Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Суу жомок


Бүгүн бир гана “Форум” гезити жарыкка чыкты.

Чын эле Токтогул суу сактагычында суу тартыш болду беле?

“Назар” жана “Ачык саясат” гезиттери сотко берилгендигин өткөн жумада басылманын башкы редактору Бабырбек Жээнбеков билдиргенин кабарлаган элек, ошентип аталган гезиттер бүгүн чыкпай калды.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Саясый “сойкулукпу” же саясый бечелдикпи?” деген макаласын жарыя кылды. Мында президент К. Бакиевдин Россия менен жүргүзүп келаткан мамилеси сынга алынса, Улуу Биримдик улутчул-демократиялык партиянын башчысы Эмил Каптагаевдин энергетика маселесин талдоого алган макаласы “Бийлик жомоктору жана “ачуу чындык” деп аталат.

Макалада учурунда “Свободная пресса” басылмасынын кабарчысы Александр Бушев:

- Кыргызстандын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң болуп туруп, энергетикалык кризис кайдан чыкты?-деп сураганына президент Курманбек Бакиев:

- Бүгүнкү күндө республикада электр энергиясынын өчүрүлүп жатышынын башкы себеби – суунун тартыштыгы,- деп жооп берген.

Мына ушуну мисалга тарткан Эмил Каптагаев, бул жөн эле жомок экендигин суу проблемаларын иликтеп келаткан окумуштуулардын айткан төмөнкүдөй далилдери менен бекемдеген.

Маселен академик Дүйшөн Маматканов: - Нарын дайрасында суунун тартыштыгы жок. Токтогул суу сактагычындагы сууну иштетип салышкан.

Суу проблемалары жана ирригация Институтунун жетектөөчү адиси Лариса Бажан: - Токтогул суу сактагычына келип куюучу Нарын дайрасын жана башка өзөн-сайлардын сууларына анализ жүргүзүп чыккандан кийин 2008-жылы да, андан кийинки жылдары да да эч кандай суунун тартыштыгы байкалган эмес. Ал тургай чындап кургакчылык болгон 82-86- жана 89-жылдары да электр жарыгын өчүрүү жөнүндө ой эчкимдин башына келбеген.

Энергетика боюнча белгилүү адис, академик Карыпбек Алымкулов баш болгон көзкаранды эмес адистер даярдаган отчетто:- 2003-жылы суу мол болду. 2004-2006-жылдары суунун көлөмү 18,8 млрд. метр кубдан түшкөн жок. Ал эми 2007-жылга карай суу сактагычтагы суу кандайдыр себептер менен агызылып жиберилген. Ошентип 2008-жылдын 1-апрелине карата 6,5 млрд. метр куб суу калган. Демек бир жарым жылдын ичинде же 2006-жылдын октябрь айынан 2008-жылдын апрелине чейин Нарын дайрасынын табигый агымынан сырткары 12 млрд. метр куб суу кое берилген. Демек электр энергиясынын тартыштыгынын себеби суунун аздыгында эмес, ошол суу ресурстарын башкарууда,- деп айтылган.

Автор ачуу чындык ушундайлыгын, 3 жылдан бери карай тезек терип, кышы менен тоңуп, чырак жагып отурганыбыздын башкы себеби - уурулук болуп жаткандыгын, Токтогул суу сактагычынан бери дегенде эле 6 млрд метр куб суу уурдалганын, Акүй аткаминерлери күнөөкөрлөрдү жазалоонун ордуна асмандагы аба-ырайына шылтап, калп айтканын, анын башкы себеби эле - эксперттер эсептегенде 5 млрд. киловатт саат же 100 млн. долларлык энергия уурдалып жок кылынганын, бийлик ушул уурдалгандарды жабуу максатында “өчүрүү, суу аз, техникалар эскирди” деген жөө жомокторду ойлоп тапканын ачыкка чыгарды.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын “Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын” деген ат менен маегин тартуулады. Маегинде Элдик Курултайдын чечимдерин ишке ашыруу боюнча Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы оппозиция зордук-зомбулукка таянбастан эл аралык принциптерге, моралдык-руханий баалуулуктардын күчүнө таянып иш жүргүзөрүн, Бакиевдер элди коркутуп, жаштарды сабап, лидерлерди камап, бийликти сактап калабыз деп турушканын, Бакиев өзү айткандай “бийлигимди автомат менен коргойм” деп бардык күч органдарын ошого даярдап жатканын, бирок аларга “коркпой эле үстөлүңөрдү кучактап олтура бергиле, элдик бийлик бул силер булгаган кабинеттерде эмес, элдин жүрөгүндө деп айтарын” билдирген.

Роза Отунбаева андан ары азыркы бийлик аягында өзү менен өзү каларын, мына бүгүн эле бир топ жогорку эшелондогу чиновниктер оппозиция менен мамиле түзгөнгө аракет кыла баштаганын кошумчалаган.

Гезит булар менен бирге эле “2005-жылдын 24-мартындагы революция өз максатына жеттиби?” деген суроо менен кайрылганда айрым жарандар буларды айтты.

Коомдук ишмер Болот Жанузаков: - Конституцияга туура келбеген күч колдонуп, бийликти алмаштарышты. Эми андан бери элдин жашоосу жакшырмак турсун кымбатчылык каптады. 5 жыл мурда эттин баасы 60-70 сом болсо, азыр 240 сомдон ашты, 1 тонна цементтин баасы 1700 сом болсо 6-7 миң сомго жетти.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: -
Акаев доорундагы мамлекеттеги башкаруу кылмыш иштерине тең-тайлаш болуп калган. Бирок бүгүнкү күндө да Акаевдин доорундагы тууганчылдык, үй-бүлөлүк башкаруу кайрадан кайталанууда.

Саясат таануучу Марс Сариев: - Чындыгында 2005-жылдагы революция максатына жетти деп айтуу кыйын. Бир сөз менен айтканда Украинадагыдай процесс жүрүүдө. Эл көксөгөн мүдөөлөр ишке ашырылбай, ыңкылап максатына жетпей калды.

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов: - Баарыбыз адашып калдык. Ал кезде Акаев элдин баарын тажатып жиберген болчу. Эч ким көргүсү келбей калган. Дал ошондой кырдаал азыр да түзүлүп жатат.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Максат түгүл программалары болгон эмес. Акаевди кетирип, бийлигин тартып алуу гана болгон. Болбосо Башмыйзамды бузуп, элдин укугун тартып алган үй-бүлөлүк башкарууну орноткон бийликти жазалап, кийинкилер андай жолго барбагандай кылыш керек эле. Тескерисинче Акаевдин тегерегиндегилердин бир тал чачы да түшкөн жок. Баарысы, кайра эле Акүй менен Көкүйгө толуп алышты. Мына бийлик бүгүн Ынтымак Курултайын өткөргөнү жатат. Ынтымак качан болот? Ынтымак- жөнөкөй жаран, оппозиция, Жогорку Кеңеш, сот, Конституциялык сот, өлкө башчысына чейин Башмыйзамды ыйык сактап, мыйзамга баш ийгенде гана болот.

Мударис Кусейин Исаев: - Кыргыз тарыхында жер эч убакта жеке менчикке берилген эмес. Биринчи бийлик жерди менчиктештирди, миллионго жакын эмгек жарандары башка мамлекеттерге кетип калышты. Президент мамлекетти өзү башкарбай, мажүрөөлүк кылып, аялын, баласын, кызын мамлекетти башкарууга аралаштырды. Конституцияны 10 жылда 5 жолу бузуп, жеке бийлигин орнотту. 2005-жылдын 24-мартында бийлик кулады. Президент качты. Ушул күнгө чейин эски бийликтин жасаган иштерине саясый, тарыхый маани бериле элек.
XS
SM
MD
LG