Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

К.Бакиевдин китеби жаңы окуу куралына айланабы?


Гезиттер эмне дешет?

“Кыргыз туусу” гезити журналист жана акын Бактыгүл Чотурованын “Өрүк гүл ачты” деген ыр менен бүгүнкү санын ачты.

Кадамжайдын Жаңы Тилек жана Келечек айыл тургундарынын, каракөлдүк Торон Жумаевдин, Ат-Башынын Баш-Кайыңды айлынан Дүйшөнкул Жумаковдун, бишкектик А. Умаровдун мектеп, карышкыр көйгөйү, тез жардамдын кечиккени, тогоол айлары жөнүндөгү каттары басылган.

Гезит президент К. Бакиев менен Словакия президенти И. Гашпаровичтин ырасмий жолугушуусуна арналган макалалар топтомун, “Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү жөнүндө кабарды, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун К. Бакиевдин “Март революциясы: элдин тарыхый тандоосу” аттуу жаңы китеби республиканын студенттери менен мектеп окуучулары үчүн окуу куралы катары окутулса, ошону менен бирге эле биздин өлкөдө билим алып жатышкан өзбек жана тажик студенттери үчүн өзбек, тажик тилдерине которулса деген ойлорун камтыган макаласы да ушул санда.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыповдун “Биз кимбиз, кайда барабыз?” аттуу баяны “Курултайдан кийинки ойлор” деп аталат.

Мындан тышкары журналисттер Папан Дүйшөнбаевдин спорт, Мырзакат Тыналиевдин ишкер адамдын бейнеси туурасындагы баяндамалары ж.б. тарых, маданият, айыл турмушунун маселелерин чагылдырган материалдарга да кенен орун берилген.

“Агым” гезити саясатчы Темир Сариевдин “Жаңы оппозиция чыга турган болсо эмгиче чыкмак” деген, укук коргоочу Чолпон Жакупованын “Бизде адам укугун ветврачтар менен филологдор коргойт” деген, президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баа берүү институтунун деректири Сергей Масауловдун “Оппозиция элди көп чогултуу максатында курултай өткөрдү” деген аталыштагы маектерин ортого салды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев менен кабарчы Олжобай Шакирдин маеги “Орусия держава эмес” деп аталса, академик Абдыганы Эркебаевдин маеги “Акаев менен Кулов сүйлөшүп алган” деп аталат.

“Кыргыз руху”
гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Оңду-солду оппозиция” аттуу макаласын окурмандардын ой элегине таштады. Макала “Оппозициянын опоң-чычаңы”, “Акаевдин оппозициясынын Бакиевдик оппозициядан айырмасы”, “Эшегине жараша тушагы, Эшимкановго жараша ушагы”, “Оппозиция жана келечек” деген өз-өзүнчө аталыштардан турат. Автор баш сөзүндө: “ХХ кылымда эки гана адам оппозициянын түбүнө жете алышыптыр. Иосиф Сталин менен Адольф Гитлер. Бирок алардын жеңиши жеңил болгон жок. Миңдеген адамдардын башы кетти, миллиондогон адамдар концлагерлердин тегирменине боо-боо болуп түштү” деп кеп баштоо менен бийлик, бийликтегилер жана анын айланасындагылардын төркүн-төсүн талдоого алган.

Гүлмайрам Турусбекованын макаласынын аты – “Эки президентке 15 премьер-министр” деп аталып, буга дейре убактылуу боло калган Иордан, Силаев, Матубраимов өндүүлөрдү кошпогондо маркум Исановдон баштап бүгүнкү Д. Үсөновго чейин канча адам тебетейдей алмашканы, алардын кантип келип-кеткени тууралуу кеп болот.

ЖК депутаты И. Өмүркуловдун “Энергетиканы мамлекеттик менчикке алып келүү керек” деген аталыштагы интервьюсу да ушул санда.

Азизбек Келдибековдун “Шамен” баянынын уландысын, Айзада Абазованын “Ата” деген эскерүүсүн, Тенти Орокчиевдин кыргыздын фронтчу акындарынын бири, маркум Акынбек Күрүчбеков менен анын көзү тирүү кезинде жүргүзгөн аңгеме-дүкөнүн да ушул гезиттен окуй аласыздар.

“Алиби” гезити Талас дубанындагы “Манастын урпактары” кыймылынын төрагасы башында турган мүчөлөрүнүн президент К. Бакиевге, Баш прокурор Н. Турсункуловго, Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиевага, Талас губернатору Бейшен Болотбековго жөнөткөн кайрылуусун басты. Таластыктар да буга дейре нарындыктар коюп келген талаптарды коюшкан. Койгон талаптар аткарылбаса же аны аткаруу чаралары көрүлбөсө 7-апрелден тартып бийликке баш ийбөө акциялары баштала тургандыктарын эске салган.

Аталган гезит ошондой эле “ИА REGNUM Новостинин” суроолоруна КК Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун жообун кыргызча которуп басты.

Памир Манастын “Бакиев Маскөөгө эмнесинен жазды?” деген макаласы Жоодарбек Султангазиевдин президенттин кенже уулу Максим Бакиев туурасындагы “Макс жоголду, көрдүңбү?” деген макаласы менен жанаша жарык көргөн.

“7-апрелде Ак-Сай, Арпа, Жетим-Тоо маселелери көтөрүлөт” деген аталыш алдында Ат-Башылыктар түзгөн Элдик кыймыл мүчөлөрүнүн ой-пикирлери сүрөттөрү менен журналист Кундуз Исмаилова даярдап келген материл аркылуу кепке алынган.

“Эл сөзү” гезити Эрмек Туратов аттуу автордун “Чүйлүктөр бирикти” деген макаласын сунуш кылды. Анда Сары Өзөн Чүйдүн салмактуу кыз-жигиттери Т. Сариев, К. Дүйшөбаев, Э. Ибраимова, С. Абдрахманов, И. Өмүркулов, А. Атамбаев, Т. Мадылбеков, А. Азранкуловдор Элдик Курултайдын аткаруу комитетинин Чүй обулустук штабына бириккенин маалымдалды.

Бул санда ошону менен бирге эле “Нарындыктар 7-апрелде чоң митингге чыгат” деген ат менен Нарындагы митинг-пикеттерди өткөрүү кыймылынын мүчөсү Эркин Асаналиевдин маеги, ал тууралуу өкмөт башчысы Д. Үсөнов кантип жалган маалымат таратканы айтылат.

Гезит булардан тышкары окурмандарынын назарын журналист Асран Айдаралиевдин КР президентинин мурдагы мамлекеттик админстрациясынын башчысы Медет Садыркулов тууралуу жазган макаласына жана андан 2009-жылдын март айында алган интервьюсуна бурган. Журналист А. Айдаралиев М. Садыркуловдун ага: “Эгер биз бүгүн эртелеп биригип озунбасак, эртең булар баарыбыздын көзүбүздү оюп, оюна эмне келсе ошону жасап, энебизди Үч-Коргондон көргөзөт” деп айтканын келтирген.
XS
SM
MD
LG