Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору тараткан маалыматка караганда укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө мажбур болду жана башка өлкөдөн баш калка издөө жөнүндө ою жок.

Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” курган маегинде укук коргоо ишине байланыштуу анын коопсуздугуна коркунуч келтирген билдирүүлөр болуп жаткандыктан ушундай кадамга барганын айтты.

- Сизди Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти деген маалымат тарады. Бул маалыматты сиз жетектеген “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму таратты. Ошонун себеп жайын айтасызбы. Чын эле чет өлкөгө чыгып кеттиңизби?

Төлөйкан Исмаилова: Анткени Оштон келгенден кийин мен офиске барганда биздин кызматкерлер мага маалымат беришти. Ушул жолугушуулар болгондо биздин өнөктөштөр менен чогуу, Феликс Кулов бизде маалымат бар, ушундай коркунуч бар, байкабаса криминал жок кылууга маалымат алган деп айтыптыр. Анын бардыгын жазып беришти.

Мурда да үй-бүлөмө коркунуч болгон. Ушул майдын аягында, июндун башында тааныш эмес аялдар келип, балдарым кайсы подъездге кирет, менин үйүм кайсы жерде деген маалыматты кошуналардан алышкан. Кошуналар кооптонуп, мага айтышкан.

Экинчи жагынан Ош жергесинде жүргөндө көп тараптуу коркунучта калганбыз, аны Азиза Абдрасулова да жакшы билет. Бирок, тилекке каршы, балким биздин көз караштарыбыз бирге болбошу мүмкүн. Анткени ал киши көп ишти жасап атат, ачык айта албайт. Ага да коркунучтар келген, Оштун мэри да бизге бир нече жолу “силер өзбектерге көп жардам бергендей болуп атасыңар” деп айткан. Оштун коменданты Курсан Асанов да “маалыматты түздөгүлө, бир жактуу маалымат болуп атат” деп айткан.

13-июндан 30-июнга дейре убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында болуп, ушунчалык мыйзамсыз иштерди өз көзүм менен көрдүм. Же болбосо Оштогу Шейит-Дөбө конушунда, Нариман айылында атайын операциялар кандай жүрдү? Мында ошол эле укук коргоо проблемаларын караганда саясий көз караштар байкалып турду.

Исмаил Исаков Ош жергесинен кандайча кеткенин өзү Фергана.ру сайтына ачык айткан. Оштун мэри мыйзамсыз иштерди жасап жаткандыгын айткан. Ошон үчүн биз иликтеген материалдардын бардыгы менин колумда. Фото, видео жана кыйноодо калган адамдардын интервьюлары бар. Криминал саясатка кийлигишип кеткенин 2005-жылдын 18-мартынан бери биздин уюм айтып келген, галстук кийип алып, бийликтин тепкичтеринде көп криминалдашкан саясатчылар отурганын.

Ошон үчүн Убактылуу өкмөттүн көп мүчөлөрүнүн көз караштарына биз шайкеш келе албайбыз. Анткени көп фактылар бар, Бишкектеги жана түштүктөгү жаңжалдарга себепкер болгон саясатчылар бар, аны тарых айтат. Ошон үчүн мен азыркы күндө адам укугу жана кыйноодо калган адамдардын тагдырын ойлоп, жеке үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугумду ойлоп, мен Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенге мажбур болдум. Мен баш паанек эч качан сурабайм, сөзсүз түрдө азыркы күндөгү тумандуу саясат кеткенден кийин кайра Кыргызстаныма кайтып барып иштейм.

- Кандай деп ойлойсуз, ушул коркутуп-үркүтүүлөр ким тарабынан жасалды? Кылмыш дүйнөсү деп атасыз, чын эле кылмыш дүйнөсү түздөн түз жасаса эмне үчүн бийликке кайрылган жоксуз?

Төлөйкан Исмаилова: Мен ошол коркунучту байкаганда чыгып кеттим. Анткени бийликтин адамдарды коргогонго жана акыйкат сот системасын түзүп бергенге күчү да, алы да жетпейт, аны түшүнүш керек.

Экинчи жактан мен билем, бийликте отурган адамдар милиция же болбосо сот органдарын, адилеттик институттарды эч качан пайдаланбайт. Мисалы, “ОБОН” деген аялдардын аябай күчтүү уюмдарына акча төлөнөт, экинчи жактан алар керек болсо оппозицияны болобу же болбосо ошол эле Түптөгү Дооронбек Садырбаев барганда башына таш менен урган адамдар бүгүнкү бийликтин пародиясы болуп калды.

Криминал сөзсүз түрдө өкмөттө отурган көптөгөн адамдардын жалдаган адамдары болуп уюшуп калган. Ошондуктан кыргыз коому жана кыргыз бийлиги сөзсүз түрдө коррупциядан гана эмес, кылмыштуу уюмдардан алыс болуп жана аларды жокко чыгарганга аракет жасабаса, Кыргызстандын бүгүнкү күнү жана келечеги туман болуп калат. Анткени адам өзүн өзү алдай албайт, эки жүздүү, үч жүздүү саясатты жасаган менен укук коргоочу болобу, журналист болобу, чыныгы позициясы болмойунча эч качан өкмөттүн структуралары реформа болбойт.

- Ош, Жалал-Абад коогалаңы боюнча Кыргызстандын коомчулугу бир жактуу маалымат таратып атат деп бир топ Батыш маалымат каражаттары да доомат артты. Сиз өзүңүз да Азиза Абдырасулова менен Төлөйкан Исмаиловага бир жактуу маалымат таратты деген дооматтар айтылды дедиңиз. Сиз өзүңүз кандай баа берет элеңиз, ушундай дооматтын келип чыгышына эмне себеп болду?

Төлөйкан Исмаилова: Биз баланча кыргыз, же болбосо баланча өзбек жапа чекти деп эч кандай картага сүрөт түшүрө албайбыз. Биз көргөнүбүздү жана иликтегенибизди айтабыз. Биз – укук коргоочуларбыз. Мисалы, Привокзальное деген конушта 21 кыргыздын үйү өрттөнгөн. Ошол жерде алты күндөн кийин Сыягүл эжени таап келип, үйүн көргөзүп жана анын үй-бүлөсүнүн тагдырын айттык.

Экинчи жактан ошол Мады айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка ооруканасында биринчи жарадар болгон 97 адамдын тарыхын да дарыгерлер менен чогуу талкууладык. Ак Тилек кыргыз айылынан качкын адамдар кандай келгенин мен өзүм көрө алган жокмун. Мен Сыягүл эжеге кеткенде Азиза Абдырасулова калган. Алардын кандай шартта жашап атканын, кандай проблемалар менен иштеп атканын биздин өнөктөш Эркингүл Иманкожоева иликтеген. Ошондуктан биз көргөнүбүздү жана билгенибизди айттык.

Милиция формасын кийип, же мурда Ооганстанда кызмат өтөгөндөр, же коргоо органдары жалаң бир форма кийип алып, тазалоо иштери деп адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, Нариманда 37 адам аябай катуу жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын өз көзүбүз менен көрдүк. Биз айттык, жалгыз гана кыргыздардан турган армия, же болбосо милиция эч качан түштүк жергесине жардам бере албайт.

Сөзсүз түрдө азыркы күндө эл аралык изилдөө керек. Үй-бүлө болобу, же болбосо регион болобу, же өлкө болобу өзүнүн каталарын эч качан эгемендүү көз менен карап, анализ жана жыйынтык чыгара албайт.

Экинчиден, эл аралык комиссия сөзсүз түрдө иштеш керек, ал бир тараптуу болбой, чыныгы каталарды изилдеп жана президентке, жарандык коомго сунуш жөнөтүш керек. Кыргызстан ЕККУнун мүчөсү катары бүгүнкү күндө Исмаил Исакович каршы болуп атат. Бирок биз дайыма айтып келгенбиз жана айтабыз: эл аралык полиция кыргыз менен өзбектин ортосуна туруп, адам укугуна жана таза иштеген аракеттерине жардам берет деп ишенебиз.

Ички иштер министри Кубатбек Байболов болуптур. Биз аябай сүйүндүк. Анткени професионалдуу милициясыз эч качан өлкө болбойт. Армия автоматы менен эмес, жарандык көз карашы менен, элим-жерим үчүн деген жоокерлер керек.

- Жаңжалдарда адатта баш аягын табуу, сиз өзүңүз айткандай, өтө татаал. Эл аралык комиссия тергеш керек деп атасыз. Азыр талаш туудурган негизги маселелердин бири ушул. Өзбек улутундагы жарандар курал-жаракты мурдатан даярдашкан деген бир тема козголуп, кийин “ушак деңгээлиндеги эле нерсе болушу мүмкүн, себеби далилдеген фактылар жок” деген пикирлер айтылып атат. Сиз бул өңүттө кандай карайсыз?

Төлөйкан Исмаилова: 2005-жылдан кийин Кыргызстанда курал-жарак аябай көп болгонун эксперттер айтып келген жана айтып жатат. Бул жалгыз гана өзбек жарандарга таандык эмес. Бүгүнкү күндө ошол эле ИИМдин чоң деңгээлдеги эксперттери айтып атат, курал-жарак Кыргызстанда көп жана аны стратегиялык адамдарга жаккан методдор менен алыш керек.

Оштогу коогалаң кандайча башталган? Биз билебиз, 10-июнда түнкү саат 10 жарымдан баштап “Алай” мейманканасынын жанында көптөгөн өзбек жаш балдары чогулган. Ошто жашабаган чоочун өзбек балдарды көрдүк, ошолор провокатор болду деп милицияда иштеген адамдар айтышты.

Эми коогалаң жалгыз гана 10-июнда башталган жок. Биз мурда Бекназаровго да суроо бердик: эмне үчүн 6-7-8-апрелде 90го жакын адамдардын өмүрү кетти, ошондо да прокуратура, тергөө институттары чыныгы кылмышкерлерди таппай, күнөөсүз адамдарды тергөө абактарына жаптыңар деп. Анткени тез аранын ичинде прокуратура өзүнүн ордун таппаса, тергөө институту эгемендүү сот болмоюнча эзмей саясат Кыргызстанда күчөп баратат. Күнөөсүз адамдар күнөөлүү болуп калууда.

Биз ошол эле Алимжан Аскаров деген укук коргоочунун тагдырын айткыбыз келет. Ошон үчүн журналисттер жана укук коргоочулар толук кандуу иштемейинче эч качан коррупция, мыйзамсыздык, жакырчылык Кыргызстандан кетпейт, жаңы, жакшы бийлик эч качан болбойт.

- Кыргыз улутундагыларды жактаган тарап чындык деп көрүп, далилдеп атышат. Мисалы, запкы көргөн кыздар жөнүндө айтып атышат. Сиз ушундай маалыматтарды угуп же чогулта алдыңызбы?

Төлөйкан Исмаилова: Биринчи күндөн баштап Ош институтунун жапа чеккен кыздары деп айтылгандан кийин изилдедик. Өзүбүздүн түйүн аркылуу Баткенге, Чоң Алайга чейин изилдеп, ошол кыздарды Азиза Абдрасулова экөөбүз таба алган жокпуз. Ошол жердеги кеңсени кайтарган адамдан баштап, 700гө жакын студенттер ал түнү болгон. 500 кыз жана 200 эркек бала. Алардын баары облустук администрацияга көчүрүлгөн.

Бир кыз кетип баратканда жолдон октун чачмалары тийип жарадар болгон. Ошон үчүн биз ал маалыматты бүгүнкүгө чейин тактап ала алган жокпуз. Экинчи жактан кыргыз кызды ооруканага алып келгенде, биз ага коопсуз шартты түзгөнгө аракет кылып, облустук прокуратура аркылуу анын кеңсесин кайтаргандай кылып, тергөө иштери ачык жүрүшүнө жардам берип, Азиза Абдрасулова экөөбүз ал ишти бүтүргөнбүз. Ал кыз менен кризистик борборлор иштеп атат.

24-25 июнда бир жаш аял ВЛКСМ качкын лагеринен референдумга катышам деп келген. Анын эки өспүрүм баласы, энеси жана эки иниси бар болчу. Эки инисин түн ичинде саат үчтө аябай сабашкан, эртең менен үйүнө беш солдат автоматы менен киришкен. Ал аялды аябай зордукташкан, эки баласын коркутушкан, эки инисин сабашкан, биз көрдүк короодо жаткандарын. Энесинин колун ок менен атышкан. Ошон үчүн андай адамдардын тагдыры бүгүнкү күндө иликтенип жана психологиялык, материалдык жактан жардам берилиш керек. Биздин уюм жана укук коргоочулар Ош жергесинде иштеп атат.

Биз антип өзбек, кыргыз же орус деп бөлүп айта албайбыз, биз Кыргызстандын жарандары деп айтабыз. Анткени бизге баары бир: орус болобу, еврей болобу, кыргыз болобу. Кыргызстанда жашаган 80 улуттун тагдыры жана укуктары бул ушунчалык ыйык жана ар бир адамга таандык. Ошондуктан укук коргоочулар "бул ак же көк" деп айта албайт. Бул – адам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG