Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү эки гезит негизги көңүлдү энергетика, дүйнөлүк экономикалык кризистин Кыргызстанга тийгизе турган жагдайы, чек ара жана миграция меселелерине бурду.

Кыргызстандын түштүгүндө коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселелери дагы эле чечилбеген бойдон кала берүүдө. Аймактык коопсуздук иштер боюнча эксперт Леонид Бондарецтин байкоосунда түштүктө жер талаштын айынан кандайдыр бир кагылышуулар болуп кетет дегенге негиз жок. Ошондой болсо дагы баткендик жергиликтүү тургундардын көчүп кетип жаткан бош ордун коңшу мамлекеттердин жарандары келип толтуруп жатканы чындык. Ырас эле бир аз жылдар өткөндөн кийин алар: “Биз Тажикстандын жараны болуп туруп эмне үчүн Кыргызстанда жашап жатабыз?” деген суроону кое башташы мүмкүн. Мына ошондон соң тажик өкмөтү бул аймак эзелтеден эле тажиктерге тиешелүү жер болучу деген “жүйөнү” бетке кармап чыгат. Бекеринен түштүк аймактагы чек ара маселеси 17 жылдан бери чечилбей, создуктурулуп келатат дейсиңерби деп белгилейт.

Тажикстандагы “Шарк” иликтөө борборунун деректири Музаффар Олимовдун ою боюнча, калк өтө жыш жайгашкандыктан бул проблема башынан эле Фергана өрөөнүнүн баш оорусу болуп келген. Анын үстүнө аталган аймактагы жер бөлүштүрүүдө турмуштун чыныгы жагдайлары эске алынган эмес. Илгертен эле тажик менен өзбектер дыйканчылыкка, ал эми кыргыздар мал багууга жан дүйнөсү жакын болгон. Муну да эске алган оң. Биздин кыргыз коллегалар Баткен менен Ош облусун жакын арада тажиктер менен өзбектер басып алганы калды деп жөндөн жөн эле көбүртүп-жабыртып жатат. Далилдүүрөөк айтсак, Кыргызстанда жерди жеке менчикке сатуу маселеси эбак эле чечилген болсо, Тажикстанда жерди жеке менчикке берүүгө тыюу салынган мыйзам бар. Балким ушуга байланыштуу чек арага жакын жашаган тажиктер кыргыздын иштетилбей жаткан жерлерин арендага алып пайдаланып жаткан чыгар. Ошондуктан чек ара маселеси мамлекеттер аралык жаңжалга алып келет деген сөздөргө мен ишенбейм, деп айтты Музаффар Олимов бүгүн жарык көргөн “Московский комосмолец Кыргызстан” гезитинде.

Ушул эле гезит окурман көңүлүн кыргыз бизнес аймагын коңшу өлкөлөрдүн ишкерлери кантип басып келаткандыгы жөнүндөгү макалага бурду. Мындан эки жыл мурда деп жазат гезит, кыргыз базарларына кытайлык уйгур жарандар толуп кетсе, акыркы жылдары алардын ордун кытайлардын өзүлөрү алмаштырууда. Адегенде биздин өлкөгө туристтик жолдомо менен келимиш болуп, андан ары “сиңип” кетип жаткан накта кытайлар бүгүн өлкөнүн түндүгүндө да, түштүгүндө да толтура. Оштун Кара-Суу базарындагы кытайлардын саны азыркы күндө 20 пайызга жетти. Ошону менен катар барган сайын кытай жээндер да арбын төрөлүүдө.

Гезит кабарчысы Елена Агееванын Президентке каты “Мен наристенин кантип өлүп баратканын карап турганды жакшы көрөм” деп аталат:

“Урматтуу Курманбек Салиевич!.. Сиз өзүңүздүн жарамсыз башкарууңуздун мезгилинен бери эле белди бекем бууй турган кез келди, иштей турган кез келди, ар бир адам өз кылган иши үчүн жеке жоопкерчилик тарта турган кез келди деп кайталап бүтпөй келесиз. Кээде ойлойм, бул айтылган сөздөр эмне себептен элдин кулумун деп жүргөн атка минерлерге багышталбайт да, качан болсо бийлик жактан, депутаттар жактан бир жаман кабар болуп кетпегейле деп коркуп-үркүп жашап жаткан элге багышталат деп. Энергетика министрин болсо кызматтан алып тындыңыз. Бирок кана анын дал ошол тармакты сызга олтургузуп, талап-тоногондугу үчүн жеке жоопкерчилик тартканы? Электер жарыгын өчүрө бергендин айынан жакында реанимацияда жасалма жол менен дем алдырылып жаткан наристе чарчап калганын жан дүйнөбүз аңтар-теңтер болуп карап турдук... Ошондо сиздин “социалдык объектилер өчүрүлбөйт” деген сөзүңүздү эстедик. Кудай-таала ата-энесине бала берсе, аны да ыраа көрбөй сиздин министриңиз аркы дүйнөгө алып кетти. Ата-энеси боздоп-сыздап кала берди... Албетте, Германияда дарыланган сонун экендигин мага айтпай деле койсоңуз болот. Андан көрө биз сизге ооруканадагы ажал менен арбашып жаткан адамдардын жанын колдоруна шам кылып, чырак кылып кармап алып темселеп басып жүргөндөрүн айтып берели. Өлкөнүн жарандык кодексин барактап олтурсам 489-статьянын 1-беренесинде: “Энергеия менен камсыз кылуучу уюм келишимде көрсөтүлгөн режимди сактоо менен абонентке энергия берип турууга милдеттүү, эгер келишимди бузуу менен энергия берүүнү камсыз кыла албаса келтирилген зыянды төлөп берүүгө тийиш” деп жазылып турат. Сиз буга жооп бере аласызбы? Жолдош президент, жер үстүндө Эң Жогорку сот деген бар, (мен Страсбургдагы Эларалык сотту айтып атканым жок) ошол Эң Жогорку сот келгенде сенин чоң экендигиңе да, бала экендигиңе да карабайт”,-деп жазылган катта.

“Дело №...” гезити Орусиянын Красноярск крайынын же бизче алганда Кызыл-Жар өрөөнүнүн өкүлдөрү кыргызстандыктарды тарыхый түпкү мекенине келип жашоого чакырык таштаганын, Орусия Федерациясынын бул эң чоң аймагына ушу тапта жумушчу кол жетишпей жатканын кабарлады. Ушул эле гезит бир эле Бишкектен Орусияга 30 миң үйбүлө көчүп кетип, 147 миң кыргызстандыктар акыркы үч жыл ичинде орус жарандыгын алды, бүгүн Орусиянын Калининград, Липецк, Калуга, Велгород облустары көчүп келип жашап калам деген каалоочуларга каалгасын ачып койду деп маалымдады.

“24 kg” маалымат агенттигине шилтеме кылган гезит, акча табам деп Орусияга мандикерлик кылып кеткен кыргызстандыктардын 100 миңге жакыны азыр орус жараны болуп катталып калды, муну КР мамлекеттик миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова билдирди деп жазып чыкты. Айгүл айымдын айтымында башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар өлкөдөгү шайлоого катышып добуш берүүгө укуктары жок. Бирок ошол эле учурда алардын көбүнүн Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган кыргыз паспорттору да бар. Паспорттун мөөнөтү бүтөрү менен өлкө жарандыгынан ажырайт, анткен менен кайра эле паспорт алганга укуктуу, себеби Кыргызстандын мыйзамы буга жол берет.

XS
SM
MD
LG