Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Быйыл Кыргызстанда мусулмандар башкармасынын жетекчилиги жана имамдары чоң сыноого кириптер болууда.

Советтик курамда Кыргызстан башка республикалар менен тең катар атеистчил эсептелип келген. 1990-жылдары күр кулаган коммунисттик идеологиянын урандасынын ордуна жаңы диндердин, биринчи кезекте жетимиш жылдан ашуун мезгил бою мамлекеттин катаал көзөмөлүндө болгон ислам дининин имараттары өсүп чыкты. Араб дүйнөсүнөн миллиондогон инвестициялар агып, мечиттердин, медреселердин саны тездик менен көбөйдү. Бишкектин борбордук мечитине айт-намазга жыгылгандар батпай калганы бара-бара шаардын ордо майданына көчтү. Бул мамлекеттин өлкөдөгү негизги динге карата жылуу ишарааты катары көрсөтүлдү. Бирок айрым талдоочулар бул окуяны бийликтер менен дин жетекчилигинин ортосунда кызматташуу башка түскө көчтү деп баа беришти. Алардын жүйөөсү боюнча, таасирдүү дин жетекчилери саясый ишчараларга, айталык, шайлоого жигердүү тартылып, бийликти сүрөп турганы үчүн ордуна өкмөт үйүнүн капталынан кең майданда диний маарекесин өткөрүүгө уруксат алышкан имиш.

Бир канча жыл мурда айт-намазга жыгылгандардын саны мамлекеттин башкы майданынан да ашып, өкмөттүк үйдүн айлана-тегерегине чейин чыгып баратканынан чочулаган өкмөттүк кызматкерлер бул жерде диний ишчарага тыюу салууга кам ура башташкан. Бул ниет мусулмандардын катуу нааразылыгын жаратып, узак талаштан кийин акыры шаардын башка жеринен жаңы мечит салганга чейин мамлекеттин башкы майданында айт-намазга уруксат күчүндө калтырылган. Ошентсе да, 2008-жылы Ноокатта айт күнү аянт талаштан дин тутунуучулар менен жергиликтүү администрация ортосунда кагылыш чыгып, натыйжада бир нече мусулман жаран түрмөгө кесилген.

Ал ортодо Кыргызстанда исламдын ар түркүн агымдары өнүм алды. Азыр бул чакан өлкөдө салафийлер, акрамийлер, хизб ут – тахрирчилер өңдүү ондогон ар башка агымдары ачык да, көмүскөдө да ишмердигин жүргүзүүдө. Бир катар серепчилер буга байланыштуу башка жамаатташ мамлекеттерден сүрүлүп чыккан агымдын баары Кыргызстанга качып өтүп, баш калка тапты деп баалашканы бар.

Мамлекет менен исламдын ортосундагы мамилеге көлөкөсүн түшүргөн көрүнүштөргө токтолсок, биринчи кезекте Хизб ут-Тахрир тууралуу сөз кылуу жөндүү. Постсоветтик баардык мамлекеттер менен катар Кыргызстанда да тыюу салынган бул агым конституциялык түзүлүштү күч менен кулатып, ордуна халифат түзгүсү келет деп айып менен куугунтукталып келатат. Бирок анын жактоочулары максатынан баш тартышканы байкалбайт.

Исламга байланышкан экинчи көйгөй катары, сыягы, ажылыкты уюштуруу маселесин атасак туура болчудай. Диний жетекчилик ажылык жолдомолорду чет жердик жарандардга жең ичинен сатып жиберип, коррупциялашып кетти деген доомат жыл сайын айтыла келип, быйыл зыяратчылыкты толугу менен өкмөт өз колуна алды.

Негизи эле быйыл Кыргызстанда дин башкармасынын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына байланышкан бир катар окуялар катталды. Апрель революциясынан кийин мурдагы муфтийди барымтага алып коё беришти. Андан кийин жаңы муфтийди ур-токмокко алышты. Ал эми июнда Ош-Жалал-Абаддагы улут аралык жаңжал дал мечиттеги таңкы азандан башталды деген кабар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарады. Бул кан төгүүлөргө тикелей тиешеси бар күнөө менен бир нече дин кызматкери эркинен ажыратылды. Анткени менен кыргыз өкмөтү өлкө мусулмандар башкармасынын жаңы жетекчилиги ислам азыркы оор кырдаалда жараштыруучулук жана жаратмандык вазипасын аткарат деп ишендирип жатышат.

Тек гана мындан ары мамлекет менен ислам дининин ортосунда карым-катнаш кайсы багытта уланат, мамлекеттин диндер боюнча ачык-айкын саясаты кандай болот? – деген суроолор али жоопсуз калууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG