Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Беш жылдан кийин


Март ыңкылабынын беш жылдыгын майрамдоо алдында "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн көчө акциясынын учурунда милиция кармап кетти.
Март ыңкылабынын беш жылдыгын майрамдоо алдында "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн көчө акциясынын учурунда милиция кармап кетти.

Өздөрүн “атайын кызматтын кураторлорубуз” деп сыпаттаган айрым адамдар бүгүн жарыкка чыгуучу “Дело №...” гезитинин чыгышына да тоскоолдук кылууга аракеттенген, бирок аталган гезит жарык көрдү жана күркөлөргө түштү. “Кыргызстан бүгүн “төңкөрүш” күнүн же аткаминерлер сыймыктанып айткан 24-март революция күнүн, же карапайым калк какшыктагандай “мародерлор күнүн” белгилейт” деп макала баскан “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити, “деги 5 жыл ичинде эмне өзгөрүү болду?” деген суроого жооп издөөгө аракет кылган.

Жарык көргөн “Дело №...” гезити Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын Юстиция министрлиги кайрадан каттап чыкканы жатыптыр деген кабар журналисттер арасында кызуу талкууну жаратып жатканын, “Акаев режиминин” убагында да так ушундай шылтоо менен министрлик 16 аталыштагы жаңы маалымат каражаттарын каттабай койгонун, бүгүнкү бийлик, өзгөчө бийликтин катчылыгы бардык маалымат булактарын өз көзөмөлүнө алгысы келүү аракетин жасап калганын маалымдаган. Ал эми Юстиция министрлигинин каттоо башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Болот Саипов бул суроого “Мен кайра каттоо болот деп да, болбойт деп да айталбайм” деп жооп берген.

“Эркиндикти тыйып салууга болот, бирок аны өлтүрүп салуу мүмкүн эмес” деп аталган чакан кабарда бийликтин каалоосу менен “Азаттык” радиосунун берүүлөрү эфирге чыкпай калганына ЕККУ менен АКШнын конгресси катуу тынчсызданганын, өткөн жумада ЭККУнун башчысы, америкалык сенатор Бенджамин Кардин бул боюна кескин блидирүү жасаганын жазды. Ал: “Мен президент К. Бакиевди “Азаттык” радиосунун берүүлөрүн уктурууну кайрадан калыбына келтирүүгө, эркин ой-пикирлерге жасалып жаткан чабуулдарды токтотууга чакырамын. Бакиев 5 жыл ичинде “Фридом Хауз” уюму билдиргендей Кыргызстанды жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарынан эркин эмес өлкөлөрдүн катарына сүйрөп кирди” деп айткан.

“Дело №...” гезити андан ары Прага менен байланышып, “Эркин Европа” жана “Эркин радио” маалымат булактары боюнча улук кеңешчи Жоанне Левисон менен чакан маегин сунуштаган. “Азаттыктын” азыркы абалына токтолгон Левисон, бул суроого бир жактуу жооп бере албастыгын, бүгүн аталган радионун берүүлөрүн эфирге чыгарбоо аракеттери жасалып атканын, ырасмий органдардын өкүлдөрү биздин берүүлөрүбүздү таратуучу радиостанциялар менен телеканалдардын жетекчилерин “Азаттыктын” берүүлөрүн чагылдырчу болсоңор лицензияңардан ажыратып таштайбыз деп кысымга алып атканын кеп кылган.

Кабарчы: - Эксперттердин ою боюна ырасмий Кыргызстан Америкалык саясатка таянып иш кылууда. Эмне үчүн АКШ “Азаттык” радиосунун абалына карата эч кандай чара көрбөй жатат?

Ж. Левисон: -Албетте, биз акчаны америкалык Конгресстен алабыз, бирок ошол эле убакта көз карашыбыз эркин бойдон кала берет. Биз чындыкты гана чагылдырабыз. Американын да, америкалыктардын да кызыкчылыгын жактабайбыз, биз болгонун болгондой гана уктурган радиобуз

“Гуревичтин айланасындагы чатак Кыргызстанга кандай коркунуч алып келиши мүмкүн?” деген суроо менен “Дело №....” гезити айрым атуулдарга кайрылды.

Саясат таануучу Т. Какчекеев: - Бул биздин бийликтин байланыштарын, айрыкча финансы байланыштарынын күмөндүү жактарын көсөткөн окуя. Биринчиси Бирштейн болду эле, эми экинчиси Гуревич болду. Ал эми буга карата финансистердин актануусун бала да жасабайт. Маселен Россиянын тышкы чалгындоо кызматы мындай иштерге өз ишмердүүлүгүнүн 80 пайызын жумшайт. Эларалык кылмыштуу уюмдар бүгүн дүйнөдө 1,5 триллион долларды тегеретип жүргөндүгү айтылат. А биздин финансы чалгыны, финансы полициясы, коррупцияга карыш күрөшүү агенттиги, прокуратура ж.б. органдар эмне кылып жатканын билбейсиң. Так ушулар президенттин беделин оңбогондой түшүрүштү.

Саясат таанучу М. Сариев: - Бул чатак Кыргызстандын инвестициялык саясатына терс таасирин тийгизет, өзгөчө Россия менен Батыш өлкөлөрү менен мамиле сууйт.

ЖК депутаты Эрнст Акрамов: - Гуревич деген ким? Биздин өлкөнүн мындан кылы да кыйшайбайт.

Көзкарандысыз аналитика борборунун деректири К. Маликов: - Бул эларалык маанидеги чатак. Айрым мамлекеттердин Кыргызстанга болгон ишеними өчөт. Айрыкча Кыргызстандын финансысын кыргызстандык эмес жарандар кармап турат деген сөздөр өзүбүздүн ичибизди уу-дуу кылып, жаман кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Укук коргоочу Т. Тургуналиев:
- Италиянын соту жакында башка ысымдарды да атайт деп ойлойм. Кыргызстан саясый жактан да, моралдык жактан да шерменде болду.

Акыйкатчы Т. Акун: - Билбейм... Гуревич дегенди жакында эле уктум.

“Манас Ордо” коомдук бирикмесинин деректири А. Усупбаев:
- Бул өңдүү чет өлкөлүктөрдүн эмне кереги бар эле? Гуревичти тез аранын ичинде Италия сотуна тапшырып бериш керек. Ошондо гана биздин президенттин кадыр-баркы калыбына келет.

Орусиянын “Независимая” газетасы Григорий Михайловдун “Унчукпоого буйрук берилди” деген макаласын басты. Жоогазын революциясынын аркасы менен дал ушул 24-март күнү бийликке К. Бакиев келген. Республиканын жетекчилиги Кыргызстанды дүйнөгө демократиялык баалуулуктарды туу туткан өлкө катары канчалык даңазалабасын өлкөдө цензура барган сайын күчүнө кирүүдө. Марттын экинчи жумасында мафия башчысы Евгений Гуревичтин былыгы былтыйды. Мына ушундан баштап президенттин айланасындагылар “Фергена Ру”, “Борбор Азия Ру”,” Парус kg” интернет-каражаттарын чүмбөттөп, “Азаттыктын” үнүн өчүргөнгө далбас уруп жатышат деп айтылат макалада.

Цензура муну менен эле токтоп калган жок. Кечээ оппозициялык “Назар” жана “Ачык саясат” гезиттерин басууга тыюу салынды.

“Кыргызстан бүгүн “төңкөрүш” күнүн же аткаминерлер сыймыктанып айткан 24-март революция күнүн, же карапайым калк какшыктагандай “мародерлор күнүн” белгилейт” деп макала баскан “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити, “деги 5 жыл ичинде эмне өзгөрүү болду?” деген суроого жооп издөөгө аракет кылган.

Биз бүгүн кайсы бир өлкөнү кызматташууга чакырабыз, анын акчасын алабыз, анан айткан убадабызда тура албайбыз да, дароо башка өлкөлөргө жардам сурап кайрылабыз. Каратаман калк кантип жашоонун арбайын согуп келатса, саясатчылар асман тиреген хан сарайларды салышты. “МК Кыргызстан” бул макаласында КМШ өлкөлөрү боюнча Институттун Бишкек филиалынын деректири А. Князевдин маегин тартуулады.

Кабарчы: - Кыргызстандын бүгүнкү саясый системасын кандай деп атоого болот?

А. Князев: - Кандай кааласаңыз ошондой деп атай бериңиз. Кыргызстандын саясый системасын демократиялуу же либералдуу, авторитардуу же монархиялуу деп атаган күндө дагы анын мазмуну менен маани-маңызы барып келип эле трайбалисттик – үйбүлөлүк-кландык башкарууга барып такалат.
XS
SM
MD
LG