Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Эл экендигибиз эки күндөн кийин билинет


Гезиттер эмне дешет?

“Учурда эл башына түшкөн кыйынчылыктан сабырдуулук менен чыгуубуз керек” деген Сапар Аргынбаевдин сөзү менен бүгүнкү санын ачкан “Алиби” гезити журналист Машакбай Рахманкуловдун “Жешембиде бар болобуз же жок болобуз” деген макаласына орун берди.

Автор: “Жаңы Конституцияга “ооба” деп добуш берүү менен Кыргызстандын эли Курманбек Бакиев башында турган үй-бүлөлүк-кландык-криминалдык уюшма топтордун бетин ачууга, аларды эл алдында жоопко тартууга добуш берген болот. Демек жаңы Конституцияны кабыл алуу менен Кыргызстандын эли 6-апрелден берки кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн да, 2005-жылдын 24-мартынан берки Кыргызстанды талап-тоноонун бардык айыпкерлеринин саясый жана криминалдык адам өлтүрүүлөрүнүн бетин ачууга добуш берген болот” деп жазды.

“Алибинин”
ушул эле санында саясатчы Равшан Жээнбековдун маеги басылды. Ал “Бүгүн ар кандай саясатчылар, мурдагы бийликте жүрүп кызматынан кол жуугандар, тышкы күчтөрдүн жардамына таянгандар “референдум өтпөшү керек, бизге парламенттик башкаруу формасы ылайык келбейт” деген сөздөрдү байма-бай айтышууда. Мен бул саясатчылардын бардыгын - биздин мамлекеттин душмандары деп эсептейм. Бул сөздү айткандар эптеп эле элди козутуп, азыркы бийликтин ордуна келгиси келген саясатчыл күчтөр” деп айтты.

“Эркиндик” партиясынын саясый бюросунун мүчөсү, белгилүү диктор Анаш Кадырованын маеги түштүк жеринде болуп өткөн каргашага арналган. Маегинин аягын Анаш айым төмөнкүдөй ыр саптары менен аяктаган.

Кыргыз-өзбек куштун эки канаты,
Түбү бирге түрк атанын баласы.
Бир тууганга кылган күнөө уктатпайт,
Бизге азыр болбойт эч ким арачы.

Эгиз элдин бирге жолу, өткөнү,
Кубанычы, кайгы жашын төккөнү.
Кыргыз-өзбек таарынычты унутуп,
Сактагыла, коргогула өлкөнү!

“Форум”
гезитинин баш макаласы “Референдумду жалпы эл колдойт” деп аталат. Журналист Баратбай Аракеев “Эң башкысы элди тебелеп-тепсеген, элинин душманы болгон, жексур Бакиев ордосунун ойрону чыкты. Бирок ал куйругун кесип жиберип качып кеткени менен ошол куйруктарына акырындап “жан” кирип: “Бу Убактылуу өкмөт легитимдүү эмес” деп ызылдап жатышат. Биз эки күндөн кийин добуш бере турган референдумду эмне үчүн колдобошубуз керек? Колдойбуз. Эл колдойт. Бул референдумду колдобой тургандар да бар, алар Кыргызстандын душмандары” деди.

Аталган басылма Түштүктөгү калабага байланыштуу табылып жаткан курал-жарактар, ок-дарылар, жардыруучу заттар, шектүү деп кармалып, изделип жаткан адамдар тууралуу маалыматтарга кенен орун берди. Ошону менен бирге эле А. Мадумаров, Э. Сатыбалдиев, А. Атамбаев, А. Жапаров, К. Батыров ж.б. жөнүндө ар кыл мазмундагы кабарларды да таратты.

“Бакиевдердин Ысык-Көлдөгү “менчиктештирүү саясаты” деген макалада Бакиевдердин көлдүн үстүнө курулган мончосу, Марат Бакиев үчүн атайын жасалган чылым, эс алуучу жайлар сүрөттөрү менен коштолуп жарык көрдү.

“Кыргыз руху” гезити эки баштуу ажыдаардын сүрөтүн басуу менен бир башын Жаныш Бакиев, экинчи башын Кадыржан Батыров кылып, мына ушул экөө башында турган бандиттер эки элдин ортосуна от жагып, өзбек менен кыргыз элине өлчөөсүз зыян келтиргенин белгилеген.

Гезиттин башкы редактору Айзада Абазованын макаласы “Референдум өтүүсү керекпи?” деген суроого жооп издеген.

Ушул эле “Кыргыз руху” “Өз көзүм менен” деген жалпы теманын алдында кандуу окуяга өз көздөрү менен күбө болушкан Жалал-Абаддык тургундардын айрымдарынын айткандарына орун берген.

“Автономия”, “Мамлекеттик тил” маселеси жазуучу Казат Акматовдун баяндамасында кепке алынат.

Базаркоргондук Эркин Абдырахмановдун маеги: “Бир колум менен өзбектин үйүн өрттөп, экинчи колум менен кичинекей өзбек балдарын кыргыздардан катып жүрдүм” деп аталат.

Журналист Кенжалы Сарымсаковдун “Баштаганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат” деп аталган макаласы Урмат Барктабасовдун ишмердүүлүгүнө арналган.

Жазуучу Абдымамбет Сариев макаласында өзбек-кыргыз мамилелерин жана улут маселесин талдоого алат.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын “Өлкөнүн келечек тагдыры үчүн добуш берүүгө чакырам” деген аталыштагы Кыргызстандын калкына кайрылуусу менен ачты.

Гезитке жазган окурмандардын каттары “Улуу өлкө, түбөлүк эл бололу десек”, “Бийликке эмес, биримдикке умтулсак”, “Уруу-урууга бөлүнбөйлү”, “Үчүнчү революцияны кыргыз эли көтөрө албайт” деген аттар менен жарыланды.

Басылманын мындан кийинки беттеринде референдумга барып, добуш бере турган атуулдардын ойлору камтыйт

Мударис Кусеин Исаевдин интервьюсу “Референдум элдик ыңкылаптын максатын көздөйт” деп аталат. Профессор Исаев “Референдум өтүшүнө толук ишенем. Калктын дээрлик көпүлүгү добушун берүүгө келет жана Убактылуу өкмөттүн демилгесин колдойт. Анткени эл тараза, калыс, даанышман, сабырдуу. Ата Мекенге күйгөн, анын тагдырына кайдыгер эмес инсандардын баары ушул күнү алын, күчүн, акылын, билимин өлкө үчүн жумшашы- мезгилдин талабы. Мына ушундай кыйчалыш мезгилде “мен-мен, мен эле мен” деп көкүрөгүн койгулаган айрым генералдардын, саясатчылардын өөдө-төмөн сын айтып, референдумга каршы чыкканы- бул Кыргызстандын келечегине чыккынчылыгы”- деп билдирди.

Ушул эле санда тарых илимдеринин доктору, публицист Тынчтыкбек Чоротегиндин “Элдин ою жана мамлекет болочогу” деген ат менен макаласы окурмандарга тартууланды.

"Кыргыз туусу" жана "Эркин-Тоо" гезиттери Коргоо партиясынын лидери Акбаралы Айтикеевдин Кыргыз мамлекетинин аталышын өзгөртүү жөнүндөгү жана өлкөнүн саясий турмушун жөндөө боюнча башка бир катар сунуштарына орун беришти. 2005-жылкы президенттик шайлоодо К. Бакиев менен ат салышкан саясатчы жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, кыргыз мамлекетине "Манас - Кыргыз Республикасы" деген жаңыча аталыш берүүнү сунуш кылууда. А.Айтикеевдин сунушу колдоого алынса, адегенде Конституцияга да өзгөртүү кийрилип, Кыргызстандын аталышы кыргыз тилинде Манас - Кыргыз Республикасы, орусчасы: Кыргызская Республика - Манас деп жазылышы керек экен. Анткени, Манас ысымынын кошо аталышы кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнүн сакталышы, элдин биримдиги, коомдун жаңыланып, өнүгүүгө карай секирик жасашы үчүн сөзсүз түрдө оң таасирин тийгизет. Улуу Манастын руху, идеологиясы Кыргызстандын азыркы кыйчалыш акыбалдан чыгышына көмөкчү болот деген ойдо демилгечи. А.Айтикеев бул маселе боюнча өзүнүн расмий кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө да жөнөткөн.

Коргоо партиясынын лидери, президенттикке экс-талапкер ошону менен эле чектелбей, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга, Россиянын президенти Дмитрий Медведевге, АКШнын президенти Барак Обамага, Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаевага да кайрылуу жасап, 2009-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын одоно бурмалангандыгы үчүн мыйзамсыз деп жокко чыгаруу, өлкөдө эң оболу президенттик шайлоо өткөрүп туруп, андан кийин Конституцияны жаңыртып, парламентти шайлоо жөнүндө сунуштарын билдирген.
XS
SM
MD
LG