Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Санжар Бакиевдин күнөөсүн сот териштирүүдө


Жалал-Абад шаарындагы май айындагы тополоң
Жалал-Абад шаарындагы май айындагы тополоң

Бишкек аскер гарнизондук соту Жалал-Абадда май айындагы тополоңдорду уюштуруучу катары шектелип кармалган Санжар Бакиев баштаган беш адамдын ишин карап жатат.

Санжар Бакиевдин кармалышы менен Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоңдорду уюштургандар табылып, башаламандыктардын артында ким турганын аныкталат деп көптөрү үмүттөнгөн. Анткен менен эксперттер Санжар Бакиев олуттуу айып коюлуп жаткан Бакиевдердин башка үй-бүлө мүчөлөрүн табууга жол ачып бере албайт деп ойлошууда. Азырынча сот дагы, прокурорлор дагы бул иштин тегерегинде маалымат бербей турушат.

27-жаштагы Санжар Бакиев бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин кичүү баласы. Ал май айындагы Жалал-Абаддагы тополоңдорду уюштуруучу катары шектелип, 25-июнда Сузак районундагы Ачы жайлоосунда жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Анын жанында Калашников автоматы жүздөн ашык огу менен, мындан сырткары газ тапанчасы табылганы айтылган эле. Башкы прокуратуранын маалыматтарына ылайык, ага “мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу”, “киши өлтүрүү”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” сыяктуу беренелер боюнча айып тагылууда.

- Аларга тергөөдө топтолгон далилдери менен айыптары угузулган. Азыр буларды күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенди айтканга болбойт. Аны сот гана чечет, - деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Кубаныч Сабыров.

Ал эми аны менен чогуу соттолуп жаткандардын айрымдары баштапкы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышууда. Соттолуучулардын бири Бектурсун Келдибеков башында берген көрсөтмөсүндө Санжар жана Курманбек Бакиевдин азыр камакта отурган иниси Акмат Бакиевдин Жалал-Абадда митингге чогулгандарга курал жана акча таратканын айткан экен. Эми ал колго түшкөндө берген көрсөтмөлөрү зордук-зомбулук, кыйноолор менен жазылганын айтып чыкты.

Санжар Бакиевдин укугун коргоп жаткан “Акыйкат жолу” коомдук уюмунун жетекчиси Бүбүайша Арстанбекова кылмышка шектүү делип кармалган күндөн тартып эле алардын укугу өтө одоно түрдө бузулганын айтууда:

- Аларга адвокатты протокол үчүн деп бийлик тарап өздөрү сунуш кылышкан. Алар болушунча, каалагандай күнөөнү булардын мойнуна илгенге аракет жасаган. Башына мешок кийгизип, электрошокко чейин отургузуп, каалагандай тергөө жүргүзүп зордук-зомбулук менен колун койдуруп алган.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу укук коргоочунун мындай дооматтарында далил жок деп айтууда. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мелис Шералиев бул кылмышты тастыктаган маалыматтар бар экенин кабарлады:

- Санжар Бакиев, 7-апрелден кийинки тополоңдор ошонун жетекчилиги менен уюштурулуп келген. Анын шериктери Сейитмурат Мурзакматов деген азыр издөөдө. Ошондой эле улуттар аралык тополоңго да Бакиевдердин салымы бар жана уюштурган деген маалыматтар бар.


Айыпталуучулардын адвокаттары сот жыйынтыгын чыгармайынча унчукпай турууну туура көрүп, өздөрүнүн ой-пикирин айтуудан баш тартышууда.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармачылыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаев 13-майда Жалал-Абадда облустук администрация имаратын мыйзамсыз түрдө басып алуу болуп, ошол жерде Бакиев Санжар уюштуруучулук милдеттерди аткарган, ок атуучу куралдар менен камсыздап, уюштуруучу болгон, деп билдирген болчу. Ал эми 6-7-апрель окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия Жалал-Абаддагы май окуясында губернаторду алмаштырууга Бакиевдин жээндери жана Санжар Бакиев аралашканын, акча таратканы аныкталганын билдирген.

Сот Санжар Бакиев менен бирге башаламандыктарды уюштурууга көмөктөшкөн деген дагы төрт кишинин ишин кароодо. Алар: Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедов, Санжардын досу делген Бектурсун Келдибеков, ошондой эле Замир Нуруев, Базарбай Арзыкулов. Саясат талдоочу Марс Сариев Санжар Бакиевдин чоң саясатчы эмес экенин белгилеп, сотту популисттик көрүнүш деп баалады.

Буга чейинки өткөн соттук эки жараянда 20дан ашуун күбөлөр, ондон ашуун жабырлануучулар суралган. Сот өкүмүн ушул аптанын соңунда чыгарышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG