Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити бүгүнкү санын “Республика” партиясынын президентке, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасына, саясый партиялардын жетекчилерине, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу менен ачты.

Гезит андан ары Бишкекте кечээ Кыргызстандын бүлүнгөн экономикасын калыбына келтирүү боюнча донордук конференция өткөнүн, сүйүнтө турган жагдай дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды жөлөп-таяп, жардам берүүгө даяр экендигин билдиргенин кабарлаган. Бирок күйгүзө турган да жагдай бар. Дүйнө ушинтип Ала-Тоого акчасын ала чуркап атса, өзүбүздүн капчыкбайлар кабыргасы кайышып, оор абалда турган өлкөнүн абалын карап койбостон жанталашып партия түзүп, жанталашып Адилет министрлигинен каттоодон өтүп үчүн чуркап жүрүшкөндөрүн кеп кылды. Маселен бир эле партиянын Бишкектин чок ортосунан алган офисинин бир айлык арендасы 7 миң доллардан ашат. “Аттиң, депутат болгусу келген азаматтар акчаларын очорулуп жаткан Ата Мекенин ордунан көтөрүү үчүн эмес, эптеп жылуу креслого жетиш үчүн салууга даяр турганын карагылачы?” деп жазды.

Журналист Виктор Виноградовдун макаласы “Кирүүгө да, чыгууга да болбойт же улуттук кризисттин өзгөчөлүгү” деп аталып, Бажы союзунун баш ооруларын, соода-сатык жана ишкерлик проблемаларын талдоого алды. Казакстан өткөн окуялардан улам 42 күн бою чек арасын жаап койгондун кесепетинен Кыргызстандын эң чоң базары болгон “Дордойдун” жоготуусу эле 1 млрд. долларды же өлкөнүн бир жылдык бюджетинин көлөмүндө болгонун, атаганат бир кезде өзүбүздөн өндүргөндөрдү эми өзгөлөрдөн ташып калганыбызды кеп кылган.

“Ким кайсыл партияда турат?” Аталган басылма шайлоо алдындагы кадрдык жайгашуулардын тизмесин шардана кылды. Анын баш сөзүндө ушу күндөрү жер-жердеги губернаторлор менен акимдер формалдуу түрдө тигил же бул партияга мүчөлүктөрүн токтоткон менен административдик ресурс баары бир болбой койбостугун белгилеп, ушу тапта облустук жана райондук башкаруу органдарынын көпчүлүгүн “Ата Мекен”, КСДП жана азырагын “Ак шумкар” партиясындагылар түзөрү айтылат жана 7 дубандын жетекчилеринин аты-жөнү, ээлеген кызматы, кимиси кайсы партияга таандык экендиги жазылган.

“Аругменты и факты в Кыргызстане” гезити булардан тышкары баягы кайра куруу деген башталып, Кыргызстан эгемендигине ээ болгондон кийин жергиликтүү орустардын көбү түпкү Мекенине көчүп кеткенин, көчүп кетүү кыймылы апрель, айрыкча Ош окуяларынан кийин кайрадан жанданганын баяндап келип, эзелтен бери кыргыз жерин жердеп, элин элдеп келаткан орус улутундагы жарандарды көчүп кетпөөгө чакырган “Славян биримдиги” деген жаңы уюм түзүлгөнүн, бул уюм славян улутундагылардын укугун коргоо үчүн уюшулганын маалымдаган.

Ошону менен бирге эле “Ажылык көңүл борборунда же Мекеге баруучу орундар кандайча бөлүштүрүлөт?” деген макаланы да окууга болот.

“Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгы “Коңшулар Бажы союзунун алгачкы жыйынтыгын чыгара башташты” деген ат менен Нурлан Исмаиловдун макаласына орун берди.

Орусия үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң эле жакыны Казакстан болду. Анын үстүнө башка коңшу өлкөлөргө караганда Россиядан жардам же жеңилдик суранбаган, финансысы туруктуу, жаратылыш байлыктары мол Казакстан орустар үчүн бардык жагынан ыңгайлуу. Бул эки өлкөнүн Борбор Азия менен Кытайга чыга турган рыногу да бир. Ошондой эле Казакстандын куралдуу Күчтөрүнүн 95 пайызы Орусиянын аскер-өнөр жай комплексине байланышкан. Анын үстүнө бул эки өлкөнүн ортосунда бүгүнкү күндө саясый жактан да, экономикалык жактан да принципиалдуу ажырым жок.

Макала андан кийин Кыргызстан тууралуу кеп кылып, Орусия менен Казакстан биздин өлкөнүн эң негизги соода өнөктөштөрү болгондуктан бажы союзуна киргени жаман болбос эле, бирок бутубузду Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүбүз тушап турат деп жазды.

Гезиттин “Он жылдан кийин” деген макаласында Орусиянын жана Казакстандын өкмөттүк делегациясы менен сүйлөшүү учурунда вице-премьер-министр Амангелди Муралиев күзгө жуук Баткен тараптан жоочулар кириши мүмкүндүгүн жокко чыгарбастыгын, ушундай маалыматтар жакында алынганын айтканын талдоого алган.

Саясат таануучу Марс Сариев жоочулардын каптап киришине ишене бербейт, непадам ошондой болуп калган күндө да анын мизин кайтаруу үчүн коңшу өлкөлөрдүн аскерий күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн кереги жок деп эсептейт.

Ал эми казакстандык саясат таануучу Рустам Бурнашевдин ою боюнча Өзбек Ислам Кыймылы менен Бириккен Тажик оппозициясынын ансыз да Ооганстан жана Тажикстандагы өз проблемалары жетиштүү. Демек мындан улам алардын Фергана өрөөнүнө интервенция уюштурганга кудурети жетпейт. Бурнашевдин айтуусунда Өзбек Ислам Кыймылы азыр өз ара биримдикке келүү маселеси менен башын оорутуп атса, Бириккен Тажик оппозициясы тарыхта факт жүзүндө гана жашоодо, анткени анын айрым командирлери кылмыш аталыктарына айланып кеткендиктен бул уюм аскердик-саясый уюм катарынан чыгып калган.

Кыргыз саясат таануучусу Токтогул Какчекеевдин байкоосунда террорчулардын өкмөттүк аскерлерге каршы согуштук аракеттерге барышы мүмкүн эмес. Албетте Александр Собяниндин чек ара маселелерине байланыштуу жиберген билдирүүлөрүнө көңүл буруу зарыл, бирок бул маалыматтарды текшерип чыгуу да керек. Анын үстүнө биздин түштүк чек араларында ар кандай жоочулардын мизин кайтарууга күч жетиштүү. 2000-жылдагы Баткен окуясы көп нерселерге көздү ачып кеткен. Анткен менен Токтогул Какчекеев Жамааттык Коопсуздук Кеңеши уюмунун 2-аскери базасынын Түштүктө жайгашышын каалайт.

Кыргыз жана казак коллегаларынын мындай ойлоруна Орусиянын стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Дмитрий Александров да кошулуу менен Кыргызстанга эл аралык террорчулар баш бага турган болсо Орусия дароо аскердик жардамга келерин кошумчалайт.
XS
SM
MD
LG