Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Өлүм жазасына каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күндүн алдында Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга кайтуу керекпи же жокпу деген талаш-тартыш дүрт этти.

Коопсуздук кеңештин 23-сентябрда өткөн аппарат жыйынында коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров өзүнүн жеке пикири катары өлүм жазасын калыбына келтирүү керектигин билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов дагы бул пикирди кубаттап, өлүм жазасы алынып салынган үчүн кылмыштуулук күчөп жатканын айта кеткен.

Укук коргоо тармагындагы аттуу-баштуу жетекчилердин көтөргөн демилгесин укук коргоочулар дароо эле сындап чыгышты.

Акыйкатчы Турсунбек Акун өлүм жазасын калыбына келтирүү аракеттеринин Кыргызстандын эл аралык аброюн түшүрө турган опурталдуу жагы бар экенин эскертти.

- Мени аябай өкүндүрөт ошондой билдирүү болгону. Анткени, бизде атайын референдум болуп, Баш мыйзам кабыл алынган. Ошол Баш мыйзамдын негизинде өлүм жазасы жоюлуп, өмүр бою түрмөдө отуруу жазасы менен алмаштырылган. Мыйзамдар да ошондой иретке келтирилген. Президент да өлүм жазасына каршы аракеттерди көрүп, Курманбек Салиевич Бакиевдин демилгеси менен ишке ашып атат. Акаевдин учурунда ишке ашкан эмес. Ал эми ошол президенттин алдында иштеп жаткан адам кайрадан өзүнүн пикирин айтып, жеке пикирим деп, ойлонбой сүйлөп ушинтип атат. Бул бир гана мамлекеттик деңгээлде, биздин мамлекеттин адам укуктары боюнча аброюн гана түшүрөт.

Арийне сот тармагы корррупциянын чеңгелинде турганда, акыйкатсыздыктын айынан бейжазык эркинен ажыраган жарандардын болушу мүмкүндүгүн билдирген көрүнүштөр да кездешет. Мисалы, уулу өлүм жазасына кесилген Айчүрөк Карабалаева аттуу эне: “уулумдун кылмышкер деген аты агарса, сыздап ооруган жүрөгүм сакаймак” деп, дале болсо соттон акыйкаттык күтүп, үмүт менен жашап келатат. Айчүрөк эненин уулу адам өлтүргөн деген айып менен камалып, өлүм жазасына өкүм кылынган. Күлгүндөй курагында абакка түшүп, кыркка чамалаш өмүрү темир тор артында өтүп жатат.

- Акыйкаттыкты териштирген сот болгондо уулум бул кезге чейин түрмөдө отурбайт эле. Дале болсо үмүтүм бар, адам тагдырына кылдат караган, мыйзамды сыйлаган инсан чыгар. Анткени уулумдун кылмыш жасаганына ишенбейм, - дейт Айчүрөк Карабалаева. - Себеби бала күнүнөн жүрүш-турушу, кыймыл-аракетинде адам канына забын болгудай мүнөздү байкаган эмесмин. Эненин жүрөгү бир гана бала деп согот экен. Кантип түшүндүрөм. Сагынам уулумду. Көргүм келет. Айла канча... Менин тагдырымды бир да энеге каалабайт элем. Өлүм жазасы аткарылбайт дегенде ыйладым. Бул деген ак жеринен кеткен менин уулума окшогондордун кудайга үнү жеткендеги жарык болду деп эсептейм.

Өмүр бою абакка кесилген Марс аттуу жигиттин айтымында, аткаминерлердин өлүм жазаны кийирүү максаты - ар кандай жол менен бурмаланган адам тагдыры сыртка чыкпай, түрмөдөн ары атып, жок кылуунун аракети болууда дейт.

- Бөөдө жерден абакка соттоп салгандарды учурдагы кылмыштын көбөйүшүнө карата бир арга кылып, соттордун калпыс иштери үчүн, биздин үнүбүз жетпеген чиновниктер бизди атып салып кутулабыз деп жатышат. Анткени акыйкатсыздык коомчулукка жетпеш керек да.

Марс өзүн өлүм жазасына тете кылмыш жасаган эместигин айтат. Анын оюнча соттолгондордун бери дегенде 20 пайызын жөн жеринен, пара бергендердин ордуна, соттук иштерди жабуунун курмандыгы болгондор түзөт.

Жазык аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Айбек Турганбаев өз кезегинде абак жайларында адам укуктарын сактоонун жакшырышы үчүн соңку жылдары көп аракеттер жасалып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Кыргызстан адам укуктарынын жалпы Декларациясын урматтаган, ага баш ийген өлкө жана демократиянын баалуулуктарын сактоого умтулары азыркы Баш мыйзамды кабыл алып жатканда жарыя болгон. Мамлекеттик расмий бийлик ээлери ушундай көз карашта болуш керек деп ойлойм. Буга саясий, экономикалык, социалдык укуктарга кепилдиктер, өлүм жазасынын алынып салынышы, жаза өтөө мекемелериндеги реформалар, жыйынтыкта өлүм жазасын Кыргызстандын алып салышы өндүү олуттуу мисалдар мамлекеттик башкаруунун аброюн көтөрөт. Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча дүйнөлүк камкордуктардын идеяларына берилген бойдон калат. Мындан ары да адам укуктарынын жалпы Декларациясынын принциптерин, баалуулуктарын урматтагандыкты улантат. Андыктан мен да иштеп жаткан жеримде бир баалуу из калтырсам деген аракеттемин. Эркинен ажыраган атуулдардын абактагы укуктарын сактоо аракети тууралуу айтым жатамын. Мурда абактар эшиги жабык катары сыпатталып келсе, он-он беш жылдардагы аралыкта укук коргоочу, жактоочулар сыяктуу жардам колун сунгандарга колдоо берип, “ачык эшик” күнүн өткөрүү салтка айланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG