тыюу салына тургандыгын билдирди деп кабарлады.

Гезиттен ошондой эле академиктер Алтай Бөрүбаев менен Аманбек Жайнаковдун президент К.Бакиевдин реформасын колдогон макалаларын, кыргыз парламентинин кечээгиси менен бүгүнкүсүн кеп кылган баянды, өлкөнүн Баш прокурору Элмурза Сатыбалдиев менен маекти жана башкаларды окуй аласыздар.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин кыргыз парламентин сүрөттөгөн макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор анысында парламент дегендин вазийпасына токтолуп: “...эл башына мүшкүл түшүп турганда эл таламын талашып койбогон парламенттин барынан жогу, кайран гана парламент деген ат, кор болдуң го” деп кабыргасын кайыштырды.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин макаласы “Бийликке олтургандардын көбү эки жүздүү” деп аталат.

Ушул эле санга “Эл арманы” партиясынын саясый кеңешинин билдирүүсү орус тилинде жарыяланды.

Гезит булардан тышкары айрым атуулдардын электр энергиясы менен жылуулукка төлөй турган акы көлөмүнүн жогорулашы боюнча айрым атуулдардын ойлорун да ортого салды.


XS
SM
MD
LG