Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Бишкек кайрадан митингдер толкунунда


Митингге чыккандардын бир тобу Убактылуу өкмөткө нааразылык билдирип турушту.
Митингге чыккандардын бир тобу Убактылуу өкмөткө нааразылык билдирип турушту.

Бүгүн эски аянтка чогулгандардын бир тобу убактылуу өкмөткө нааразы болсо, бир тобу ордо калаанын мурдагы башчысы Н. Түлеевдин таламын талашты. Арасында убактылуу өкмөттү колдогондор да болду. Кечке жуук аянттагыларды Убактылуу өкмөт башчынын орун басары А. Атамбаевдин тарапкерлери алмаштырды.

Жогорку Кеңештин алдындагы эски аянтка эртең мененден баштап чогулгандар түш оогонго чейин ар кандай талаптарды айтып турушту. Алардын саны 3 миңден 5 миңге чейин жеткени айтылды. Чогулгандардын бир даары Убактылуу өкмөткө нааразычылыгын билдирип, мурдагы президент Бакиевди өлкөгө алып келип, жазалоо талаптарын коюшса, дагы бир тобу Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди кайра ордуна коюу талаптарын айтышты. Ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эл алдына чыксын деген да сөздөр айтылды.

Бул арада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү качып кетти деген да каңшаар кеп тарады. Бирок Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” мындай маалыматты четке кагып, ар кандай чагымчыл топтор өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салгысы келип жатканын, бирок мындай максат ишке ашпай турганын баса белгиледи.

Аянтта турган жаш саясатчы Урмат Акунов бүгүнкү митинг тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

-Азыркы Убактылуу өкмөт башында айылдарга май жеткирүү, кредит, үрөн деген маселелерди айтып алышып, бүгүнкү күндө ал айтылгандардын баары элге жетпей жатат. Элдин биринчи нааразычылыгы ушул болуп атат. Экинчиден, Убактылуу өкмөт эл менен байланышта болбой, учурунда үзөңгүлөш жүргөн ага-эжелеримден бүгүн мен да маалымат ала албай атам, мен маалымат ала албагандан кийин элге эч кандай маалымат жеткен жок.

Митингчилердин катары түш оой суюла баштап, кечки бештен өткөндө көпчүлүгү тарап кетти.

Бирок кечки саат алтыларда алардын ордун Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүбүз деген топ алмаштырды. Аянтта жүргөн кабарчыбыз бул учурда тегерек-четтеги бактарда анча-мынча ызы-чуулар болуп кеткенин кабарлады. Анын айтымында, бир адамды бир топ киши кубалап, качкан адам колундагы көп акча салынган баштыгын жулдуруп ийгенин кыйкыра айтып, чуркап жүрдү.

Саат жетилерге карай аянтка Социал-демократтар партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаевдин эки миңден ашуун жактоочулары чогулду. Алардын астына чыгып сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпастыгын билдирди.

Көп өтпөй аянтка чогулгандар тарап кетишти.

12-май: Бишкектеги нааразылык акция (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00


Аянттагыларды атамбаевчилер алмаштырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

XS
SM
MD
LG