Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Wall Street Journal: кыргыз элинин үмүтү акталган жок


Кыргызстандагы март окуялары, 24-март, 2005-жыл
Кыргызстандагы март окуялары, 24-март, 2005-жыл

Батыш басма сөз каражаттарында Кыргызстанда Жоогазын ыңкылаптын беш жылдыгы жана кытайлыктардын көйгөйү, Өзбекстанда аялдарды мажбурлап стерилизациялоо же жатынды алып салуу өнөктүгү өңдүү темалар да талкууланууда.

Wall Street Journal гезити Кыргызстандагы Жоогазын ыңкылаптын беш жылдыгына арналган макаласын жарыялады. Анда “бүгүн Кыргызстанда турмуш шартынын жакшыруусу тууралуу эл ичинде чоң үмүттөрдү туудурган жана кошуна өлкөлөрдөгү демократиялык оппозицияга дем берген Жоогазын ыңкылабынын 5 жылдыгы. Бирок жыл өткөн сайын элдин үмүтү акталбай, Кыргызстандын бийлик элитасы бийликти элге берүүнүн ордуна жөн эле өз ичинде кайра бөлүштүрүүнүн амалында экени айкындалып жатат” деп айтылат.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда турмуш аябай начар. Экономикалык өнүгүү дээрлик токтогон абалда. 2006-жылы кабыл алынган жаңы Конституция бийлик күчүн дээрлик президенттин колунда топтоп, парламентти жөн эле жасалма органга айландырып койду. Белгилүү саясатчылар жана журналисттердин өмүрүнө кол салуулар күндөлүк көрүнүшкө айланып калды. Президент Курманбек Бакиев бийлик тизгинин өз колунда сактап калууга тырышып, авторитардык режимдерге үлгүлүү салттын чегинде уулу Максимди өзүнө мураскор катары даярдап жатат. Булардын бардыгы артка карай ташталган кадамдар. Кыргызстан СССР ыдырагандан кийин аймакта экономикалык реформаларды жигердүү түрдө ишке ашыра баштаган бирден бир жумуруят эле. Экономиканы менчиктештирип, капиталдын эркин айлануусунун алдындагы тоскоолдуктарды жойду жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп, жогорку билим берүү секторун либералдаштырды. Бүгүнкү күндө Обаманын администрациясы бул өлкөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдү көрмөксөнгө салып келүүдө. Анткени “Манастагы” транзиттик борбордон улам Бишкек менен стратегиялык алакасы бар. Бирок Ооганстандагы согушка байланыштуу коопсуздук камтамалары Кыргызстан жана жалпысынан Орто Азиядагы саясий реформаларды басып кетпеши керек. Кыргызстан бүгүнкү күндө эки жолдун ортосунда турат. Ал же 1990-жылдардагы реформаларды кайра жандандырат же Борбор Азиянын авторитардык дарыясына чөгүп кетет. АКШ Кыргызстанды демократия жолуна түрткүлөөсү менен тарыхтын оң жагында болот, же Бишкек жана тегеректеги өлкөлөрдө демократиялык жараяндарга артылган үмүттөр биротоло жоголот” деп жазат Wall Street Journal гезити.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада Өзбекстандын ооруканаларында аялдарды мажбурлап стерилизациялоо же жатынды алып салуу иштери жүрүп жатканы тууралуу кабарлардан улам айылдарда үйдө төрөгөн аялдардын саны өсүп баратканы айтылат.

Өзбекстандагы атын атагысы келбеген укук коргоочулардын айтымында, президент Ислам Каримовдун бийлиги элдин санынын өсүшүн иретке салуунун каражаты катары аялдарды мажбурлап стерилизациялоо программасын ишке ашырууга умтулуп жатат. Макалада бул пландын алкагында Ташкендеги доктурлар өлкөнүн аймактарын кыдырып, алар күнүнө 12 жолу гистерэктомия жасоого аргасыз болгону баяндалат.

Үч же андан ашык балалуу аялдар бул программанын негизги бутасы экени белгиленген макалада, укук коргоочулардын маалыматтарынын дээрлик көпчүлүгү “2009-жылга Өзбекстанда адам укуктарынын сакталышынын абалы” тууралуу АКШнын Мамдепартаменти 11-мартта жарыялаган баяндамада айтылган фактыларга төп келгени билдирилет.

Аталган интернет баракчада жарыяланган дагы бир макалада Кыргызстанда саны улам өсүп бараткан кытайлык студенттер тууралуу баяндалып, Кытайдын Кыргызстанды каптап кетүүсү тууралуу эл ичинде жайылып бараткан тынчсыздануу сезимдерине көңүл бурулат.

Абал көзөмөлдөн чыгып баратканына ишара кылынган макалада элдин тынчсызданууларына карабастан чет элдиктерге виза берген Тышкы иштер министирлиги да, Мамлекеттик статистикалык комитет да өлкөдө канча кытайлык бар экенин анык биле албай жатканы белгиленет.
XS
SM
MD
LG