Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Кыргыз коомчулугу жаштардын диний сабатсыздыгын жоюу максатында “Дин таануу” жана “Диндер тарыхы” сабагын киргизүү жөнүндө маселени талкуулап жатат.

Жыйында жалпы билим берүү мектептеринде дүйнөлүк диндердин тарыхын, маданиятын окутуу жана өкмөт тарабынан диний окуу жайлардын ишмердигин көзөмөлгө алып, медреселердин мугалимдерине лицензия берүү маселелери талкууга алынды.

Себеби быйыл өлкөдө динге ишеним эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамдын аткарылышы тууралуу да пикирлер айтылды.

Мындан тышкары тегерек үстөлдө талкуланган маселелер тууралуу мамлекеттик Дин агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” айтып берди:

-Жыйындын негизги максаты кабыл алынган дин тууралуу мыйзамдын иштеши тууралуу маалыматты калкка жеткизүү, кемчиликтерин жоюу менен аны толуктоо. Ал жарым жыл ичинде ар кыл сындарга туш болуп келди,
-деди Каныбек Осмоналиев.

Ошондой эле тегерек үстөлдө диний билимсиздиктин айынан жаш балдар бир динден экинчи, андан үчүнчү динге өтүп, ата-энелери менен пикир келишпестиктер болуп жаткандыгы тууралуу да кеп болду.

“Диалог Евразия“ корунун президенти, түркиялык Мустафа Башкурттун пикиринде Түркиянын мектептеринде окутулгандай Кыргызстанда дагы дүйнөлүк диндердин тарыхы тууралуу сабак киргизүүсү зарыл.

-Ал сабакты өз предметин мыкты билген адистер өткөрүүсү зарыл. Балдар түрдүү диний агымдар, диндер тууралуу кеңири маалымат алып, диний ишенимди өз ыктыяры менен тутуусу керек. Ал жакта керектүү маалыматты ала албай, көптөгөн суроолору жоопсуз калса, ал жоопторду көчөдө издейт. Анын экстремистик багыттагы агымдарга кетип калуусуна эч ким кепилдик бере албайт.

Мына ушундай эле пикирди өлкөнүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаев да бышыктап, жалпы билим берүү тармагындагы мектеп программасына “Дин таануу” жана “Диндер тарыхы” сабагын киргизүү зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында диний билим алууга жоопкерчилик менен кароо керек. Ошондой эле диний билим берүүчү мугалимдер Билим министрлигинен лицензия алуусу шарт.

-Балдарга сапаттуу билим берүүнү көзөмөлдөө керек. Аны менен бирге жогорку квалификациялуу адистер балдарды окутуп, китеп, окуу куралдары менен камсыздаш керек. Бул предметти мектептин жогорку класстарына киргизүүгө болот. Бүгүнкү күндө бул маселе министрликте каралууда”, - деди Борис Кубаев.

Маалыматка караганда, азыркы мезгилде Кыргызстанда алтымыштан ашуун медресе, 9 ислам институт, 1 ислам университети бар. Бирок алар мыйзамга ылайык Билим берүү министрлигинен эч кандай лицензия албай эле балдарды окутуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун пикиринде өлкөдөгү диний сабаттуулук, билим берүү кооптондурган маселелердин бири.

- Биз диниий билим берүүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуубуз зарыл. Коомдун арасындагы динден келип чыккан конфликттер мамлекеттик деңгээлге өсүп кетиши ыктымал. Ушул себептен бул маселенин маанилүүлүгүн кыргыз өкмөтү да түшүнүшү керек. Бул багыттагы көйгөйлөр мамлекеттик деңгээлде чечилүүсү абзел. Себеби бүгүнкү күндө бул маселени чечпесек 10-15 жылдан соң Ооганистан менен Пакистандагы окуяларга туш болушубуз мүмкүн. Мындан тышкары Кыргызстандагы атуулдардын, айрыкча дин ишмерлердин диний билимин жогорулатуу керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев дин тууралуу окуучуларга маалымат берүүнүн мааниси жогору экендигин, батыш өлкөлөрүндө ислам динин атайын жаманаттылоо күч алганын “Азаттыкка” айтып берди.

Бишкекте өткөн тегерек үстөл жыйынында медресе менен жогорку дин окуу жайлардын билим берүү сапаты кайсыл орган көзөмөл жүргүзүлүшү керек деген суроолор да талкууланды. Анын сапаттулугун жогорулатуу биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишине көз каранды экендиги, мындан тышкары мамлекеттик дин иштери боюнча агенттик да көзөмөл жүргүзүшү керек экендиги айтылды.

Жалал-Абад шаарындагы “Ислам таалими” борборунун жетекчиси Дилмурат ажы Орозовдун пикиринде динчилдик кесип эмес, бул жашоо ыңгайы.

Ошондой эле Кыргызстанда башка конфессияларда протестанттык багытта 15 диний окутуу мекемеси, 3 провославдык багытта чиркөөлүк –приходдук окуу жайы бар. Жыйында бүгүнкү күнгө чейин булардын бирөө да Билим берүү министрлигинен уруксаат документтерин албагандыгы белгиленди.

-Ал жактын билим берүү системасы барбы-жокпу али белгисиз. Анын биринчи себеби республикадагы бул багытта нормативдик-базанын жоктугу. Аны аяктаган бүтүрүүчүлөр куран, анын аяттарын жаттоо менен гана чектелет, -дейт Билим берүү министринин орун басары Борис Кубаев.

Бишкекте өткөн диний билим берүү көйгөйлөрүнө арналган тегерек үстөл жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик дин агенттигинин жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинин жана өлкөдөгү башка диний конфессиялардын өкүлдөрү, дин ишмерлери катышты.
XS
SM
MD
LG