Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Ата журт үчүн жан кыйгандар "Ата Бейитке" коюлду


7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, "Ата-Бейит", 2010-жылдын 10-апрели
7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, "Ата-Бейит", 2010-жылдын 10-апрели

Кыргызстанда 9-10-апрель аза күтүү күндөрү. 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү бүгүн Чоң-Таштагы "Ата Бейитке” коюлду.

9-апрелде Бишкектин түштүк тарабындагы Байтик айлынын бейитине Ак үйдүн алдында ок тийип, курман болгон төрт жигит жерге берилди.

Алардын бири «Замандаш» партиясынын мүчөсү, 52 жаштагы Жылдызбек Огонбаевдин сөөгүн коюу жөрөлгөсүнө маркумдардын тууган-уруктары, жакындары катышты.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн өкүлдөр аза күтүүгө барышкан жок.

«Дордой» ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековдун пикиринде, жалпы журттун эркиндиги жана келечеги үчүн жанын бергендерге «Кыргыз Эл Баатыры» деген ардак наам ыйгарылып, алардын ысымдары түбөлүккө унутулбашы керек.

Журналист Курмангазы Кыдыршаевдин эскерүүсүндө кудасы Жылдызбек Огонбаев мекенчил, кыргыз мамлекетинин келечегин ойлогон мээнеткеч инсан эле:

-Жаңы бийликке ишенели туугандар, ишеним болсо гана ийгилик жаралат. Курман болгондордун арты кайырлуу болсун. Аларды аткан бийлик өзүнүн өтө төмөндүгүн көрсөттү. Бир топ гана адам кыргыздын тагдырын чечип калышкан болчу. Жылдызбек мекенчил жигит эле.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун айтымында кандуу демонстрацияда 76 киши каза таап, миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкан адамдардын дээрлик көпчүлүгүнүн аты-жөнү такталганы менен 12 адамдын аты, дареги тактала элек.

-Учурда маркумдардын сөөктөрү сакталуучу сот-медэкспертизалык борбордо 21 адамдын сөөгү алынып кетпей турат. Алардын он экисинин аты-жөнү эмдигиче тактала элек. “Ата-Бейитке” 5 адамдын сөөгүн коюуга даярдап бердик.

9-апрелде аза күтүү расмиси Өкмөт үйүнүн алдында өтүп, ага эки миңден ашуун киши чогулду. Алар шейит кеткендердин арбагына багыштап куран окуп, кан төгүлгөн жерге гүл коюп, эскеришти.

Курман болгондордун айрымдарын жакындары туулуп-өскөн айылдарына, райондорго алып кетишкен. Айрымдары жогоруда айтылгандай 9-апрелде жерге берилди.

Курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев кандуу демонстрацияда каза тапкандарга Ала-Тоо аянтына алар үчүн эстелик тургузуу жөнүндө маселе каралууда деп билдирди.

-Бакиев бийлигинин кандуу колунан чырактай өмүрлөрүнөн ажырап, Ата Журттун тагдыры, жаркын келечек үчүн жан кыйгандардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, арбагына башыбызды ийебиз. Кандай болгон күндө да мамлекеттин келечеги, эртеңки жарык күн үчүн ажалга төш тоскон азаматтарыбыздын ар бир тамчы каны кыргыз журту үчүн ыйык. Эрдик деген ушинтип күтүүсүз жаралат.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ата Бейиттеги аза күтүү жөрөлгөсүнө катышары маалымдалууда. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин милдетин аткаруучунун орун басарларынын бири Темир Сариевдин айтымында 7-апрелде каза болгондорго убактылуу өкмөт 1 млн. сомдон төлөп бермек болду:

-Ар бирөөнө үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү катары өкмөттүн, мамлекеттин атынан 1 млн сомдон берилет. Оор жарадар алып ооруканада жаткандарга 100 миңден, ал эми жеңил жарат алгандарга 20-30 миңден берилет.

9-апрелде “Ак шумкар кут” жаштар бирикмесинин өкүлдөрү Мамлекеттик тарых музейинин алдына боз үй тигишип, окко учкан жаштардын арбагына куран окушту.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 1937-жылдагы репрессияда курман болгондордун сөөгү жаткан “Ата Бейит” мемуралдык комплексине 7-апрелде каза болгондорду кимдер экенин тактап, ылгабай туруп койгонго нааразы болгондор да бар. Бишкектин тургуну Ислам Ысрайыл уулу “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди.

“Ата Бейитке” барууну каалагандар үчүн саат тогузда Ала-Тоо аянтынан автобустар сунушталып жатат.

XS
SM
MD
LG