Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Гезиттер жыл жыйынтыгын жыйнтыктоо менен “эмдиги президент ким болот?” деген суроого да жооп издегенге өтүштү.

“Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Ажонун орду кимге буюрат?” аттуу макаласын жарыялады.

Башкаруу реформасы деп аталган маселени талдоого алган журналист буга чейин болуп өткөн административдик өзгөртүүлөрдүн чоо-жайын иликтөөгө алган. Азыр саясатка сары эсеп салгандардын арасында президент өз ордун баласына калтырганга кам көрүп жатыптыр деген сөз күч алганын мисалга тартып, эл ичинде Бакиевдин балдары эмес, бир туугандары тарабынан да бийликке умтулуу бар экендигин, реалдуу талапкер катары Мамлекеттик күзөт бөлүмүнүн башчысы Жаныш Бакиев менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев мырзанын аттары аталып жүргөнүн, акыркы кездери “Жаныш мырза “Салам” деп аталган партиясы аркылуу парламентке спикер болуп келип, өлкө башчысы милдетин аткара албай калганда анын ордун басат” деген ой-жоруулардан турган маалымат тарай баштаганын, эми минтип өзгөртүү киргизилгени турган жаңы Башмыйзам боюнча спикер болуу вазыйпасы президенттик тактыга отурууга жетишсиз болуп калганын, анткен менен жаңы вариант деле Жаныш мырзанын президент болом деген жолун тосо албастыгын, анткени Президенттик Кеңешме өз мүчөлөрүнөн кимди сунуштай турганы мыйзамда так жазылбаганын кеп кылды.

“Ошентип,-деп жазат андан ары баяндамачы Муканбетов мырза, “ Бакиевдердин кимиси тактыны өткөрүп аларын азырынча айтуу кыйын. Алардын мындай кыялдары ишке ашабы, ашпай калабы, аны Кудай билет. Анын үстүнө ар кандай бийлик анын башындагы адам алмашарда көп жагынан өлкөдөгү саясый кырдаалга жана элдин маанайына көз каранды болот. Ал эми Максим болсо азыр болгону 32де, ал үч жылдан кийин 35 жашка толуп, президенттик ат салышууга ошондо гана укук алат. Андыктан Курманбек Бакиев чукул аранын ичинде эле бийлигин кимдир бирөөсүнө өткөрүп бере койбойт. Эгер аракеттин баары Максим үчүн жасалып аткан болсо, анда Максим мырза алдыдагы үч жылда кандай ишмердикти көрсөтө алат, кеп ошондо. Максим эл оозуна алынгыдай иштерди жасай алса, бийликти өткөрүп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кокус жаманаттысы көбөйүп, жалаң жөөт досторунун алкымы үчүн иштеп калса, анда бийликке жетпейт, ага эч ким да жардам бере албай калат” деп жазып чыкты.

“ Аалам” гезити “Кыргыз оппозициясы журналисттин өлүмү үчүн өлкө президентин айыптайт” деген аталыш алдында Алма-Атадагы көп кабат үйдүн 6-кабатынан ыргытылып өлтүрүлгөн 51 жаштагы журналист Геннадий Павлюктун кайгылуу өлүмүнө байланыштуу электрондук маалымат булагында жарыяланган орус тилиндеги макаланы көчүрүп басты.

Макалада акыркы жылдары Кыргызстанда оппозиция лидерлери менен журналисттерге кол салуу күчөгөнүнө, алтургай айрымдары өлтүрүлгөнүнө, бирок жасалган кылмыштары үчүн жоопко тартылгандар дээрлик жокко эсе болуп келаткандыгына басым жасалган. Маркум Геннадий Павлюктун каргашалуу тагдыры мисалга тартылган.

Макалага улай эле Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо жана өнүктүрүү багытындагы бардык облустук борборлордун, анын уюмдары менен жер-жердеги өкүлчүлүктөрдүн атынан жазылган кайрылуу кат Кыргыз президенти К. Бакиевге, премьер-министр Д. Үсөновго, Жогорку Кеңештин жаңы болуучу төрагасына багышталган. Катта 2009-жыл ичинде ур-токмокко алынган, ал тургай өлтүрүлгөн журналисттер тизмеге алынган. Кыргызстанды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып келаткан мына ушул окуяларга токтолуп, бийликке бул өңдүү иштердин баарын ачык-айкын иликтеп чыгуу талабы коюлган.

Кыргыз керек-жарак коомунун Башкармалыгынын төрагасы Тойгонбай Калматовдун интервьюсу Кыргызстандын энергетикалык тармагына арналды. Калматов Орусия энергетика тармагын мамлекеттен ажыратуу багытындагы акционерлештирүүгө жол бербегенин, ал эми Европанын мен деген мамлекеттери бул сыяктуу стратегиялык объекттилерин менчикке бербей өз колунда кармап турарын, кошуна Казакстан Алма-Ата электр тармагын менчикке берип коюп, карантүндө карайлап калганда кайра 10 эсе кымбатка сатып алганын мисалга алган.

-Сатабыз, бирок мамлекеттин көзөмөлүнөн чыкпайт деп жатышпайбы?-деген суроого Калматов:

- Бул жөн эле элди алдамай. Канттагы цемент-шифер комбинатын менчиктештирип атканда да так ушинтип айтышкан. Менчикке өттүбү, бүттү, менчик ээси аны каалаганындай калчайт. Мамлекет көзөмөл кылат деген болбогон куру сөз. Мен мамлекеттин башында тургандар бул маселени дагы бир ирет терең ойлонуп көрөт деген ишенимдемин,- деп айтты.

“Жаңырык апта” гезити “Келерки жыл элге эмне өзгөрүү алып келет деп ойлойсуз?” деген суроо менен кайрылганда “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев:

-Эл үчүн жакшы деле өзгөрүштөр болбойт. Себеби азыркы бийликтин жүргүзгөн саясаты туура эмес болуп жатат. Энергетика тармагын, эл байлыгын Өнүктүрүү фонду аркылуу чет элдиктерге сатып жатат. Бул чети гана. Эмдиги жылы бийлик менен оппозициянын тирешүүлөрү күч алат,-деп,

ЖК депутаты Бегалы Наргозуев: - Экономикада бир топ жакшы жылыштар болот деп ойлойм, анткени Өнүктүрүү фонду алгылыктуу иштерди жасайт деп үмүттөнөм, - деп,

Саясатчы Топчубек Тургуналиев: - Эл үчүн эң жаман өзгөрүүлөр болот. 1-ден, кымбатчылык, коммуналдык төлөмдөрдүн баасы кудайды карабай өстү. 2-ден, бийлик Башмыйзамды оңдоттуруп, бийликти менчиктештирип, атадан балага калгыдай кылып, аны "ляппай" кошоматчылар аркылуу ишке ашыртат. Ошентип президент кандайдыр бир себеп менен бийликти аркалай албай калса ордуна уулу Максим эч тоскоолсуз олтургандай болот. Муну менен тилибиз да, дилибиз да бузулат. Себеби Максим киргиз да, кыргыз да эмес. Буга эл чыдабайт. Мен ушундан улам келерки жыл жаман өзгөрүүлөрдү алып келерин сезип турам,- деп жооп берди.

Ушул эле гезитке жазуучу Токтобай Мүлкүбатов белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов менен маек курду. Маек “Жөөттөр бийликке келсе кыргыз тентип кетет” деп аталат. Анын жандырмагын чечмелеген Бегиш мырза Кумтөр, Макмал алтынынын эсебинен байыган А. Машкевич улутташы А. Бирштейнди таап алып, дүйнөлүк олигархка айланганын, анын төрөлүп-өскөн Кыргызстан үчүн жардам берейин деген кымындай ою жоктугун, Акаев да ошол алтындан кымтып алган байлыгы менен Максөөдө чардап жүргөнүн, жөөттөр бийликке аралашканы үчүн Кыргызстандын экономикасынын кешиги кедейип, жаштары ар кайда тентип кеткенин кепке алган.

Түндүк-түштүк маселесине жооп берген Бегиш мырза, мындай жасалма бөлүнүү тарыхта болбогонун, жатындаш эки бир тууган Тагай менен Адигинеден тараган эл эч качан экиге бөлүнбөстүгүн, бүгүн мектепте дал ушул тарыхты окутуу керектигин баса белгилеген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG