Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Т. Акун: “Бакиевге өмүр бою ыраазымын”


Акыйкатчы Т. Акун "Асман kg" гезитине берген маегинде президент Бакиевге өмүр бою ыраазы экенин айтты.
Акыйкатчы Т. Акун "Асман kg" гезитине берген маегинде президент Бакиевге өмүр бою ыраазы экенин айтты.

Кыргыз тилдүү гезиттер бүгүн эмнелер жөнүндө жазышты?


“Асман kg” гезитине “Бакиевге өмүр бою ыраазымын” деген ат менен акыйкатчы Турсунбек Акундун маеги басылды. “Бакиев ошол эле Жекшенкуловду, Исаковду кызматка койду. Мени койду эле, Акүйгө олтуруп алып кайра өзүн сындап жүрбөдүмбү, кайра омбудсмен кылып койду. Мен өзгөрбөй эле келатам, кызматтан кеткен күндө да, президентке өмүр бою ыраазымын. Азыркы бойдон акты ак, караны кара деп кала берем. Мамлекетти башкаруу чоң искусство, Акаев баарын талкалап качып кеткенде бул киши кандай мамлекетти колго алды эле. Анан ойлонбой эле кет дей беребиз” деди ал.

Ушул эле гезитке “Бул курултай парламентти тарката албайт, бирок...” деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин интервьюсу жарыяланды. Курултай тууралуу кенен кеп кылган Эркебаев ага бийликке түздөн-түз баш ийген гана адамдар келгени жатканын, анткени 440 айыл өкмөтүнөн бирден киши келе турган кылып койгонун, мурда айыл өкмөттөрүн эл шайлап келсе, азыр андай эместигин, мындан тышкары президенттин жеке укугу менен чакырыла турган 150 киши да анын өзүнө жаккан адамдардан тизмеленерин, мындай болгон соң курултайдын курамы бир жактуу гана болуп каларын талдоого алган.

“Айат пресс” гезити Садыр Мырзабаевдин “Дүйнөлүк кризис дагы күчөшү ыктымал” деген ат менен маегин жарыялады. Экономист мырза экономикалык маселелерди талдоого алуу менен Кыргызстанда экономика өнүгүп жатат деген менен ал реалдуу турмуш менен байланышы жоктугун, анткени экономика өнүккөн жерде эл турмушу жакшырарын, бизде андай жакшыруу байкалбай жаткандыгын баяндаган. Экесперт андан ары кумшекердин 1 килограммынын баасы 50 сомго чыкканын, чүйлүктөр Кайыңды кант заводу иштей баштаганда жабыла кызылча айдаса, завод сатып алуу баасын төмөндөтө берип, азыр дыйкандар кызылча айдабай калганын, Кыргызстандын экономикасындагы бирден бир жетишпеген жагы өндүрүш ишканаларынын иштебегендигине байланышканын, ушинтип отурсак 10 жылдын аржак-бержагында мамлекет отуруп каларын эскерткен. Мындай шалтурук абалда калбаш үчүн чет элдик кредиттерди өндүрүшкө салуу зарылдыгына, түштүктө пахта, тамеки, түндүктө кызылча, төө буурчак, малды өнүктүрүүгө көңүл бурмайын Кыргызстандын иши алга жылбай тургандыгана токтолот.

Кинорежиссер Темир Бирназаровдун маеги “Кыргыз киносу мителерден арылмайын өнүкпөйт” деп аталат. Ал “Кыргызфильм” киностудиясынын оорусу буга дейре ачык айтылбай келип бүгүнкү оор абалга жеткенин, коррупция кино тармагына да тамырын жайганын, мисалы киностудиянын эски жана жаңы эки чоң аянты бүгүн чачтарач, кафе, автоунаалар токтоочу, аларды ремнттоочу жайларга, мебель чыгаруу цехине айланганын, алтургай адамдар батир кылып жашап аткандыгын ачыкка чыгарган. Темир Бирназаров ал жерге күнүнө 80дей машина токтосо эле ар биринен 20 сомдон жыйнаганда айына 60 миң сом, жылына 720 миң сом жыйналарын, бирок бул акча азыр кимдин чөнтөгүнө түшүп жатканын эч ким билбестигин айтат.

“Кыргызфильм” киностудиясы кино тартчу жай болбойле ижарага берилип, бир ууч топтун пайда көрчү жайына айланып калганын, киностудия деректири Бакыт Карагулов учурунда 1-президент Акаев, анын жубайы М. Акаева тууралуу даректүү жакшы фильмдерди тартканын, жыйынтыгында ага “Эл артисти” наамы берилип, “Кыргызфильмге” деректир кылып коюшканын, эми ал “Жусуп Бакиев атындагы фонддун” жардамы менен бир кино бүтүрүп, дагы тартканы жүргөнүн, эң өкүнүчтүүсү киного келген жетекчилердин баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жегичтер болуп келатканына кейиген.

“Учур” гезити парапсихолог Мелис Карыбековго жолугууну самагандар көп болуп аткандыктан ага СМС аркылуу байланыштырып, жооп алып берүүгө убада берген маалымат менен жаңы санын ачты..

Гезит мамлекет башчысы тарабынан Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору өлкөнүн заманбап өнүгүшүнүн талаптарына толук даражада жооп бербейт деген бүтүмгө келген СДПКнын депутаттык фракциясынын аталган долбоорго карата көз карашын жарыялады. Анда Конституцияга өзгөртүү кийрүүгө сунуш кылынган 4 берене талдоого алынган.

“Жаңырык апта” гезити генерал И. Исаковдун карындашы Элмира Исакованы кепке тарткан, Элмира Сопу-Коргондо 300дөй адам митинг өткөрүп, Бүлөлү айылын көздөй жөнөгөнүн, эл толкуну мындан да көбөйөрү ыктымалдыгын кечээ түрмөгө кирип Исмаил Исаковго жолугуп чыкканын, кайраты мурдагыдан да жакшы экенин, аягына чейин күрөшөрүн, кыжыры келгендер дагы күчөшү мүмкүндүгүн, анткени бийлик Исаков окуясынан кийин элге жек көрүндү болуп калганын айтып берген.

Академик Омарбай Нарбековдун гезиттин өткөн санында жарыяланган маегинин корутунду бөлүгү жарык көрдү.

“Кыргыз коомчулугунда уруу-урууга бөлүнмөй күч алды” деген суроо менен бир катар саясатчыларга суроо салганда алар бөлүнүүнүн акыры мамлекетти ыдыратып, улутту жок кылат деген жыйынтыкка келген.
XS
SM
MD
LG