Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Ысык-Көл: Таланттуу балдардын окуй турган жайы жок


Ысык-Көл облусундагы көркөм-сүрөт жатак мектеби туруктуу имараты жоктугунан 55 таланттуу баланы быйыл кабыл албай келет. Жергиликтүү бийлик менен мектептин жамааты Саламаттыкты сактоо министрлиги Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясынын бош турган мектебин бербей атканын ырастады.

Мындан 5 жыл мурда ар бир облуска таланттуу балдардын көркөм-сүрөт жатак мектеби ачылып, 3 жылдык мөөнөт менен окутулуп келатат. Андан бир гана Ысык-Көл облусундагы мектептин өздүк имараты жок. Ошондуктан 75 баланын ордуна 20 гана балага көркөм-сүрөттүн сырлары үйрөтүлүүдө. Алардын шарттары боюнча балдардын өзүн менен сүйлөшсөк:

“Азаттык”:- Атын ким?

Окуучу: - Атым Байсал. Азыр жашаган жерибиз жок, балдар бакчанын бир бөлмөсүндөбүз. Ал эми окуган жерибиз башка жерде.

“Азаттык”: - Тарткан сүрөт, жасаган буюмдарыңарга материалдарды ким алып берет?

Окуучулар:- Баары өзүбүздөн, мисалы пластилин, боек, кагаздарга эптеп акча таап сатып алып, анан эмгектерибизди көрсөткөнгө туура келет. Болбосо, дараметибизди далилдей албайбыз да эмгектерибиз көрүнбөсө.

Бул жердеги жаш сүрөтчүлөр тарткан картина, жасаган экспонаттарын көргөзүү үчүн атайын жай жок болгондуктан мектептердин полуна жая салып, же музейлерге убактылуу кое турат экен

“Азаттык”: - Сенин эмгегиң кайсы, атың ким?

Самат: - Атым Самат, мен мобу Эр Төштүктүн ажыдаар менен арбашып атканын жасадым, каркасын зымдан ийип, анан пластилин менен курадым, бир ай убакыт кетти. Ушинтип окуган жерибизден көтөрүп келип, музейлерге, же мектептерге көргөзмө уюштурабыз, - Түп районунан келген Самат уулу Элеман эми Бишкектеги көркөм сүрөт академиясына кетип атканын кошумчалады.

Таланттуу балдардын ылайыксыз шартта окуп жатканын мойнуна алган жатак-мектептин директору Дүйшөн Асанов кабыл алуу эки эсе кыскарып атканын билдирди:

-Эгерде мектеп болгондо өзүнчө галлерея залы болмок, бирок, ал тургай мектебибиз жок, улам көчүп жүрмөй. Таланттуу балдар көп, жатакананын тардыгынан 75 баланын ордуна 20-сын эле окутуп атабыз. Негизи башында мектеп уюшулуп атканда шарттары менен убада болгон. Таланттуу балдарды таштап кеткин да келбейт экен. Акыбылыбыз оор эле, - дейт Дүйшөн Асанов.

Республиканын жети дубанындагы балдардын мындай көркөм сүрөт жатак мектептери атайын мамлекеттик токтом боюнча жергиликтүү бюджеттен каржыланып, имарат менен да камсыз болуш керек. Бирок бир гана ысыккөлдүк жаш таланттардын имарат маселеси 5 жылдан бери кечеңдеп атканы үчүн Ысык-Көл райондук акиминин орун басары Дамир Моңолдоров бир гана саламаттыкты сактоо министрлигин күнөөлүү деп эсептейт. Анткени алар Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясынын бош турган эски мектебин таланттуу балдарга ыраа көрбөй атыптыр:

- Биз болгон маселенин чечилишине чейин, өкмөткө даяр кылып бергенден кийин эмнеге кылчактап атышат, билбейм. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кургак учук санаторийине жаңы десе жаңы имаратты бердик, эми алардын эски мектебин бергиле десе макул болбой атыптыр. Бул адилетсиздик да, Өкмөт мыйзам чегинде чечиш керек, - дейт эски мектепти шаардын менчигине берсе, толук ремонттон өтөөрүн кошумчалаган Ысык-Көл райондук акиминин орун басары Дамир Моңолдоров.

Бош имаратты бербей аткан Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсак, бул ишти билген министрдин биринчи орунбасары Мадамин Каратаев эс алууда экен, а бөлүм башчыларынын бирөө да жумуш ордунан табылган жок.

Чолпон-Ата шаарындагы кароосуз калган эски имаратты Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн мектепке бербей атканын ачыктабаганына караганда, андан чоң акча күтүп атканы айтылууда, анткени ал объект көл жээкке жакын жайгашкан.
XS
SM
MD
LG