Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Басма сөз: Шайлоо өнөктүгү курчуп барат


Бүгүн "Форум", "Кабар", "Кыргыз туусу" жана "Доор" гезиттери жарык көрдү. Алардын башкы темасы - шайлоо өнөктүгүнүн көйгөйлөрү.

“Форум” гезити: “Закиржан Бакиевдин “баласы” Нариман Түлеев мынча байлыкты кантип топтогон?” деген аталышты, анын менчигине тиешелүү имараттардын жана Курманбек Бакиевдин алтындан жасаткан бюстун кучактап алган Түлеевдин сүрөтүн басуу менен бүгүнкү санын ачты.

Түлеевдин ишмердигине арналган бул макалада Бишкекте эле Наримандын 17 үйү барын, бирок бири да өзүнө катталбаганын, ар бири 200 миң долларлык үйлөрдүн бир даары уул-кыздары менен тууган-туушкандарына катталганын кабарлап, 17 үйдүн тизмесин, ага кошуп толук дарегин жарыя кылды.

Андан аркы бөлүм “Наримандын жеке менчик ишканалары” деп аталып, алардын тизмеси да дареги менен ачыкка чыгарылды. Саны 18. 18-си “Ак жол” камсыздандыруу компаниясы” деп аталып, Түлеев ушул компания аркылуу “Ата Журт” партиясына бир нече миллиондорду которуп тургандыгы айтылууда” деп маалымдады.

Макала аяктап баратып: “ ЭкспоСтрой жоопкерчилиги чектелген коомдон Н. Түлеев канча пайда көрөрү белгисиз, ал эми көп тармактуу “Сапатком” байланыш түйүнүнөн оңой эмес пайда көрөрү түшүнүктүү. Түлеевге таандык “ДосКредобанктан болсо интернеттеги маалыматтарга караганда өткөн жылы 31 млн. сомдон ашуун пайда тапкан. Анан ушундай чириген бай адамды мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албай байлык топтогон деп кантип айтабыз?” деп суроо койду.

“Форумдун” бул санынан “Республика” менен “Ата Журттун” “согушу” деген темадагы Бабанов менен Ташиевдин телетаймашын гезит Коомдук 1-телеканалдан көчүрүп жарыялады.

Бүгүн ошондой эле “Кабар” улуттук агенттигинин “Кабар” деп аталган гезити жарыкка чыкты.

“Шайлоочулар кантип жаңылбашы керек?” деген баштеманын алдында жарык көргөн маалыматта бир катар кеп-кеңештер берилген. “Кабар” агенттиги баштап, бара-бара талкуу айдыңына айланган “Демклубдун” жасаган иштеринен кеңири маалымат берилген.

Гезиттеги ошондой талкуунун биринде “Кабар” агенттигинин деректири Жыргалбек Турдукожоев шайлоого катышып аткан саясый партияларды 4 топко бөлгөн.

“1-топ-бул ал партияларды электорат колдой тургандыгына ишенгендер жана эл менен өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштей тургандар, 2-жана 3-топтогу партиялар – элди бир нече ирет алдагандыктан жана элдик байлыкты тоногондуктан жеңип чыгарына ишенбегендер. Алар азыркыга чейин элди кааалагандай алдай берсе болот дегендер” деп белгилейт.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев көп жагдайлар партиялык лидерлерге көз каранды экендигин, алардын катарында кыйын учурда эл менен бирге болуп, ошол эле учурда качып кеткендер болгонун кошумчаласа, Сапар Аргынбаев шайлоочулардын 80 пайызы добушун сатса, 20 пайызы гана таза добуш берерин, добушун саткан шайлоочулаор укугун, ага кошуп ар-намысын сатып, абийрин жоготкондор болорун, бирок өлкөнү добушун сатпагандар, абийри тазалар гана сактап каларын айткан.

Гезиттердин катарын бүгүн ошондой эле “Доор” деп аталган жаңы гезит толуктады. Башкы редактору Эртабылды Аттокуров. Нускасы бир жарым миң.

Гезит Эртабылды Аттокуровдун “Добуштар сатылабы?” жана “Жалган кантип жаралат?” деген макалаларына орун берди. “Маселе Акаевдин же Бакиевдин учурунда кызматта турганында эмес, анын ошол кызматта кандай иштегендигинде” деп белгилеген журналист андан ары эки бийликте иштеген эр азаматтарды элдин эсине салган.

“Доор” гезити муну менен бирге “Ким экенин ким билет?” деген макала басып: “Наристе кыздын тагдырына күйгөн Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев Петровка окуясында ак жеринен күнөөлөнүп камакка алынган. Ал эми Равшан Жээнбеков булар тарткан азап-тозоктун бирин да тарткан жок. Чет өлкөлөп качса “аял башын эр кылып” иштеп аткан Роза Отунбаева деле качып кете алат эле го? Учурунда “качкын” десе чычалагандардын эми “баатыр” болуп чыгышы калыстыкка жатаар бекен?” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити окурмандардын каттарын, расмий материалдарды окурмандарга тартуулады. “Жашасын Кыргызстан” саясый партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын маеги “Кыргызстандын тагдырын чечкен бир күн” деп аталат. Анда башынан аягына чейин өзү катышкан 7-апрелдеги кандуу окуянын кандай болгонун баяндап берген. Үзүндү келтирели.

“Мен ак желек менен андан ары кете бердим, Акүйгө киргизип жиберишти. Акүй тараптан бирөө: “Аткыла!” деп кыйкырды. Дагы бирөө: “Атпагыла, бул Токтайым Үмөталиева!” деп кыйкырды. Мен Акүйгө кирип: “сүйлөшчүлөрдү дароо алып келгиле, антпесеңер штрум болот!” деп талап койдум. Бир жигит келди. “Балдар, эмнеге өзүңөрдү өзүңөр өлтүрүп атасыңар?” деп кыйкырдым. Алар: “Кандайча?! Андай болушу мүмкүн эмес. Биз кур дүрмөт менен атып атпайбызбы?” дешти. Көрсө кээ бир катардагы милиционерлер, Акүйдү коргогондор аянтта адам өлтүрүү болуп жатканын билишпептир… Мага тамдардын үстүндө снайперлер жүрүшкөнүн дароо эле айтышты. Биз 22 снайперди санадык” дейт Токтайым Үмөталиева.

“Кыргыз туусу” андан ары Кыргыз эл баатыры Күлүйпа Кондучалова жөнүндө “Улуттук маданияттын Умай энеси” деген макаласын басты.

Кыргызстандагы аскердик базалар өлкөнүн туруктуулугу үчүн кепилдик бере алабы? Ушул маселе боюнча аталган гезит саясат таануу илиминин кандидаты Орозбек Молдалиев менен тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаевдин ойлорун ортого салган.

Эки аналитик тең бүгүн өтө кылдат сясат жүргүзүп, кандай гана келишим болбосун аны өзүбүздүн кызыкчылыкты көздөп түзүү керектигин, анткени ар кандай аскер базасын киргизүү баары бир тымызын колониалдык саясат жүргүзүүгө жол ачарын, мамлекетибиз азыр кыйчалыш кырдаалда турганын, буга эң ириде сырткы күчтөр эмес, өзүбүз күнөөлүү экендигибизди айтып чыгышты.
XS
SM
MD
LG