Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Молдолор, адвентисттер, машаякчылар ишембиликке чыкты


Михаил Златковскийдин карикатурасы
Михаил Златковскийдин карикатурасы

Таласта ар кандай дин агымдарынын өкүлдөрү чогулуп ишембилик өткөрүп, бул аймактагы эң чоң токойду тазалашты.

Ишембиликти уюштурган “Манас -1000” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сирен Шейшенов өнүккөн мамлекеттерде диний агымдар ынтымактуу болуп, элге-журтка пайдалуу иштерди жасашарын белгилеп, мындай өрнөктүү иштерди Кыргызстанда да жайылтуу зарылдыгын билдирди.

Ислам жамаатынан ишембиликке келген Мухаммад Халид диний агымдардын баштарын бириктирүү өтө оор маселе экенин, бирок ошондой болсо да Талас токоюнун тазалоо сыяктуу элдик иштерден диний уюмдар да четте калбай турганын белгиледи.

Адвентистер жамаатынан келген Бакмурат Сейдибалиев ишембиликке келген ар кандай диний агымдардын максаттарынын баары бирдей, ошондуктан ушул шартты чыр чатаксыз туура пайдаланып калуу керектигин айтты.

Иса машаяк жамаатынан Самира Энкилбаева негизи ушундай акциялар көп өткөрүлсө, диний агымдар бири-бирин түшүнүп ынтымакка келет эле деген ойдо экен.

Талас облусунда бүгүнкү учурда атайын каттоодон өткөн 12 диний агымдын өкүлдөрү бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG