Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Баяндамабыз негизинен орус тилдүү гезиттер аркылуу болмокчу.


“Дело №...” гезити “Жылдын чатагы” деген рубрика алдында чөнтөк телефондордун баарынын баасы бир убакта дароо 60 тыйынга кымбаттаганын талдоого алган макала менен жаңы санын ачты.

“Өлкөнүн башкы антимонопольщиги болгон Надырбек Турганбаев баасын 60 тыйынга көтөргөн 4 компаниянын операторлору монополисттерге киреби же жокпу деген суроону чече албай башын катырып олтурат...” деп макаласын баштаган гезит бул боюнча айрым абоненттердин ойлоруна орун берген.

“Билайндын” кардары, ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков:- Бул өтө маанилүү маселе. Ушу кезде чөнтөк телефонун пайдаланбаган адам аз. Анын үстүнө байланыштын башка түрү болбогон айыл жерлери менен жаңы конушта жашагандардын жалгыз куралы ушул телефон. Эми “а” деген сөз айтыш үчүн да 60 тыйын төлөшүбүз керек экен. Мунун өкмөт тез арада кайра ордуна коюшу керек.

“Билайн” менен “Феникстин” кардары, ЖК депутаты Галина Скрипкина: - Аябай жаман болду. Эчтекеден эчтеке жок эле өз билгендериндей кымбаттатып салышты. Буга чейин эле жылуулук менен электр энергиясы кымбаттабады беле. Аталган компаниялар кандайча кымбаттаганын тастыктай турган бир дагы документ сунуштай алышкан жок.

“Мегакомдун” кардары Ирина Карамушкина:
- Булар биз өңдүү кардарларды каратып туруп алдап жатышат. Мамлекеттин байланыш агенттигинен сурасак, компаниялар менчик болгондуктан алардын ишине кийлигишкенге акыбыз жок, алар бизге баш ийбейт дейт. Алар анда деги кимге баш ийет? Кыргызстандын аймагында иштеп аткандан кийин Кыргызстандын мыйзамына баш ийиши керек эмеспи.

“Мегакомдун” кардары, ЖК депутаты Юрий Данилов: - Эмне айтарымды да билбей турам. Алишер Сабиров айткандай аларды эркелетип олтура бербестен, лицензияларынан ажыратып салуу керек.

“Мегакомдун” кардары, ЖК депутаты Эрнест Акрамов:-
Бул кезектеги эле куулук-шумдуктун бири. Аталган компаниялардын эл менен эсеби да жок, жергиликтүүлөр болсо алардын жетекчилери менен машташып алган.

Гезит андан ары чөнтөк телефондорунун сүйлөшүү баасын 60 тыйынга көтөргөн тараптардын жообун да жарыялады.

Макаланын корутунду бөлүгүндө аталган басылма эсеп-кысабына окурмандардын көңүлүн бурду. Маселен күнүнө 10 жолу звандаган адам ар бир сүйлөшкөнүнө 6 сомдон кетирсе, айына 180 сом чыгымдайт. Төрт компаниянын кардарларынын саны болжол менен 3,5 миллионго жетет. Демек булардын 1 айда тапкан таза кирешеси болжол менен 630 млн. сом же 14 млн. доллар. Муну 1 жылга көбөйткөндө - 7 млрд. 560 млн. сом же 172 млн. доллар болот. Ошондо Кыргызстандагы чөнтөк телефондорго кожоюндук кылган 4 компаниянын ар бири эле жылына – 42 млн. доллардан пайда таба тургандыгын жазып чыкты.

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен жаңыдан жарыкка чыга баштаган “Нур эл” аттуу гезит сатууга түштү. “Улуттук идеологиянын тамыры каякта?” деген суроо койгон макаласында журналист Абдымамбет Сариев улуттук каада-салт маселесин козгогон. Өлкөнүн Башмыйзамына токтолгон автор бул мыйзам кулк-мүнөзү, жашоо-тиричилиги башкача улутттар жашаган өлкөлөрдөн көчүрүлүп же ошолордукуна окшоштурулуп жазылгандыктан Кыргызстан үчүн, жалгыз кыргыз эли үчүн иштебей, чоочун жердин топурагында өскөн өсүмдүктөй куурап каларын турмуш 90-жылдардан бери көрсөтүп келатканын баяндаган.

Гезит айрым атуулдарды чакырып, кереге кеңеш өткөрүп, курултай дегендин аты, заты кандай болуш керектигин талкууга алган. Талкууга окумуштуулар, тарыхчылар, журналисттер, тагыраак айтканда Кадыр Кошалиев, күүчү Нурак Абдрахманов, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, мударис Кусеин Исаев, тарыхчы Орунбай Ахмедов катышкан.

Гезит бул санында Насыйкат Сакыеванын “Манас – Жогорку акыл эс”, Чүй университетинин мугалими Саадат Муратованын “Манас – кыргыздын баатыры” деген иликтөөлөрүн да тартуулады.

Окумуштуулардын болжолу боюнча жакынкы жылдарда Кыргызстанда суунун каатчылыгы чыгышы ыктымал. “МК Кыргызстан” гезити техникалык эксперт Ахмет Жүндүбаевдин маегин басты. Эксперт келерки жайда деле электр энергиясы өчүрүлө баштарын сөз кылуу менен өлкөнүн көмүр өнөр жайын өндүрүү унутта калганына көңүлдөрдү бурат. Ири ГЭСтерге караганда ТЭЦтерди куруу ыкчам натыйжаларды берерин, ГЭСке караганда ТЭЦ ылдам куруларын айтат. Ахмет мырза андан ары Кыргызстанда келечекте АЭС (атом электр станциясын) куруу жагын да ойлонуштура турган мезгил келди деп эсептейт.

Гидроэнергетиканын келечегине ой калчаган адис бүгүн бүтүндөй Борбор Азия жаңы ГЭСтерди курмакчы болуп аткан Кыргызстан менен Тажикстанга Өзбекстан кандай кысым көрсөтүп атканын байкап турганын, ошол эле убакта кытайлар менен америкалыктар Тажикстанга кубаты 1500 меговаттык жылуулук электрстанциясын куруп берүүгө кызыктар болуп атканын биздикилер эстеринен чыгарып коюшканын эскерет. Эгер бул курулуш ишке ашып калса Тажикстан электр энергиясы менен өзүн эле камсыз кылып тим болбостон, ашыгын Кытайга, Ооганстан менен Пакистанга туруктуу сатып пайда көрөрүн белгилейт. Кыргыз суусуна күнүбүз түшпөсүн деп казактар суу сактагыч куруп алганын, эми биздин ГЭСтерден кышы бою агып чыккан бекер сууга алардын суу сактагычы толорун, ошентип жайкысын казактар кыргыз суусуна муктаж болбой каларын, мына ошентип коңшу өлкөлөр энергетика маселесин өз элине, өз өлкөсүнө пайда келтиргидей кылып чечип жатса, Кыргызстан стратегиялык жактан дагы эле алсыздыгын көрсөтүп, уттуруп келатканына кеп кылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG