Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

"Вести" эмне дейт?


Баяндамабыз “Учур” жана “Аалам” гезиттери аркылуу болмокчу.


“Учур” гезити Россиянын РТР телеканалынын “Вести” берүүсү Кыргызстандагы саясый кырдаал боюнча сюжет даярдап, азыркы кыргыз бийлигин сынга алганын маалымдоо менен кыргыз окурмандарына ошол макаланы которуп жарыялады.

Макалада элдин эң негизги нааразычылыгы – баалардын жана коммуналдык тарифтердин кескин түрдө көтөрүлүшү болгонун, анан дагы президенттин уулунун өлкөдөгү эң таасирдүү адамга айланганы элдин кыжырын кайнатып жаткандыгы белгиленген.

“Ынтымак бекемирээк болсун, анын бар экенинен эч ким шектенбесин дегениби, айтор “Ынтымак Курултайы” ишин оппозиционерлерди кармап кетүүдөн баштады. Азыркы Курултай маңызы боюнча өткөн жумада өткөрүлгөн оппозициянын жыйынына карата арга жоктон жана ага шашылыш түрдө берилген жооп болду деп баалады “Вести”. Макалада андан ары 9 айдын ичинде Кыргызстанда “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу бир нече стратегиялык маанилүү компаниялар менчиктештирилгени, Максим Бакиев акыркы кездерде мамлекеттик акчаларды кайсыл жакка бурууну чече турган ЦАРИИни жетектээрин, экинчиден бизнесмен М. Бакиевдин финансылык-өндүрүштүк империясы Кыргызстандын ири ишканалары менен банктарын көзөмөлдөп турарын, кала берсе эл аралык “Манас” аэропорту да үй-бүлөлүк бизнестин бир бөлүгү экени кеп болгон. Андан ары ал: “Максим Бакиевдин бизнес- өнөктөштөрүнүн негизгилеринин бири, көп убакыт анын кеңешчиси болуп жүргөн MGN Group эларалык холдингдин башчысы Евгений Гуревич болуп келди. Италия бийлиги жакында эле контробандалык брилианттар жана наркотик менен шугулданган 3 млрд. доллар акчаны мыйзамсыз ишке киргизгендиги тууралуу кылмыш иштери боюнча эң башкы шектелүүчү адам катары атады. Анан дал ошол Гуревичтин компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик активдерин башкарып келген. Анын ичинде Россиядан берилген 300 млн. доллар да бар” деп жазды.

Ушул эле гезит Е. Гуревич Кыргызстандан качпай-этпей эле Орто-Сай айылындагы дипломаттар шаарчасында, бир оппозиционер- депутаттын күйөө баласынын үйүндө жашап жаткан имиш деп, оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапары менен Москвадан кайтып келгенин, ага Орусиянын кадыр-барктуу саясатчылары Кыргызстандагы саясый абалга кайдыгер болбой тургандыктарын айтышыптыр деп, президент К. Бакиев Ынтымак Курулутайында оппозиция болбосо мамлекет, коом өнүкпөй турганын эске алуу менен бирге оппозициянын бир беткей сындоосуна макул эместигин билдирди деп, мурда күнү БЭКтин жыйыны болуп, жыйында оппозиция өкүлдөрү бийликке каршы ар кандай чечкиндүү кадамдарга бара турганын, Элдик Курултай койгон 7 талап аткарылбаса элдик бийликти чындап орнотуу керектигин баса белгиледи деп кабар таратты.

“Ата Мекен” партиясынын Чүй дубаны боюнча координатору Турат Мадылбековдун машинеси өрттөнгөнү кабарланганы белгилүү. Бул тууралуу гезтике кеп салган Мадылбеков машинасын кимдер өрттөткөнүн билерин, анткени мындай жаман иштерди жасап жүргөндөрдүн артынан аңдып жүргөн чекисттер барын, кудай буюрса кези келгенде баарын ачыкка чыгарарын, бул бийлик кеткен күнү машинаны өрттөгөндөрдүн ичинен көрсөтмө бере турган балдар барын, ал генералдар “Лексус” айдап жүрүшкөнүн, эртең эле машинаны үйгө өздөрү айдап келип беришерин айтты.

“Аалам” гезити жаңы санын "Курманжан датка" кайрымдуулук Фонддун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын президент К. Бакиевге багыштаган кайрылуусу менен ачты. Анда президент кийинки кездери күч органдын кызматкерлери менен маданияттын бир катар ишмерлерине, майыптарга үй куруп берүүдө жакшы иштерди жасап атканын белгилеп, эми мындай турак-жайга медицина кызматкерлери менен журналисттер да муктаж экендигин, ошондуктан калктын ушул катамары үчүн көңүл буруп коюсун суранган.

Гезит андан ары өз өндүрүшүндөгү башка иштерге келгенде айлап, жылдап карабай, адамдарды зарлаткан соттор эркин сөздүү басылмаларга келгенде чагылгандай тездик менен баса каларын, маселен Баш прокурордун жардамчысы А. Халмурзаев 10 күн ичинде “Назар” гезитинин 16-марттагы санындагы Равшан Жээнбековдун бийликке карата кайрылуусунда айтылгандарды төгүндөп же ырастап берүүсүн редакция жетекчилигинен талап кылганын, буга гезиттин башкы редактору Айгүл Бакеева баш тартканын баяндады.

Айгүл Бакеева 23-мартта Баш прокуратуранын айыптоо кагазын алганын, кагазда “гезитке төгүндөө жарыяланган жок, ошондуктан 5 млн. сомду Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө которуп койгула” деп жазылганын, гезитте 5 млн. сом эмес, 5 сомдун эсеби бар экенине токтолуп: “биз муну эркин басма сөзгө жасалган кысым деп эсептейбиз” деп билдирген.

Гезит андан ары кечээ Ак-Жар конушунун жашоочулары Бишкек-Кемин автожолун жарым сааттай тосуу менен нааразылык акциясын өткөрүшкөнүн, нааразылыкка чыккан калк, суу, электрэнергиясы, үйлөрдү каттоо көйгөйлөрү боюнча талаптарды коюшканын кошумчалап, Ак-Жар конушу 2005-жылдагы жер басып алуучулуктун аркасы менен пайда болгон конуш экендигин, учурда ал жерде 3 миңге жакын эл жашарын кабарлап, Аламүдүн райпрокуратурасы тарабынан нааразы болгондорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 17 адамга эскертүү жасалганын, бирок камалгандар жок экенин жазды.

Бул санга Темир Сариевдин “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна берген жооптору да көчүрүлүп басылды.

“Аалам”
гезитиндеги Бакыт Жолдошевдин макаласы “Депутаттар эмнеге тынчып калышты?” деп аталып, чөнтөк телефондорго кошулган 60 тыйын тууралуу кеп болот. “Данияр Үсөновдун өкмөтү бул көйгөйгө көп деле башын ооруткан жок, монополияга каршы мыйзам бузулбаса эмнеге эле сапырылып атасыңар деген тейде кол шилтеп койду. Эл арасында Кыргызстандагы уюлдук байланыш президенттин кенже уулунун жанындагы ишкер адамдардын көзөмөлүндө деген кептер эчактан бери эле айтылып келет. Италиядан Е. Гуревичти камакка алуу боюнча ордер берилгени анык болгондун эртеси эле дүйнөлүк оффшорлордун биринде жайгашкан Россиялык Eventis Teiekom компаниясы үн кошуп, аталган компания 2004-жылда БиМоКом уюлдук операторун ишке кийирип, аны өткөн жылы М. Бакиевдин азыркы орунбасары А. Елисеевдин “Альфателекомуна” тарттырып жиберген. Президенттин кенже уулунун курсташы А. Елисеев 2009-жылдын орто ченинде аны аты аталбаган “кардарга” өткөрүп берген. Ал “кардар” Е. Гуревич экендиги эми 3-класстын баласына да белгилүү. Президенттин уулунун достору мамлекетте каалагандай иштерди жасоого мүмкүнчүлүк алышкан, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы деген түшүнүктөр бул мырзалардын түшүнө да кирбеси анык” деп чекит койгон автор.
XS
SM
MD
LG