Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Башмыйзам ашмыйзамга айланбасын


Бүгүнкү гезиттер ...

“Кыргыз руху” гезити “Бакиевдин эки кичинекей баласына суук тийип, өзү катуу “стресттен” мээсине доо кеткени аныкталган. Чын эле анын психикасына доо кеткени анык болду бекен жа Лукашенко досу Бакиевди оорукчан абалда деген шылтоо менен эл аралык соттон калкалап калгысы келүүдөбү? Эми болсо минтип “Бакиев Белоруссияда жок, кайда экени белгисиз” деп жатышат. Кайда экенин кантип билбесин? Же мээсинен айныган эме Белоруссиянын токоюна кире качканбы?” деп суроо койду.

Гезит Четин Жумагуловдун “Жаңы Конституция жакшы тилде жазылышы керек” деген макаласын басып, анысында буга чейинки мыйзамдардын тилинин тантык, келегей сөздөргө жык толгон мисалдарын далилге тартып, эмдиги Башмыйзамда ошол каталар кайрадан кайталанбаса экен деген ой-тилекти билдирген.

Айзада Авазованын “КСДПнын басмачылыгы” аталган макаласы Убактылуу өкмөттүн учурдагы кадр саясатын сынга алган.

“Назар” гезити жаңы өкмөттүн жаңы тариф саясатынын төмөндөтүлгөн баасынын тизмесин жарыя кылды. “Назар”, “Ачык саясат”, “Алиби” гезиттеринин башкы редактору болуп иштеп келген Бабырбек Жээнбеков Монополияга каршы комитет төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганы да кабарлады.

Баяндамачы Үсөн Касыбековдун макаласы “Диктатор диктатордун көзүн чокубайт” деп аталып, Бакиев менен Лукашенко жөнүндө сөз кылат.

Убактылуу өкмөт төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаевдин маеги “Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт” деген ат менен сунушталган.

“Убактылуу өкмөттү жаштар колдойбу же жокпу?” деген баштеманын алдында айрым жаш саясатчылардын ойлору жарыяланды.

7-апрелдеги кандуу окуядан жарадар болуп, ушу кезде ооруканаларда дарыланып жаткан жаштардын айрымдарынын пикирлери да басылды.

“Алиби” гезити аркылуу саясатчы Жыпар Жекшеев менен Эдилбек Сарыбаев “Президенттик институт Кыргызстанга керекпи?” деген макаласын окурмандардын ой элегине салган. Макала ээлери бийликтин Акаевдин колуна тийгенден тартып бүгүнкү күнгө чейинки жорук-жосундарына токтолуу менен Кыргызстан үчүн президенттик башкаруу формасы туура келбейт деген пикирди айтышкан. Авторлор шайлоо бюллетендерин шайлоо болуп өткөндөн кийин 15 жылга чейин сактоо жана болочок оппозициянын милдеттери менен укуктарын мыйзамдаштыруу, саясый системага “Элдик курултай” институтун киргизүү жана ал баштан-аяк бардык бийлик өкүлдөрүнүн, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баскан-тургандарын көзөмөлдүккө алып туруусу керектигин сунушташкан.

“Кыргыз туусу” гезити Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери, 1979-жылы туулган Алмаз Акчикеев 7-апрелдеги окуяда оор жарат алып, эки бутун тең кестирүүгө аргасыз болгондугун, жакында ага Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева барып ден-соолугун сурап, Алмаздын турак-жай маселесин чечип берүүгө убадасын берип, өкмөттүн атынан 100 миң сом тапшырганын маалымдады.

Бишкек шаарынын коменданты Туратбек Мадылбековдун “Жер басып алуучулар мыйзам жолуна түшүүдө” дегени гезит кабарчысы Токтомуш Өскөновдун макаласында кеп болот.

Убактылуу өкмөттүн дагы бир орунбасары Темир Сариевдин “Азаттыктын” кабарчысы Бурул Сарыгулова жазып алган маегин гезит көчүрүп баскан.

“Агым” гезити жаңы санын Улуттук каналдын башкы деректири Кубат Оторбаевдин “Эл тынчыбаса УТРК тынчыбайт” деген маеги менен ачты.

“Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова өз интервьюсунда жаңы бийликтегилердин көңүлүн бүгүн так талаша турган мезгил эмес, тартип орнотуу мезгили келгендине бурган. Чолпон айым: “Убактылуу өкмөт Бакиевдин көчүрмөсү эле болуп калды. Албетте жаңы бийликтин позитивдүү жактары көп. Бир катар мамлекеттик маанидеги ишканаларды калкка кайтарды, электр энергиясынын тарифин төмөндөттү. Бирок ага удаалаш эле ыплас иштерди жасап жатат” деп сындады.

“Толпа” бийлиги качан бүтөт?” деген макаласында журналист Нурканбек Керимбаев өлкөдөгү болуп өткөн башаламандыктарды баяндап келип: “Айтор Кыргызстанда туруктуулукту орнотуу дагы көпкө созулучудай. Себеби, бакиевчилер мындан ары тынчыйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мамлекеттик бейпилдик болсун десек, экс-президенттин туугандарын жана жакындарын кармап, жоопкерчиликке тартыш керек” деп жазды.

Зайырбек Ажыматовдун мамлекеттүүлүктү сактап калуу маселесин баяндаган макаласы “Кулатылган Курманбек Бакиев же Убактылуу өкмөт кимдердин куурчагы?” деп аталат.

Курманбек Бакиевдин Белоруссиядагы сүйлөгөн сөзүнө ой-пикирин билдирген белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев:

- Анын билдирүүсүнөн кийин менде Бакиев наркоман же акыл-эсинен айныган адам деген күдүктөнүү пайда болду. Мага Бакиев менен Лукашенко таңаткыча арак ичип чыгып ушуну айткандай сезилди. Анын айтканынан эч кандай президенттиктин да, адамдыктын да жыты жыттанбайт,- деди.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Түндүк-Түштүк бир тууган, Бакиевди ким тууган?” деген макала жарыялап, айрым бузукулар “түндүк-түштүк” деп козутуп, бир бүтүн элди экиге бөлөлбай жүргөнүн, бирок мындай жүзүкаралардын ой-тилеги таш каап жатканын кеп кылат. Б. Аракеев жаңы бийлик тууралуу сөзүндө: “Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эмитен эле төбөлөрү асманга жеткендей кекирейе түшкөнүн да баамдап жатабыз, көбө түшкөнүн да көрүп жатабыз. Эй, шоркелдейлер, жөнүңөр менен болгула. Көпкөндүн желин кайсыл жеринен чыгарып коерун көрдүңөрбү? Азырынча атыңарды атабай кое туралы, эл деле көрүп-сезип жаткандыр...

Урматтуу кыргыз элим! Биз ыйманы куюлган улуу элбиз. Андыктан аныбызды булгап аткан трайбализм, морадерлук, баскынчылыкка каршы бир кишидей туралы. Биригип аракет кылсак, бузуку жолдогу балээ да туруштук бералбайт. Бирге бололу!” деп чакырык таштаган.

Убактылуу өкмөттүн кадр саясатындагы алешемдиктер Алмаз Темирбек уулунун “Кыргыз деп жан кыйгандардын атын сатпагыла!” деген ат менен жарык көргөн макалада баяндалат. Автор: “ИИМ министрлигине Ө. Субаналиев, УКК төрагалыгына Т. Бузурманкулов же Мирослав Ниязов келсе мамлекетибиздеги кооптуу кырдаал тез эле жөнгө салынмак. Мындай пикирлер коомчулукта арбын” деген оюн билдирген.

Маданият маселесине арналган атайын бет “Сөздөн ишке өтүүгө мезгил келди” деген аталыш алдында жарыя болду.

“Туран” партиясынын башчысы Эмир Српашевдин баяны “Мелис олуя жана апрель козголоңу” деген ат менен тартууланды. Анда: “Мелис олуянын 3-президент” деген макаласы жарык көргөн. Ошондо “Кыргызстан 3-президенттин тушунда экономикалык гүлдөөгө жетишет” деген сөзү бар. Азырынча аны Мелис олуядан башка эч кимибиз билбейбиз. Биз эми анын келечек жөнүндө айтчу кебине кулак төшөп туралы...” деп жазат олуя Мелис Карыбеков жөнүндө.
XS
SM
MD
LG