Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Алай: “Исаковду бошотмоюн кетпейбиз!”


Сопу-Коргон айылынын кире беришине И. Исаковдун тарапкерлери төрт боз үй тигишти.
Сопу-Коргон айылынын кире беришине И. Исаковдун тарапкерлери төрт боз үй тигишти.

Алай районунун 200 чакты тургуну Сопу-Коргон айылынын кире беришине, Ош-Эркеч-Там автожолун бойлото төрт боз үй тигип, үч күндөн бери мурдагы коргоо министри, азыркы оппозициялык саясатчылардын бири Исмаил Исаковдун токтоосуз бошотулушун талап кылып олтурушат.

13-январь күнү кечке маал Алай районунун жетекчилери нааразычылык акциясынын эки жүзгө чукул катышуучулары менен жеринде жолугушту. Аларды адегенде акциячылар “Исаковго – боштондук! Элдик генерал токтоосуз акталсын!” деген кыйкырыктар менен тосуп алышты.

Кезектеги жооткотуу

Райондун акими Алмазбек Осмонов алайлыктардын 12-январдан баштап койгон негизги талабы губернатор аркылуу президент Бакиевге жеткирилгендигин жарыя кылды.

- Туугандар, биз деле сиздердин шартыңыздарды туура түшүнүп жатабыз.Бул маселе ушул жерде чечиле турган көйгөй эмес экен, - деп кеп баштады райондун акими Алмазбек Осмонов. – Мен эртең менен губернатор Мамасадык Бакиров менен сүйлөштүм. Ал саарлап сиздердин кайрылууңуздарды Бишкекке жөнөтүптүр. Муну президенттик аппараттан да ырасташты. Тиешелүү кишинин колуна тийиптир. Анан эми кандай жооп болот айта албайм. Жообу эртеңби, бүрсүгүнүбү же мен Гүлчөгө жеткиче келеби, билбейм. Бирок мен аны өз оозум менен угузам.

Бирок чогулгандар муну кезектеги жооткотуу катары баалашты.
Президентке кайрылуу жаза берип тажап бүттүк...

- Президентке кайрылуу жаза берип чарчап да, тажап да бүттүк. Бир жылдан ашык чечилбеген маселе эми бир күндө чечилмек беле?

"Бакиев колунан чай ичип, батасын алган генералдын энеси төшөктө жатат"

Бул аралыкта соттолгон генералдын бир тууган эжеси Шайырбү Исакова келген жетекчилердин арасындагы күч органдарынын бир өкүлү акциячыларды ачык эле коркутуп-үркүтүп жаткандыгын кабарлады:
"Куралыңар даярбы?" - деп телефондон кимдир бирөөлөрдөн сурап жатты.

- Мен тигил жактан келатканда өз кулагым менен уктум. Мынабул формачан иним «Куралыңар даярбы?» - деп телефондон бирөөлөрдөн сурап жатты. Курманбек Бакиевге бизди атып туруп алып барып бергиле! Генералдын токсонго чыккан, бир кезде Бакиев колунан чай ичип, батасын алган энеси бар, ошол кемпир улуу камалгандан бери төшөктө жатат. Ошону кошо аттырып, керек болсо көзүңөрчө өрттөтөм!

Шайырбү Исакованын кебин топтолгондордун дээрлик көпчүлүгү кубатташты.

Райондун акими Алмазбек Осмонов элдын тынчсыздануусун четке какты:

- Ким атабыз деп атат? Атканга неме жок, эже!

Ошол эле учурда аялдар уюмунун өкүлү Аккыз Алакөзованын баамында, өкмөтчүл телеканалдар генералды жаманаттылоо өнөктүгүн күчөтүшкөндүгү элдин кыжырын кайнатууда.

- УТРКдан генералды ичип-жеп койду деп атышат. Ал соттолгондон баштап жакшы кабар бербей калышты. ЭлТРдин деле жамандагандан башка сөзү калбаптыр. Эмне, Кыргызстанда Исмаил Исаковдон башка тема жокпу? – деген Аккыз Алакөзова УТРК жана ЭлТР Сопу-Коргонго кабарчыларын жөнөтүп, нааразычылык акциясынын калыс чагылдырышын жердештеринин атынан талап кылды.

Аймактын жетекчилиги бул суроону жоопсуз калтырды.

Ал эми Алай районундагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева сот камалган генералдын башын азат кылса, ал тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды жердештери төлөөгө даяр экендигин жарыялады:

- Эки бөлмө үй канча доллар турат экен? Ошол болбогон акчадан Кыргызстан чыгым тартып, кембагал болуп баратса, ошонун бардыгын мына биз төлөп беребиз! Генералды бошотуп беришсин!

Мындай демилге чогулгандар тарабынан колдоо тапты.

-Төлөйбүз!
- Төлөйбүз!
- Таза адамды түрмөдөн бошотуп алганга кудуретибиз жетет!

Бийлик үчүн иштеген мыйзам

Райондун прокурору Таалай Абдиваитов ырасташынча, Исмаил Исаковдун түйшүгүн жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

- Исмаил Исаковдун Бишкекте жактоочулары бар. Чыгым ордуна коюлдубу, же жокпу, билбейт экемин. Ошол маселе эми аскер сотунда каралып атканда, ушул чыгым төлөнсө, албетте, анда сөзсүз жеңилдик болот. ("Азаттыктан" - Коргоо министрлигинин офицери Руслан Исаковго берилген эки бөлмө үй 2007-жылы эле ошол кездеги министр Исмаил Исаковдун буйругу менен министрликке өткөрүлүп берилген. Азыркы кезде ал үйдө төрт балалуу прапорщик Сыдыков жашайт. )

Ошол эле учурда прокурор Таалай Абдиваитов нааразычылык акциясынын катышуучуларынын аракетин мыйзамга сыйгыс жорук сыңары сыпаттады:

- Сиздердин азыркы бардык аракетиңиздер мыйзамсыз болуп атат. Сиздер минтип өзүм билемдик кылып боз үй тиккенге, же моминтип плакаттарды жазып алып пикеттте турганыңыздар болбойт. Азыр сиздердики санкцияланбаган пикет болуп атат.

Райондун прокурору боз үйлөрдү чечип, мыйзамсыз жоруктарды токтотууну суранып, антишпесе, нааразычылык акциясын уюштургандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартышаарын эскертти.

200 чакты кишинин басымдуулугу мындай тыюуга каршылыгын айтышты:
Мыйзам бийлик каалаганда эле иштеп, чындыкты айткандарга, же кедей-кембагалдарга келгенде иштебейби?

- Бир жылдан ашык ак генералды сүйрөп жүрүп соттодуңар. Мына мыйзам накта бузулду. Эмне, мыйзам бийлик каалаганда иштеп, чындыкты бетке айткандарга же кембагалдарга келгенде иштебейби?

Ошентип, бийлик өкүлдөрү менен Исмаил Исаковдун таламын талашкандар өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө орток чечимге келе алышкан жок. Өрөөндүн жетекчилери диалогдон майнап чыкпастыгын белгилеп, Бишкектин кайрылууга жообун күтүшөөрүн айтып, түндөсү райборборго кайтышты. Ал эми Сопу-Коргондогу боз үйдө калгандар 14-январь күнү кечке чейин алардын талабына оң жооп болбосо, Ош-Эркеч-Там автожолун тосушаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG