Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

"Санпа" окуясы: Күнөөсүн эч ким мойнуна алган жок


Июнь айындагы тополоңдо ондон ашык адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны соттук териштирүүдө сурактагылар тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышууда.


Жалал- Абад облусундагы “Санпа” пахта заводунун жанында болгон окуя боюнча сот иши 28-октябрда Ноокен райондук сотунун имаратында жүрүп жатат. Анда Сузак райондук көчмө соту психикалык оорусу бар деп күмөндөлгөн айыпкер, милициянын ардагер подполковниги Гафуржан Абдурахмановдун ден-соолугу боюнча атайын адистердин көрсөтмөлөрүн укту.

Соттук баяндамадан ырасталгандай ,16-июлда аны текшерген Кызыл-Жар 12 шаарчасындагы психикалык оорукананын дарыгерлери Г. Абдурахмановдун саламатчылыгынан оорунун белгилерин тапкан эмес. Андан бир жарым айдан кийин ошол эле оорукананын беш дарыгери соттолуучунун ден соолугу боюнча так аныктама чыгарбаган.

Оорукананын башкы дарыгеринин орунбасары Бейшеналы Эргешов Г. Абдурахманов экинчи ирет текшерүү маалында өзүн-өзү асып алуу үчүн жип издегенин , анын ден-соолугунда депрессиянын ( баш оору, көңүл чөгүү, суроого жооп бербөө) белгилери болгонун билдирди.

Аталган дарыгердин мындай пикири жабырлануучуларды ынандырган жок. Алардын өкүлү Бакыт Арапов жана башкалар Г. Абдурахманов оору болсо, “Санпа” окуясында кармалган адамга сөз үйрөтүп, аны мажбурлап видеотасмага тартып алганга акыл- эси жетет беле? – деген суроо коюшту.

Түштөн кийинки сотто 19 соттолуучунун он үчү сурак берди. Алар окуяга тиешеси жок экендигин айтышып, тергөө учурундагы көрсөтмөлөрүнөн баары баш тартышты.

Буга чейинки соттук олтурумда “Санпа” окуясынын жабырлануучулары менен күбөлөрү айыптууларды таанып, алардын күнөөсүн моюндарына коюшкан. Соттолуучулар да күнөлөөрүн тергөө маалында моюнуна алышкан.

Соттук материалдар боюнча 12-13- июнда Ош- Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериш ченде тогуз жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, ким экендиги таанылбаган бир адамдын сөөгү табылган, эки киши дайынсыз жоголгон.

29-октябрда улантыла турган сот олтурумуна окуянын күбөлөрү чакыртылды. Анда жабырлануучулар окуянын уюштуруучулары деп болжошкон милициянын ардагер полковниги Бахадыр Жалалов, милициянын ардагер подполковниги Гафуржан Абдурахманов жана Сузак районундагы мурдагы “Москва” колхозунун башкармасы Усманжан Аблазов жана башкалар сурак берүүсү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG