Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Тигүүчүлөр көмүскөдөн чыгып, экспорт көлөмүн көбөйтүүдө


Апрель жана июнь окуялары өлкөнүн экономикасын, өзгөчө тигүү тармагына терс таасирин тийгизгенине карабастан, 2010-жылы Кыргызстанда тигилген кийимдердин көлөмү өсүп, экспорт көбөйгөн.

Адистердин айтымында, тигүү ишканаларынын патент алуу ыкмасы менен иштеши буга чейин көмүскөдө жүргөн көп ишканаларды ачыкка чыгарды. Анткен менен социалдык кор үчүн төлөмдүн көбөйүп жатышы тигүүчүлөрдү түйшөлткөн маселеге айланууда.

Кыргызстандын жеңил-өнөр жайынын негизин түзгөн тигүүчүлүк тармак тез ылдамдыкта өнүгүп, жылдан жылга өсүү темпин көрсөтүүдө. 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында тигүү ишканаларынан өндүрүлгөн 63,8 млн доллар өлчөмүндө товар экспорттолгон. Туура бир жыл мурда бул көрсөткүч 48,7 млн долларды түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы тигүү тармагындагы товарлардын экспортунун өсүү темпи жүз отуз бир пайызга жетти.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда кеминде 941 тигүү ишканалары бар. Өлкө боюнча 158 миңден ашуун адам тигүү тармагында эмгектенет. Анткен менен атайын түзүлгөн шарттардын жоктугу тигүү ишканаларын көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө түрткөн.

Тигүү цехтеринде жумуш таңдан түнгө чейин созулат

Тигүүчү машиналардын дырылдаган үндөрү тигүү ишканаларында көндүмгө айланган. Катары менен тизилген машиналар, аларды шуулдатып иштетип кийим тигип жаткан тигүүчүлөр. Арасында көз айнегин таккан улгайыңкы айымдар менен катар жаш кыздар да бар. Бир тарапта тигүүчүлөр машинанын ийнесин кылдаттык менен карап, бүт көңүлүн тигип жаткан кийимине буруп жатса, бир тарапта үтүгүнөн буусун чыгарып биринен сала экинчи кийимин үтүктөп жаткан үтүкчүнү көрүүгө болот. Бир тарабында кездемелерди каттап жайып, бычып жаткан бычмачысы бар. Ушундай жумуш тигүү цехтеринде таңдан түнгө чейин токтобойт

Ишкананын ичи чүпүрөктөргө, тизилген кездемелерге, алардын кесиндилерине жана тигилип даяр болгон кийимдерге толгон. Кыргызстандагы дээрлик бардык тигүү цехтерине ушундай көрүнүш мүнөздүү. Болгону цехтер жер төлөдө, кичинекей бөлмөдө, же кабаттуу үйлөрдө болуп калышы мүмкүн.

Бишкек шаарынын тургуну Бурул жети жылдан бери тигүүчүлүк кесипти аркалап жүрөт. Бул кесип шаарда жашоо үчүн каражат табуунун негизги булагына айланган:

- Эми үйрөнүп кетиш ар бир адамдын дээринен болот. Шыгыңа карата болот. Оңойчулук менен деле болбойт. Ар ким ар кандай иштейт. Эртең мененки сегизден онго чейин деле калып калса болот. Биз негизи баарын эле тигебиз. Көбүнчө аялдардын үстүнкү кийимдерин тигебиз.

Кыргызстанда тигүү цехтеринин көбү Бишкекте жайгашкан. Бирин-серин түштүк аймакта бар. Тигүү ишканаларын кыдыруу менен кыргызстандык тигүүчүлөр тиге албай турган кийимдер дээрлик жокко эсе экендигин көрүүгө болот. Анткени балдардын кийиминен, чоң кишилердикине чейин бардыгы өлкөдөгү ишканаларда даярдалат. Суроо-талапка ээ болуп турган кайсы бир кийимдин дароо үлгүсү алынып, көбөйтүлүп тигиле баштайт. Буйрутма көп болгон убактарда түнү бою иштеген учурлар да бар. Айымдардын кийимдерин тигип жаткан Гүлсайра Дүйшеева тигүүчүлөргө тиккен кийимдин татаалдыгына жараша акча төлөнөөрүн баяндады.

Орточо иштеген тигүүчү бир күндө 400-500 сомдун тегерегинде акча таба алат. Тигүү ишканасынын ээсине ар бир тигилген кийимден орто эсеп менен кеминде он сомдой калат. Кирешенин өлчөмү тигилип жаткан кийимдин көлөмүнө да жараша болот. Даярдалган кийимдерди ала турган ортомчулар базарга карата бааны өзгөртө беришет. Жумуш жакшы болуп турган жай айларында айлык акы жыйырма миң сомдон ашаарын үтүкчү айым Назгүл билдирет:

- Ар кандай болот. Мындай орто эсеп менен жумасына 3000 сом алабыз. Жакшы болгон учурда 5000ге чейин жетет. Ошондо бир айда жыйырма миңге чейин алган учурлар болот.

Тигүү тармагында көбүрөк акча табуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан жогорку билимдүүлөр да тикмечи болуп эмгектенип келишет. Алардын пикиринде, мамлекеттик жумушта бир айда тапкан каражатты бир жумада таап койсо болот. Бирок тигүүчүлөр күндүн көзү көрүнбөгөн жер төлөлөр жана кездемелерден түшкөн чаңдар ден соолукка кыйла эле зыян болоорун белгилешет.

- Ден соолукка аябай эле зыян экен. Чаң ызгыган жерде иштейсиң. Мобу азыркы материалдын баары тең химикат болуп жатпайбы. Баягы мурункудай жүндөн жасалган кездемелер жок. Анан ошо химикаттын баарын жутуп жатабыз. Өзгөчө жаш кыздарга кыйын эле. Ден соолугу бузулат. Бөйрөгү ооруйт. Жалаң ток менен иштейбиз. Кыйын эле, -
дейт Нарын облусунда мугалим болуп жүрүп, тигүүчү болуп кеткен Тенге Саткынова.

Кыргызстандын кийимдери арзан жана сапаттуу

Мына ушундай шарттарда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын базарларынын дээрлик бардыгында бар. Өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын кеминде 90 пайызга жакыны мурдагы Советтер союзу, азыркы КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Адистер белгилешкендей, Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим-кечектердин сапаттуу жана баасынын арзан болушу бул тармактын чет өлкөлөргө тез жайылышына себеп болууда. Анткени кыргызстандык кийимдер баасы боюнча Кытайдын кийимдеринен гана калышат. Бирок сапаты боюнча алардан кыйла озуп кетет.

Кыргызстанда тигилген кийимдер буга чейин Советтер Союзу учурунда калыптанып калган тартип, ыкма жана өлчөм менен тигилет. Бишкектеги трикотаж кийимдерин тиккен 26 ишкананы бириктирген “Текстиль союзу” ассоциациясынын президентти Людмила Ардамина Кыргызстандын кийимдери башка өлкөлөрдө сапаты жакшы бааланарын билдирет:

- Биздин товарлар арзан болгону менен абдан жакшы сапатка ээ. Бул жерде баа менен сапаттын абдан жакшы айкалышуусу бар. Мен өзүм Орусиянын түштүк аймактарындагы базарларды кыдырып келдим. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар сатылган жерлерге барып, биздин кийимдерге карата абдан жакшы сөздөрдү уктум. Биздин продукцияны кийип жүргөн айымдардан да сапаты боюнча жагымдуу сөздөр болду.

Бул жерде тигилген кийимдердин Орусия жана Казакстан өңдүү өлкөлөрдөн келген ортомчулар аркылуу сатылышы менен кийимдердин наркы акыркы алуучуга эки-үч эсеге көтөрүлүп жеткен учурлар бар.

Кыргызстандагы цехтерде дээрлик Кытайдан алынып келинген кездемелер колдонулат. Бул кездемелердин арзан болушу, товардын наркынын дагы аз болушун камсыз кылат. “Жеңил өнөр-жай” ассоциациясынын эсептөөлөрү боюнча Кыргызстандагы тигүү ишканаларында бир жылда 125 миллион метр квадраттан ашык кездеме иштелип чыгат жана тигүү тармагы менен иш алып барган тармактардан өлкөнүн казынасына түшкөн жалпы салыктын көлөмү жылына жүз миллион сомду чамалайт.

Апрель, июнь окуялары тигүү тармагына терс таасирин тийгизген

Кыргызстанда акыркы айларда болуп өткөн коогалуу окуялар бул тармактын иши кыйла кечеңдетип койгон. Бишкек шаарындагы дээрлик бардык тигүү ишканаларында 7-апрелдеги окуядан улам жумуш жумалап токтоп калган. Мунун себеби Казакстан жана Орусиядан келип жергиликтүү ишканалардын тиккен кийимдерин алып турган ортомчулардын тополоңдордон кийин Кыргызстанга келбей калышы болгон.

Апрель окуяларынын жарасы бүтүп, жумуш бир аз жандана баштаганда түштүктө тополоң чыгып жергиликтүү ишканалардын өндүргөн товарлары чет өлкөлөргө өтпөй калган. Бишкекте жайгашкан цехтердин биринин жетекчиси Марал Искеналиеванын айтымында, акыркы окуялардан улам тигүүчүлөр жумалап жумушсуз отурушкан:

- Соодабыз болбой калды. Тигил жактан, Алматыдан кишилер келбей жатты. Биртике жумушубуз токтоп калды. Кыздарда жумуш жок болуп, отуруп калдык. Анан дагы кээ бир тигүүчүлөр коркуп жумушка келбей жатты.

7-апрелден кийин өндүрүштүн көлөмү кыйла азайган. Ал түгүл бир топ ишканалар тигүүчүлөрүн жумуштан алып, азыр кайра чогултуу менен алек. Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы кичи жана чакан бизнес бөлүмүнүн жетекчиси Фатима Садамкулованын айтымында, дүйнөлүк каржы каатчылыгынан кийин жаңы эле жанданып келе жаткан тигүү тармагы акыркы окуялардан жоготууларга дуушар болгон:

- Жылдын башында ойлоп жатканбыз, 100-150 пайызга өндүрүмдүүлүк жетет го деп. Анан жети айдыкына караганда 159 пайыз болду. Окуялардан улам баары бир белгилүү көлөмдө товар өндүрүлбөй калды. Себеби дегенде Казакстанга товарларды экспортоо кыйынчылык туудуруп жатты.

Белгилүү көлөмдө товар өндүрүлбөй калганы менен 2010-жылы тигүү тармагында өндүрүлгөн продукциянын саны буга чейинки жылдарга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат.

Патент менен иштөө тигүү тармагын өнүктүрүүдө

Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматтары боюнча жылдын башынан бери сегиз ай ичинде тигүү өнөр-жайы өндүргөн товардын көлөмү 3 миллиард 946 миллион сомго тете болгон. Мындан туура бир жыл мурун бул көрсөткүч 2 миллиард 23 миллион сомду түзгөн. Натыйжада бул тармактын чыгарган продукцияларынын өсүү темпи былтыркы жылга салыштырганда 195 пайызды көрсөтүүдө. Жылдын аягына чейин 5 миллиард сомго жакын продукция өндүрүлөрү күтүлүүдө. Экономикалык тескөө министрлигининин кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү бөлүм башчысынын милдетин аткаруучусу Гулнара Ибраимова билдиргендей тигүү тармагынынын патенттик негизде иштей башташы бул тармактын өнүгүшүнө себеп болгон:

- Жалпы алганда тигүү тармагында өндүрүштүн көлөмүнүн өскөнү байкалууда. Бул мамлекеттин бул тармакты колдоп жаткандыгынан улам болуп жатат. Көмүскө тармакты мыйзамдаштыруу жүрүп жатат. Дээрлик бардык тигүү ишканалары көмүскөдөн чыгып, мыйзамдуу түрдө иштеп жатышат. Биздин жеке ишкерлер патент сатып алып, анын негизинде иштей беришет.


2006-жылдан баштап Кыргызстандын аймагындагы тигүү ишканалары патенттик негизде иштей башташкан. Натыйжада ар бир тигүү ишканасын ачам деген ишкер атайын эсеп-кагаздары жок, ишканасындагы тигүүчү машиналардын санына карата акча төлөп уруксат кагазын, же патент сатып алат. Мисалы, алгачкы 10 тигүүчү машина үчүн 2000 сом төлөө кажет. Андан соң ар бир он машинага миң сомдон төлөй беришет.

Тигүүчүлөрдүн соцкорго төлөй турган акчалары көбөйдү


Тигүүчүлүк тармак өнүгүп келе жатканы менен кайрадан көмүскөгө кирип кетүү коркунучу турганын айрым адистер белгилеп келишет. Анткени 2010-жылдын 1-июлунан баштап социалдык камсыздандыруу боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык ар бир тигүүчү айлык акысынын 27 пайызын социалдык корго төлөөгө тийиш. Натыйжада бул тармакта иштеп жаткан тигүүчүлөр ай сайын кеминде 744 сом төлөөгө милдетүү болууда. Буга чейин ар бир ишкана сатып алган патенттин 25 пайызы кеминде жетимиш сомдой соцкорго бөлүнүп келген. Тигүү ишканаларынын башын бириктирген “Жеңил өнөр-жай” ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов билдиргендей, социалдык кор үчүн төлөмдүн кымбатташы бул багытта иштеген ишкерлердин кайра көмүскөгө түртүшү мүмкүн. Ошол эле учурда тигүү тармагында коррупциянын күч алышына алып келиши да ыктымал:

- Мына акыркы үч жылдан бери канча аракеттин баарын көрүп жүрүп, бир килтейген тармакты, канча миңдеген адамдардын баарын ачыкка чыгарып жаңы өнүгүүнүн жолуна түшсөк. Бул ыкма менен кайра эле баягы көмүскөгө кубалап киребиз. Башка жол жок. Анткени бул 744 сомду эч бир тигүүчү төлөй албайт. Эгерде мурункуну бир жүз пайызга көтөрсө мейли дейт элек. А бирок он үч эсе көтөрүлүп жатпайбы?

Бул мыйзамга карата бир топ ишкерлер, тигүүчүлөр нааразылыктарын билдиришип, ал түгүл өкмөткө атайын билдирүү жасашкан. Социалдык кордун өкүлү Ангелина Абдуллаева болсо жарандар мыйзамдын негизинде бул корго акча төлөшү керектигин билдирет:

- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык ар бир жаран камсыздандыруу төлөмүн төлөшү керек. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, жарандыгы жоктор жана убактылуу өлкөдө жүргөн чет элдик жарандар үчүн, бардыгы үчүн милдеттүү.

Тигүүчүлөрдүн арасында социалдык корго ишеним артпагандар көп. Алардын көбү айлыктарынан бөлүп берип жатышкан каражаттар кийин пенсия катары берилеринен күмөн санашат. Бишкектик тигүүчү Бурул жеке ишканаларда иштеген тигүүчүлөр эмгек китепчеси ачылганда гана пенсия үчүн акча төлөй тургандыгын айтат:

- Эми соцфондго эмгек китепчеси менен төлөсө болот. Соцфондго төлөп да көрдүк. Же иштегенибиз эмгек китепчесине жазылбайт, же соцфондго толук түшпөйт. Бизге эмгек китепчесин ачып туруп кармаш керек.

Экономикалык тескөө министрлигинин өкүлү Гүлнара Ибраимованын билдиришинче, социалдык кор үчүн төлөмдөрдүн кымбатташынан улам тигүү тармагынын көмүскө иштеп кетишине жол бербөө үчүн министрликте атайын декрет иштелип чыккан. Ага ылайык тигүүчүнүн пенсиясы үчүн төлөй турган акчанын көлөмү тигүүчүнүн айлык акысынын эки пайызын түзөт. Бирок бул декрет декрет жаңы түзүлө турган өкмөттө каралат.

Тигүү тармагын өнүктүрүүнүн жолдору бар

Ошентип тикмечилик тармак Кыргызстандын өнөр жайынын беш пайызга жакынын түзөт. Ал эми айрым маалыматтар боюнча бул тармактан түшкөн киреше өлкөнүн ички дүң продукциясын кеминде бир-эки пайызына барабар. Экономист Кубанычбек Идиновдун айтымында, бул тармакты өнүктүрүү үчүн дагы эле көмүскөдө жүргөн ишканаларды ачыкка чыгаруу керек:

- Тигүү цехтерин толугу менен көмүскө экономикадан алып чыгыш керек. Себеби азыр деле көмүскөдөгү цехтер бар. Буларга шарт түзүү үчүн жанакы кичинекей цехтерге уруксат берип, көмүскө экономикага кетип калбашы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, салыктарын азайтуу керек. Алар ачык иштегенде өзүлөрү үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу боло тургандай шарт түзүү керек.


Буга Кыргызстанда тикмечилик тармакты өнүктүрүү үчүн тигүү ишканаларын ондогон жылдарга салыктан бошотуу демилгелери көтөрүлүп келген. Учурда айрым партиялар да экономикалык программаларында бул тармактын маанилүүлүгүн баса белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG