Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Гезиттер эмне дейт?

“Форум” гезити “Эгемендик колуңда, баркы кана?” деген журналист Баратбай Аракеевдин макаласы менен жаңы санын ачты. Автор кайсыл бийлик болсо да “жарай” бере турган же качан болсо айдаган машинасынын “авто тетиги” катары ала жүргөнгө окшогондор бар экенин, маселен Акаев-Бакиев бийлигинен бери карай эле ээрден түшпөй келаткандар бул ирет да техникалык өкмөткө өтүп кеткенин какшыкка алган.

Бийликке келери менен карыганына карабай Акүйгө жулунгандарын эс алууга айдап, жалаң жаштарын апкелген грузин президенти Саакашвиличе боло албаган президент Роза Отунбаеванын чечкинсиздигине жаны ачыган.

Гезит андан ары карай “Акүй менен Көкүйдү уу-дуу кылган ушактар жүрүп жатат, ага караганда президенттин админстрация башчысы Эмил Каптагаев кадр саясатын талкандай чалып, министрлик орун үчүн 200 миң доллардан алып жаткан имиш, учурунда Австриядан кочкорлорду алдыртып келип, кыргыз казынасын миллиондорго какшыткан Костюкту да ушул Каптагаев таап келиптир” деп;

“айласы кеткен Азимбек Бекназаров кирерге партия таппай, эми Жогорку Сот менен Конституциялык соттун ашташкан жерине олтуруу үчүн “жылчык” издеп жатканын уктук” деп;

“кечээ эле “Бакиев менен Куловдун тандеми Кыргызстанды чыныгы өнүгүүгө алып чыгат, биз урматтуу Курманбек Салиевичтин реформасын колдойбуз” деп партия түзүп, кийин айрымдары “Ак жолго” кире качып, ишмердүүлүгү токтогон “Содружество” партиясы кайрадан башын көтөрдү” деп кабар таратты.

Борборду Ошко көчүрүү пикирин жактаган журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Борбор Ошко көчүрүлсө...” деп аталат.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин “Кыргыз өңү жолдорундай кыргыздын” деген макаласы Бишкек-Торугарт жана Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы жолдорунун айласыз абалын талдоого алган.

-Техникалык өкмөттүн түзүлүшүнө көз карашыңыз?

-Эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы барбы?


Гезит ушундай суроолор менен айрым жарандарга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

Экономист А. Сарыбаев: - Техникалык өкмөттүн курамы купулума толгон жок, баягылар эле. Убагында мамлекетке 1 тыйын пайда алып келбегендер келди.

2-суроого: - Көрүнгөн күчтөрдү кийре берсек кийин Ооганстандын кейпин кийип калабыз.

Акыйкатчы Т. Акун: - Жаңы түзүлгөн техникалык өкмөткө көз карашым түз.
2-суроого:- Эл аралык күчтөрдүн киргизилиши бийликтин кетирген чоң кемчилиги.

Саясат талдоочу Т. Какчекеев:- Ичим толгон жок. Акаев менен Бакиевде иштеп кыйратпагандар эми 3 айдын ичинде эмне иш кылмак эле?

2-суроого:- Чет мамлекеттен келген полиция биздин кемчиликтерди өз кызыкчылыгына пайдаланат.

Өндүрүшчү О. Дүйшеев:- Эл башкаруу жеңил эмес. Кырдаал оор. Техникалык өкмөткө өз ишин мыкты билген адамдар келди деп ойлойм.
2-суроого: - Эл аралык полция күчтөрүн айрым адамдар туура эмес түшүнүп жатат. Полициянын милдети дүйнөлүк тажырыйбаны биздин аскер күчтөргө үйрөтүү, мен бул чечимге каршы эмесмин.

Ушул эле санына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматованын “Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...” деген ат менен маегин “Форум” гезити “Азаттык” радиосунан көчүрүп жарыялады.

Сиздер ошондой эле Түгөлбай Ата сыйлыгынын лауреаты Мелис Карыбековдун “Кара дуба” макаласынын уландысын, философ Владимир Фарафановдун “Кыргызстан: оорчулуктун догоосу” аттуу ой толгоосун, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 129 адам кол коюп, президент Роза Отунбаева башында турган бийлик өкүлдөрүнө жолдогон катын жана башкаларды окуй аласыздар.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын техникалык өкмөттүн алгачкы жыйынындагы сөзүн, өкмөттүк ар кандай жолугушуулар, куттуктоолор, колдоолор, жардамдар жана улутташтыра турган мекемелер жөнүндө маалымат топтомдорун басты.

Мындан кийин гезитке Ички иштер министринин 1-орунбасары, генерал-майор Бактыбек Алымбеков маек берип, окурмандарды Оштун азыркы абалы менен кабардар кылган.

Облус коменданты акыркы күндөрү Ошто миграция күчөгөнүн, көбү Россияга ооп, кыргызы да, өзбеги да кезекке туруп, бирок арбынырагы өзбек улутундагы жарандар кетип жатканын кеп кылган.

Ушул эле санга философия илимдеринин доктору Кусейин Исаевдин “Маданият сакталса –улут сакталат” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү жарык көрдү.

- Президент Роза айымга кандай кеңеш берер элеңиз деген суроого профессор Исаев:

-Кошоматчы далай мыктыларды акмак кылып койгон. Алар эч убакта колунда жок кембагалдарды жандабайт. Кошоматчылар мансаптууларды жандап, жасакерленип, миң кубулуп, керек болсо жанын садага чабуудан аянбачудай түр көрсөтүп олтуруп ичи-коюнга кирет. Кошоматчы ишенимиңе кирди дегиче өлдүң дей бер. Ошентип кыргыздын далай мыктыларын бийлик, байлык анан кошоматчылык бузган. Ушул үчөөнөн сак боло көр дээр элем,-деп жооп берген.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Соттун көзү жумулуп турса да көкүрөгү көрүш керек” деген макаласы сот көйгөйүнүн көлөкө жактарына багышталган.

“Көк асаба” гезити бүгүнкү санын: “ Манас жолу – Улуу Жүрүш катышуучулары “Айкөл Ордодон” аттанганы турат” деген баштема менен ачып, Турусбек Мамашовдун ат жалындагы маегине орун берген. Турусбек мырза Алтайга жүрүшкө аттанчулардын узак сапары 27-июль күнү мына ушул “Дасмиянын” алдынан башталарын кеп кылат.

Саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Көпчүлүк саясатчыларды өлкө өнүгүүсү кызыктырбайт” деген ат менен тартууланды, бирок андай саястчылар кимдер экенин ал атаган жок.

Каскадер Нурбек Болотов гезит кабарчысы менен интервьюсун “Улуу Жүрүштүн руханий жагы маанилүү” деп атап, ушу тапта элдин бүйрүн кызытып аткан Алтай жүрүшүнө токтолуп, Алтайдан Кыргызстанга чейин 2800 километр аралык, демек, бара турган 40 адам машыккан чабандес болбогондон кийин мынчалык алыстыкка ат минип чыдоолору мүмкүн эместигин, жүрүш кулакка жакшы угулганы менен өтө оор болорун, анын үстүнө Алтайдын аттары кандай экени белгисиздигин, арасында байталы да, айгыры да аралаш болгондуктан, айгырлар тебишип, бир топ түйшүккө саларын айтат.

Андан аркы сөзүндө Нурбек Болотов, дагы бир талуулуу маселе чек ара маселеси – башкы тоскоол болорун, ошондуктан бул жүрүшкө олуттуу маани берип, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарылдыгын баса белгилеген.

Кабарчынын: - Жүрүшкө чыккан топ 31-август күнү- өлкөнүн эгемендик күнүнө карата келип калышы керек экен, жетише алабы?-дегенине:

-25 күндүн ичинде 2800 километр аралыкты арабдардын мыкты жүргөн аттарын улам бирден алмаштырып минип олтурсаң да жетише албайсың. Мындай талапка адам өзү да чыдабайт. Кыскасы “жол азабы-көр азабы” деген элибиздин сөзү бар, бул жүрүш романтика эмес, оор түйшүк”, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG