Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Сагынбек Момбеков кармоодобу же тойдобу?


Бакай-Ата районунан жердеш иниси Чаткал Жолдошев автоунаага салып алып кеткен саясий ырчы Сагынбек Момбековдун дайын-дареги так болбой жатат.

Алгач Бакай-Ата районунун борбору Бакай-Ата айылынын күн чыгыш жагындагы Сагынбек Момбековдун үйүнө барып, үйүнүн каалгасында чоң кулпу илинип турганын байкадык. Андан соң Сагынбек Момбековду кечээ күнү автоунаага салып кеткен мезгилде жанында чогуу болгон Динара Шаботоевага жолуктук.

Ал Азаттыкка Бакай-Ата району Таш-Кудук айылынан чыгып Кызыл-Октябрь айылын көздөй Сагынбек Момбековдун өзүнүн автоунаасы менен келе жаткан мезгилде аны ошол эле райондун тургуну Чаткал Жолдошев автоунаасы менен жолду тороп автоунаасына салып кеткенин кененирээк “Азаттыкка” айтып берди:

-Таш-Кудук менен Кызыл-Октябрдын ортосунда ээн талаада эки жеңил машина туруптур. Джип машинаны жолду тороп коюп, бизди өткөрбөй тосушту. Тоскондо Сагынбек байке машинеден түштү, тиги машинеден Чаткал түштү. Сагынбекти ары көздөй жетелеп алып кетишти. Машинадан дагы үч бейтааныш балдар түштү. Келип эле Сагынбекти жулкунганына болбой, күч менен зордуктап машинеге салып кетишти.

Динара Шаботоева алардын артынан күндүз эле милиция кызматкерлери автоунаалары менен аңдып жүрүшкөн деп бул жерде бийликтин да кызыкчылыгы бар деп белгилеп, ошондой эле Бүгүн эртең менен 7.30 да “Ата мекен” партиясынын штабына Сагынбек Момбеков өзү телефон чалып, оппозициячылар менен мындан ары иштеше албай турганын билдиргенин айтты:

-Мен сиздер менен иштеш албай калдым. Мен Бишкекке кетүүгө мажбур болуп атам, машинемди алып коюшту деп тигилерге айтып кой дептир.

Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бактыбек Бердаалы “Азаттыка” бул тууралуу түшкөн арыздын үстүндө иштеп жатышканын айтып, бул жерде саясий боек берүүнүн кажети жок деп Сагынбек Момбековдун бир тууган иниси Талас Момбековдун аларга агасы тойдо жүргөнү тууралуу жазып берген түшүнүк каты менен тааныштырды:

-Момбеков Сагынбек менен Чаткал чогуу жүрөбүз деп телефон аркылуу айтты. Эч нерсеге учураган жок, баары жакшы деп айтты. Тойго барып өзүм көрүп келдим деди иниси. Барып инисинен сураңыздар.

Жогоруда түшүнүк катты жазган Талас Момбековдун үйүнө барганыбызда анын жубайы күйөөсүнүн жеке жумуштары менен Бишкек калаага чыгып кеткенин, ал байкеси Сагынбек Момбековго жолуккан эместигин билдирди.

Сагынбек Момбековду автоунаасына салып кеткен бакайаталык Чаткал Жолдошевдин үйүнө да бардык. Эки кабаттуу үйдөн Чаткал Жолдошевдин кызы чыгып, атасы менен уюлдук телефон аркылуу байланыштырды.

Чаткал Жолдошев Сагынбек Момбеков менен кечээ күндөн бери тойго барып, андан соң бүгүнкү учурда Талас районунда Беш-Таш тоолорунда эс алып жүргөнүн жана жогорудагы Момбеков тууралуу маалыматтар жөн гана оппозициячыл топтор тарабынан жасалган бийликке каршы провокация дейт:

-Сагынбек Момбеков менин акем болот, өзүнө жолуктум, тамашалашып экөөбүз чогуу эле жүргөнбүз. Кечээ бир жерге тойго ырдап бер дегенинен мени менен кетти. Баары жакшы эле.

Бирок Сагынбек Момбеков менен байланышсак болобу деген сурообузга Чаткал Жолдошев “ал азыр алысыраак жүрөт” деп байланыш үзүлдү.

XS
SM
MD
LG