Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Гезиттер негизги макалаларын Ынтымак Курултайына арнады.

“Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча мамлекет башчысынын элге кайрылуусу жана удаалаш чыккан жарлыгы калайык-калкта бир топ жанданууну пайда кылды” деп жазган “Кыргыз туусу” гезити жаңы санын өзүнүн башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун “Улуттун келечегине утурлай чакырылган курултай” деген макаласы менен ачты.

Тарыхчы К. Молдокасымов: “ХVIII кылымдын орто ченинде калмак баскынчыларын Ата Журтубуздан кууп чыгуу маселеси талкууланса, ХIХ кылымдын 40-жылдарында Аксы-Талас аймагында өткөрүлгөн курултайда Бухара баскынчылыгынын мизин кайтарып, Ферганадагы мамлекеттүүлүктү сактап калуу маселеси талкууланып, чечим кабыл алынган” деп жазуу менен тарыхый урунттуу окуяларды эске салып: “Аймактан шайланып келген ар бир делегаттан ошол чөлкөмдөгү элдин деңгээли көрүнот. Көшөкөрлөнгөн кошоматчыларбы, ойду-келди сүйлөгөн бир байкуштарбы же олуттуу маселе кое билген ойчулдарбы, кара кылды как жарган калыстарбы, айтор элдин уюткусу кандай экендиги дал ушул курултайда билинет”, - деп жазды.

Гезит буга карата айрым жарандардын үн кошууларын да жарыя кылды. Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева: - Биз көз карандысыз мамлекет болгондон бери улуттук өзгөчөлүгүбүздү так аныктай албай келдик. Эмдиги маселе, курултайга делегатты шайлоодо жер-жерлердеги чиновниктер тааныш-жакындарын эмес, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон жарандарды тандоолору керек. Кээ бирде кайсы бир жетекчинин пикирине атаандаш оюн билдирип койгон адамды дароо эле оппозиция көрүп алып шайлабай коюшат. Эми биз мурдагыдай дүжүрлөрдүн же жөн эле ким эмне сөз айтар болду экен деп кызыгып келгендердин жөндүү маселе көтөрө албасын түшүнгөндөй болдук, - деген оюн айтты.

Мударис Кусейин Исаев: -Тилекке каршы март ыңкылабынан кийинки беш жыл бою жалаң саясат менен алектенип, Теңирден бери келаткан акыйкатчылык, адептик, теңдик, калыстык, чынчылдык сыяктуу элибиздин керемет салттарынын негизинде улуттук нарк, салтты, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, элдин бейпилдигин камсыздаган кел-кел заманынын босогосун аттай элекпиз - деп, алдыдагы ынтымак курултайы ушул багытта өз тарыхый ордун ээлеп, нагыз улуттук демократиянын өнүгүшүнө кызмат өтөйт деген ишеними бар экенин билдирди.

“Назар” гезити да ынтымак курултайы боюнча бир катар оппозиция өкүлдөрүнүн ойлоруна орун берди.

Алмазбек Атамбаев: - Ынтымак курултайы орусча жазылган. Андагы маанисинде “Курултай согласных” деген бардыгына макул болгондордун курултайы дегенди билдирет. Бул бийлик эл тарабынан шайлана турган институттардын баарын талкалап, эч ким ишенбей турган деңгээлге жеткирди. Ыраматылык Түркмөнбашы да учурунда Халк Маслахаты дегенди түзүп, өзүнүн оюна келгенди жасап, өз китебин Курандан да жогору койгон. Булар да ошондой кылабыз деген үмүттө окшойт.

Эмил Каптагаев: - Президент К. Бакиев чакырып жаткан Ынтымак Курултайы коомдогу ынтымак курултайы болоруна ишенбейм. Анткени ага бийликтин айтканын эки дебей колдоп келаткан кошоматчылар гана чакырылат.

Роза Отунбаева:- Бул Түркмөнбашы салган жол. Бүгүнкү бийлик бизди ошол 2000-жылдагы Түркмөнбашынын деңгээлине жеткирип койду.

Темир Сариев: - Ынтымак курултайында негизги күч болгон саясый партиялардын орду жок болуп калган. Эгерде биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясый күчтөрдү да чакырышыбыз керек эле.

Азимбек Бекназаров: - Президент түзөм деген курултай Конституцияга каршы келет. Башмыйзамдын 23-статьясынын 2-беренесинде Курултай өткөрүү президенттин укугуна кирбейт, бул жарандардын угугу деп жазылып турат. Бул дүжүрлөрдүн тобун көбөйтүүнүн гана амалы. Кудай буйурса кыргыз эли 750 дүжүрдүн жүзүн көрөт.

Ушул эле гезит бүгүнкү санына “Алайлык аксакалдардын кыргыз элине, (буга бардыгы 230 адам кол койгон) жана президент К. Бакиевге (1300 адам кол койгон) Алай элинин кайрылууларын басып чыгарды. Эки кайрылууда тең генерал И. Исаковдун акыйкатсыздык менен камалганы туурасында баяндалып, аны тез арада абактан чыгаруу өтүнүчү коюлган.

“Форум”
гезити да негизги макаласын 23-мартка белгиленген Ынтымак Курултайына арнады. Журналист Кенжебек Токторов “Азыркы бийликтин алдыдагы курултайы элге эч пайда алып бербейт. Мына өткөндө парламент казактарга камкордук көрүп 58 гектар жерибизди “энчилеп” берип салды, Кара-Бууранын үстүндөгү Ой-Кайың деген керемет жерибизге жетпей, ал жакта калган ата-бабаларыбыздын мүрзөсүнө куран окуй албай жатканыбызды Каркыраны казактарга кармата берген ушул депутаттарыбыз билер бекен? Эртең эле Ташкен бийлиги “бизге бергиле?” деп чыгат, айтор азызркы парламент мөөнөтүнүн этегине чыкканча, жерибиздин да этегине чыкпсак болду” деп кабыргасы кайышкан.

Гезит андан ары “Башмыйзам. Курултай. Ижара” деген баштеманын алдында бир катар атуулдардын ой-пкирине окурман көңүлүн бурган. Алар гезиттин үч суроосунун бири болгон: -Ысык-Көлдөн 58 гектар жердин казактарга 49 жылга ижарага берилиши эмнени билдирет?- деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп беришкен.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: -
Данияр Үсөнов бизнесмен катары көлдөгү 2 лагердин ордуна келиштире коттеждерди куруп, казактарга сатып, жол салып койду. Кыргызстандын банк, кредиттик, туристтик тармагы бүтүндөй казактардын кызыкчылыгынна багытталып калган. Бүгүнкү күндө 58 гектар гана эмес, 14 пансионат, Каркыра, Хан Теңири казактардын колуна өткөн.

Генерал Мирослав Ниязов: - Кыргыз төбөлдөрү жер менен ойногонун токтотсо болот эле. Жерибизди оюнчукка айландырып алдык.

Өндүрүшчү Орозбек Дүйшеев: - Иштетилбей жаткан жерлерди ижарага берип пайда табууну көздөп жатканы туура эле.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев: - Кыргызстан Казакстанга көз каранды. “Матрешка” окуясы, өзгөчө Павлюктун өлүмүнөн кийин ого бетер көзүн кароого өттү. Казак бийлиги Павлюкту Кыргызстандын атайын кызамты өлтүргөн деген маалыматты кыйытып койду. Менин оюмча, көлдөн 58 гектар жерди ижарага берүүсү ушул маселелердеги коркок-билиштиктен кабар берет.

Мударис Кусейин Исаев: - Көлдүн кайсыл жеринен жер берилип жаткандыгы тууралуу толук маалыматым жок.

ЖК депутаты Бегалы Наргозуев:
- Көлдөгү жерлерди Казакстанга ижарага берүү жөнүндөгү келишим Акаев убагында түзүлүп, аны мурдагы жылы парламент колдоп бербеди беле.

Ушул эле гезитке генерал И. Исаковдун бир тууган карындашы Элмира Турганбаеванын “Апама 3 жылга эле камалды деп койдук” деп аталган интервьюсу жарык көрдү. Маегинде Элмира айым алайлык элдин духу күчтүү экенин, бүгүнкү күндө мөөнөтсүз акция баштайбыз деп акимге кат жолдоп, Ош-Алай жолуна жүрүш жасарын эскертишкенин, Исаков менен партиялаш, үзөңгүлөш жүргөн, учурунда Алай элинин батасын алышкан Үсөн Сыдыков, Досбол Нур уулу, Адахан Мадумаровдор бир жолу басып келбегенине эл аябай нааразы болуп, алтургай тескери баталарын берип атышканын айтып чыкты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG