Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Кайыш тон кийгендер жана кайыш тилгендер


Гезиттер бийлик жүргүзүп келаткан саясатты сынга алышууда.

“Жаңырык апта” гезити журналист Алым Токтомушевдин “Монополия” деген макаласын сунуш кылды. Автор мамлекет энчисиндеги маанилүү деген тармактар каякка, кимдердин колуна кетип жаткандыгына токтолот. Токтомушев: “Кечээ Максим Бакиев ЦАРИИге жетекчи болуп дайындалганда табышмактуу инвесторлор “Жерүйалтынды” башкаруу укугун Максимдин Өнүктүрүү фондуна бекер тапшырып чыга берди. “Жерүйалтын” Өнүктүрүү фондуна өткөнүн компаниянын башкармасы да билбейт экен. Аны компаниянын төрага орунбасары К. Турсалиев айтты деп бийликчил гезит МСН жазып чыкты. Ооба, “Жерүйалтындын” чыныгы ээси Бакиевдер өзү жана азыр анын айланасына топтолгон чакан топ" деп жазды.

Алым Токтомушев “Айылда – толкун, борбордо – талкуу” деп атлган дагы бир макаласын “Саясый репрессия күч алды. Кыргыз жери чекесинен кертилип, башка мамлекеттерге сатылып жатат. Өлкөнүн стратегиялык ишканалары, жаратылыш байлыктары шектүү күчтөрдүн колуна өттү. Ансыз да жакыр элдин жонунан тирүүлөй кайыш тилүү кадимки мамлекеттик нормага айланды.. Бийлик эл менен да, коомдук пикир менен да эсептешпей, өз билгенин кылууда. Эмне үчүн?” деп суроо коюу менен кайра ага эл канча жылдан бери кутула тажап, жоготууну зар какшап келаткан “... үй-бүлө бийлиги кайрадан реформа терисин жамынып, ансыз да талкаланган, таланган өлкөнү кайрадан талап-тоноого өттү” деп жооп берди.

Андан ары ал бийликтин жүргүзүп аткан саясатына каршылык көрсөтүп келаткан коомдук уюм өкүлдөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу талашып-тартышууларына, тигил же бул маселелер боюнча айткан-дегендерине, көз караштарына түшүндүрмө берген. Автор макаласын аяктап баратып: “Ак жол” Ата Мекенди саталы десе, макул болушу ыкытымал, бирок президент Бакиевдин үй-бүлөлүк саясатынын чаңын үйлөп, датын сүртүүгө башын алса да бара албайт. Анткени алар бар болгону үй-бүлө жоокерлери” деп белгиледи.

Аталган гезит “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиевдин “Данияр Үсөновго Россия өкмөтү далысын салды” деген макаласын көчүрүп баскан.

Тарифтердин кымбатташы кабарчы Семетей Талас уулунун макаласында сөз болот. “Эгер 3-4 бөлмөлүү үйдө жашаган бир үй-бүлөдөн бирөө гана иштесе, алган айлыгынан айына 6 миң 625 сом болгон жылуулук үчүн төлөсө, ал кайсы акчасына нан жейт? Бала-бакырасын кантип багат? Буга кошумча коммуналдык төлөмдөргө 1500 сомдой кетет. Ушулбу, бүгүнкү бийликтин же “башкоммерсант” Д. Үсөновдун элдин ойлогон саясаты?” деген суроону койгон.

“Учур” гезити “№1 тергөө абагында жаткан жеринен генерал И. Исаковду 19-колонияга которуу боюнча маалымат беришти, ошол эле учурда алайлыктар Бишкекке жөө жүрүшкө даярданып жатканы маалым болду” деп, “Курманбек Бакиевдин Германияга дарыланууга кеткени боюнча имиш кеп тарады” деп, “... жакында “Компромат” аттуу кыргыз тилдүү гезит жарык көргөнү жатыптыр” деп, “ Акүйдүн Ынтымак Курултайынан кийин Максим Бакиев ЦАРИИдеги иштерин жыйыштырып Орусияга кеткени жатыптыр” деген кеп козголо баштады. Бир эсе ажонун бир туугандары да Максимдин Орусияга кетишине кызыктар деген сөз бар. Себеби негизги байлыктар менчикке өттү, болор иш болоду, “бектер кетет- эл калат, бетеге кетет-бел калат” деген ушулбу?” деп, “Карт бөрү”, эски “партбосс” Үсөн Сыдыков революциянын 5 жылдыгын майрамдоо боюнча уюштуруу комитетин жетектегени жатыптыр дейт. Кызык, кайсы жетишкен ырыстарына майрамдашат, ыя?.. Исмаил Исаков менен Эркин Бөлөкбаев түрмөдө жатса, Баяман Эркинбаев өлтүрүлсө, Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Дүйшөн Чотонов, Рыскелди Момбеков куугунтук азабын тартышууда” деп кабар таратты.

Ушул эле гезит Албан Улан аттуу автордун “Куштун кош канаты” деген макаласын жарыялады. Макалада революциядан кийин такка минген бийлик, Бакиев жана анын саясаты, саясатчылар, элди түндүк-түштүккө бөлүү тууралуу баяндалат.

Журналист Бахтияр Шаматовдун “Аалам” гезитиндеги макаласы “Курулуш токтоп, “маалымат согушу” башталдыбы?” деп аталды. Автор макаласында биргелешкен кыргыз-түрк “Сунтар-Бишкек” курулуш компаниясына Баш прокуратура тарабынан “ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу” деген айып коюлуп, иш козголгонун, азыр тергөө амалдары жүрүп жатканын, компаниянын президенти, түрк жараны Юсуф Орхан куруучуларга төлөп бере турган карыздарынан кутулуунун ордуна ак-караны ажыратпай туруп жазган айрым кыргыз тилдүү гезиттер аркылуу курулушту каржылап аткан заказчик “УК РИНЭК” компаниясына каршы “маалымат согушун” ачканын баяндады.

Ушул эле сандагы “Сарбагыш уруусунун 1-Курултайы” деп аталган макала журналист Койчуке Канаевдин калемине таандык. Автор макаласын аяктап баратып: “Сарбагыш уруусунун курултайы, башка уруулардын курултайлары уруулук аң-сезимдин, уруучулдук курумдун азыркы күндө да кадимкидей өкүм сүрүп, аракеттенип жаткандыгын күбөлөп турат. Бул көрүнүштүн мындан аркы өзгөрүү процессин цивилизациялуу жолго салуу, аны коомдун, мамлекеттин өнүгүү максаттарына пайдалануу үчүн эмнелерди жасоо керек – кеп мына ушунда турат” деген ойду айткан. Андан ары Оң канаттын координатору К. Дүйшөбаевдин, коомдук ишмер Д. Сарыгуловдун, Ичкилик урууларынын координатору О. Ахмедовдун, коомдук ишмер К. Иманалиевдин ойлоруна орун берилген.

“Биздин көптөгөн азап-тозокту көргөн элибиз үчүн Курманбек Бакиев кандай лидер болорун мезгил, тарых тастыктайт. Анын тарыхы жаңыдан жазыла баштады. Бирок азырынча бир нерсе айкын: Курманбек Бакиев эч кандай саясый-технолог-пиарщиктерсиз эле өзүн өзү жаратууда” деп айтты саясат таануучу Калнур Ормушев гезит кабарчысы менен маегинде. Андан ары ал: “Кээде Акүйдүн эң бийик кабаттарына адамдардын кандайча барып калгандарын түшүнбөй каласың. Жүргүнчүлөрү жалпы элден турган Кыргызстан деген машинаны ушулар башкарып жатат. Бул өңдүү мамлекеттик зор машинанын рулун мындай кой, шаардык автобустун айдоочусунун да ошол машинаны айдай ала турган деңгээлдеги күбөлүгү болууга тийиш.. Ошондуктан биз ар бирибиз бизди кимдер башкарып баратканын, алардын бизди башкарууга “күбөлүгү” же укугу барбы же жокпу ушуну жакшылап бийлиүүгө тийшпиз” деп айтты.
XS
SM
MD
LG