Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Эл тагдырын Элебай-аке эмес, эл өзү чечет


Бүгүн "Лозунг", “Дело № ...” гезиттери жарык көрдү.

“Республика” саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун кайрылуусун 1-бетине жарыялоо менен жарык көргөн “Лозунг” гезити: “Куловго бийликтеги партиялардын бири жалданма киши өлтүргүчтөрдү камдап жаткан имиш, анын санаалаштары жакында ага кол салуу болорун жар салды” деп;

“Ата Мекен” партиясынын лидери маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелигин Бишкектин опера жана балет театрынын алдына тургузам деп маалымат таратты. Маркумдун арбагына акаарат келтириш адам сапатына сыйбайт. Бирок театрдын алдына эмдигиче Абдылас Малдыбаев менен Болот Миңжылкыевге эстелик кое албаган кыргыз, Текебаевдин койгон эстелигин кабыл алар бекен, кеп ошондо” деп;

Мурдагы “темир”, азыркы “желим” генерал Феликс Кулов Кыргызстанды Орусиянын федерациясына айлантам десе, Адахан Мадумаров кыргыз элин кайын-журту болгон казактын койнуна салып берем дейт” деп;

“Жакында жакшылап иштеп бере албагандыгы үчүн Бабырбек Жээнбеков Антимонополдук комитеттин башчылык кызматынан кетет деген кабар бар” деп маалымат таратты.

Ушул эле “Лозунг” гезити: "Шайлоо процессине Орусия бийлиги кирише баштады деген пикир бар. Ал алдыдагы шайлоого канчалык таасир этиши ыктымал",-деп суроо салды.

Экономист Айылчы Сарыбаев: Орусия түздөн-түз киришип атат деп айтууга мүмкүн эмес. Кээ бир намысы жок, саясый деңгээли тайкы партиялардын жетекчилеринин Орусияга барып жолукканын кийлигишүү деп айтууга болбойт. Тескерисинче, биздин өлкөнү дүйнө алдында шылдың кылат,-деп;

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев: Россия башынан эле киришип атат. Айрым саясатчыларды чакырып алып, ушактарды уялбай эле видеоролик кылып теледен көрсөтүп атат,-деп;

Журналист Турат Акимов: Жолугушуп келүүлөрдү кийлигишүү деп атоого болбойт. Россия кимди чакырса өзү билет. Ал эми кандай кылуу чечимин лидерлер өздөрү чечет. Ким эле Россия жетекчилери менен жолукканга барбасын, мени чакырса мен деле бармакмын,-деп жооп берди.

Гезит саясый партиялардын үгүт иштерин даңазалаган материалдарга да кенен орун арнаган.

Мырза Койчуманов деген автордун макаласы “Эмнеге “Ата Журт” дешет?” деп аталып, анысында партиянын алдыңкы сабында тизмеленген эр-азаматтардын өткөн президенттердин доорунда кимиси канча акча мойсогонун, кимиси Бермет Акаевага “свадебный” күйөө бала болуп, кимиси Жайсаңбаевди кылмыш жазасынан актатып жибергенин, Марат Султанов менен Ахматбек Келдибеков Максим Бакиевге канча бергенин айтып чыккан. “Камчыбек Ташиев парламенттен кеминде 45 орун алабыз деп опурулууда. Бирок К. Ташиевге караганда он эсе тилдүү А. Мадумаров түштүктө жүргөндө “паракорлордун” баары “Ата Журтта” отурат, ал партияга добуш бергенче жаңы партиялардын бирин колдосоңор ыйманыңар таза болот “ деп түштүк элинин кулагына куюп жатыптыр. Демек “атажуртчулар” канчалык калк көйгөйүн көтөрөбүз дебешсин, алардын жеп-ичкен көнүмүш адаты кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт” деп жазды.

“Дело № ...” гезити бүгүнкү санын ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин “Шайлоону саясатчылар да, бандиттер да үзгүлтүккө учурата албайт” деген сөзү менен ачты. Кыргызстандын башкы милиционеринин айтуусунда бүгүн кылмыш дүйнөсүнүн эч кандай саясый “крышасы” жок, андыктан өлкөнүн саясый турмушуна кылмышкерлер таасир эте албайт.

Гезитке өлкөнүн Башкы прокуратурасы издөөөгө алган, ушу тапта ар кайсы өлкөлөрдө жашынып, качып жүргөн Бакиевдердин, баш-аягы моюндарына кылмыш кылтагы илинген 19 кишинин тизмеси жарыяланды.

“Уюшкан кылмыш дүйнөсү дагы бир лидерге кемиди” деген маекте кылмышкерлердин арасында “Водолаз” деген ат менен белгилүү болгон Максат Абакиров Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, абакта жатканын, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күч органдары ушул жылдын май айынан тартып колго алганын, жакында эле саясатчы Тайырбек Сарпашевге кол салуунун саясатка эч кандай тиешеси жоктугун, ал кадимки эле каракчылык экенин кеп кылды.

“Кыргызстан дагы бир маселенин алдында турат. Профессор Аскар Акаев Москва Мамлекеттик университетинде сабак берип жүрсө, илим-билимден алыс өскөн Курманбек Бакиев Белоруссиянын артелине ишке орношуп, балдардын куурчагын жасаганы жатыптыр” деп макаласын баштаган “Дело № ...” басылмасы келаткан шайлоо, Кыргызстандагы Америка менен Россиянын аскер базалары, Россиянын дагы бир база ачкысы келип, биздикилер Канттагы аскер базасы жайгашкан аймакты орустарга 49 жылга арендага бермекчи болуп, эки тарап колдорун кое турган кагаз-кугаз жуп даяр болуп калган кезде, Россиянын Коргоо министри Анатолий Сердюков күтпөгөн жерден келүүдөн баш тартканын сөз кылды.

Андан ары “Ар-Намыс” партиясынын лидерин Д. Медведов кабыл алары менен эмне жазарын билбей араң турган массалык маалымат каражаттары “Кремль кимди тандарын көрсөттү” деп сүйүнчүлөгөнчө шашканын, буга улай эле АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Блейк мырза: “Президент Обама Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолуккусу, Борбор Азия аймагында алгачкылардан болуп парламенттик демократияны курмакчы болгон кыргыз элине жана Кыргызстандын өкмөтүнө ушундай өтө маанилүү учурда колдоо көрсөткүсү келет” деп айтканын дүйнөгө жар салды.

Ошентип Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгү Россиянын сценарийи боюнча кетет деген ой-пикирлердин тамыры тайыз экенине, ал солкулдай баштары менен АКШ президенти Барак Обама кыргыз президенти Роза Отунбаеваны кабыл алганына, Вашингтон иштин көзү кайда баратканын эң сонун түшүнгөнүнө, демек эми Россиянын жалгыз эле Отунбаева менен эмес Обама менен да эсептешүүсүнө туура келерине басым жасады.

Гезит кабарчысы эми мындан аркы окуялар кандай өңүттө өнүгөрүн божомолго алуу менен: “Кыргызстанга деги ким көбүрөк берип жатат – Батышпы же Россиябы?” деген суроону койду.

Ал эми биз, “кандай болгон күндө да баарын 10-октябрь күнү эл өзү чечет” деген сөз менен бүгүнкү баяндамабызга чекит коймокчубуз.
XS
SM
MD
LG