Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Руслан Шаботоевдин сөөгү табылды, суроолор калды


СДП фракциясынын мүчөсү Руслан Шаботоев былтыр 30-сентябрда дайынсыз жоголуп, быйыл 30-сентябрда анын сөөгү табылды.

Руслан Шаботоев - оппозициядагы Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясына тиешеси бар, бир жыл илгери дарексиз жоголгон эки жарандын бири. Алардын бири Бахтияр Амиражанов фракциянын депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу болчу. Депутат мандатын уулу дарексиз жоголгондон кийин өткөрүп берип койгон. Бахтиярдын сөөгү мындан үч ай мурда Кемин аймагынан табылган. Ал эми Руслан Шаботоевдин сөөгү 30-сентябрда туура бир жылдан кийин Аламүдүн районунун аймагынан табылды. Бул эки жарандын көмүлгөн жерин бир киши – айыпталуучу Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берди. Зикирбаевди тартип коргоо кызматтары коомчулукка өлкөдөгү аты чыккан кылмыштуу топтордун биринин өкүлү катары тааныштырып жатат.

Дээрлик бир учурда жоголуп, өлүгү үч ай айырма менен табылган эки жарандын тагдырында окшоштук бары-жогу, 2008-жылдын 30-сентябрында жоголгон Руслан Шаботоевдин сөөгүнүн туура бир жылдан кийин дал ошол күнү табылышы кокустукпу же башка себептери барбы – муну так чечмелегендер боло элек. Өлүмгө буюргандар жана аны аткаруучулар кимдер экендигин аныктоо да алдыда тактоого муктаж көп маселелердин негизгиси катары айтылууда. Белгилүү жагы - үч ай айырмасы менен табылган эки жарандын тең сөөгүн туугандары таанып, акыркы сапарга узатуу милдетин өз моюндарына алышты. Ички иштер министрлиги бул эки жарандын өлүмүн тең каржылык-коммерциялык алакалар менен байланыштырууда. Руслан Шаботоев тууралуу жума күнү Жогорку Кеңеште Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев төмөнкүдөй маалымат берди:


- Өзүңөр билесиңер Шаботоевди уурдап кетүү боюнча эки божомол иштелип чыккан: биринчиси кылмыш Руслан Шаботоевдин ишткердигине жана анын карыздарына байланыштуу жасалган деп. Руслан Шаботоевди уурдап кетүүгө шектүү катары суракка алынган айыпталуучу Зикирбаев 2008-жылдын 30-сентябрында ага алыс таанышы Айдос аттуу казак Шаботоев менен жолугуштуруп кой деп суранганынан “Майкл” кафесине барып, Шаботоевди чакырып берген. Ошол жерде Айдос аттуу бала менен Шаботоев жолугушат, экөө бири-бирин тааныйт экен. Машинесинде сүйлөшүп отуруп калат. Зикирбаевдин айтуусу боюнча ал сыртта турган экен. Анан ошол кезде катуу үн чыгып, машинасына кирсем Айдос айтты дейт “мен атып салдым чатак кылганынын себебинен” деп. Анан өлтүргөндөн кийин булар ал жерден алып чыгып, Байтик айылында мүрзөнүн ары жагында Баш-Кара-Суудагы линейный карьерге алып барышат дагы, ошол жердеги электр столбаларын коюу үчүн казылган аңдар бар экен, ошол жерге көмүшүп, таштап кетишет. Азыркы айтылган Айдос боюнча Казакстан тарапка бизден тергөө бөлүктөрү жиберилди. Казакстан менен чогуу иш жүргүзүлүп атат.

Руслан Шаботоев - 2007-жылкы шайлоодо Социал-демократтар фракциясынын тизмеси аркылуу парламентке келген жаш депутаттардын бири. Кесиби дарыгер болгону менен, ал саясатка келгенге чейин коомчулукка ишкер катары белгилүү болгон. Анын дарексиз жоголор алдында “Азаттыка” берген интервьюсунда билдиргенине караганда, 2005-жылкы бийликти күч менен алмаштыруу маалында Өкмөт үйүнүн коопсуздугун сактоого күжүрмөн катышкандардын бири болгон:

- Ысык-Ата районун жаштары 23-мартта чогулуп Бишкеке келебиз деп сүйлөшкөн элек. Мен 2005-жылдагы шайлоого катышкан элем, мага үгүт иштеринде колдоо көргөзгөн командам менен келип колдоп турдук. Ал күнү биз үч топ болуп миңден ашык жаштар шаарга келгенбиз. Саат эки ченде мен оппозициянын өкүлдөрү менен жолуканымда Курманбек Салиевич менен тааныштым. Кечинде коопсуздук комитетинде өткөрүлгөн чогулушта дагы бирге жүрдүк. Парламент Бакиевди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаганда дагы мен жанында элем.

Шаботоевдин тирүү кезинде “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгилегенине караганда, ал Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунун тамырын кыркып, жаңыча башкаруунун болушун каалаган жаш саясатчылардын бири эле:

- Эгер ыңкылап болбосо Акаевдин үй-бүлөлүк саясаты дагы күчөй бермек. Азыркы бийлик деле ошол жолду тандап алды окшойт. Мына “Ак-Жол” фракциясы кемчиликтин баарын оңдойбуз деп, көпчүлүк болуп парламентке келди. Көрө жатаарбыз. Эгер оңдоп кетишсе мен кош колдоп колдойм. Эгер мурдагыларга окшоп терс жолго түшүп, өз кызыкчылыктарын ойлосо анда мен биринчи оппозиционер болуп чыгам.

Социал-демократтар кезинде ыңкылаптын ишке ашышына тилектеш саясий күчтөрдүн катарында турганы менен кийинчерээк бийликти үй-бүлөлүк башкарууну ого бетер өркүндөттү деген элдешкис оппозициянын катарын толуктады. Ушундан улам оппозициялык күчтөр дээрлик ушу күнгө чейин Шаботоевдин дарексиз жоголушун анын саясий ишмердиги менен байланыштырып келатышат. Депутатка таандык саналган сөөк табылгандан кийин деле оппозиция өкүлдөрү күч бийлигинин негиздемелерине толук кошулган жери жок. Маркумдун тарапкерлери арасында фактыны териштирүү бул өлүмдүн коммерциялык-каржылык себептерге байланышпаган башка өңүттөрүн аныкташы мүмкүн деген үмүт бар. Алар кыйла суроолорго жооп алууга ынтызар.


- Суроолор көп. Бүгүн ачык, анын үстүнө массалык-маалымат каражаттары аркылуу суроо туура эмес деп ойлойбуз. Себеби иликтөө иштери уланып атат. Мен ойлойм ушунун баары тең жыйынтыкталып, толук маалым болгондон кийин, албетте, өз ой-пикирибизди айтабыз, - деди “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги фракция төрагасынын орун басары Иса Өмүркулов.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы болсо, тескерисинче, Шаботоев кирептер болгон жагдайда эч кандай саясат жок экендигин анын сөөгүнүн табылышы далилдеп, чекит койду деген көз карашты карманышууда. Бийлик партиясына мүчө депутаттардын бири Бейшен Абдырасаков буларды айтты:


- Бир жылдан бери эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Саясатты да айттык. Ар кандай ушактарды да айттык. Эми бүгүнкү Жогорку Кеңештеги жыйын чекитти койду деп ойлойм. Бул жерде эч кандай саясат жок. Бул жерде экөөнүн ортосундагы мамиле, акча талаш. Он беш жылдан бери карыз акчасын бербей жүргөн экен. Биз тартип коргоо органдарынын иликтөөлөрүнө гана ишенишибиз керек.

Ошол эле мезгилде “Ак жол” фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов парламент жыйынында СДП лидери Алмаз Атамбаевди суракка чакырууну сунуштады. СДПнын парламенттеги фракциясы өткөн бир жыл ичинде дарексиз жоголгон Руслан Шаботоевди издөөгө маани бербей жатат деп бийликти нечен курдай сынга алган. Ал эми партия лидери Алмаз Атамбаев президенттик шайлоо алдында талапкер катары шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Руслан Шаботоевдин өлгөндүгү тууралуу маалыматы барын, бийлик атайылап жашырып жаткандыгын айткан болчу.

Мындай билдирүүдө эч кандай кылмыш белгилери жок деп эсептеген оппозициялык лидер Алмаз Атамбаев жума күнү “Азаттыкка” берген интервьюсунда Ормоновдун талабын бийликтин оппозициялык лидерден кынтык издөө аракети катары баалады:

- Ормонов “Ак жолдун” өкүлү катары, албетте, кыйкым таба албай жүрөт. Бирок Атамбаев Шаботоев боюнча сурактарга чакырылган. Кагаз түрүндө да, оозеки түрүндө да тергөөчүлөр келип сурак кылышкан. Анткени билесиңер, өткөн жылы Шаботоев жоголгондо эки-үч ай күткөнбүз табат го деп. ИИМ айтып атпады беле Шаботоев тирүү, барымтада отурат деп. Анан эки-үч айдан кийин, калп айтып атканы көрүнгөндөн кийин биз отставкадагы милиция кызматкерлеринен, полковниктерден суранганбыз, бизге бир маалымат таап бергиле деп. Өзүбүз аракет кылганбыз өзүбүз табалы деп. Ошол маалыматтар боюнча Шаботоев өлтүрүлгөн деп ошондо эле укканбыз да. Анан эмнеге ушундай маалыматтарды айтат деп Шаботоевдин туугандары шайлоо алдында, шайлоо убагында үстүмөн арыз жазышкан. Ошол боюнча суракка чакырылгам. Ормонов кеч айтып атат.

Руслан Шаботоев ыңкылап аркылуу келген бийлик тушунда мерт болгон алгачкы депутат эмес. Буга чейин депутаттар Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Тынычбек Акматбаев, Санжар Кадыралиев ок жеп, мерт болушкан. Бул фактылар коомчулукта бир нече себептер менен түшүндүрүлүп келатат. Айрыкча кылмыштуу топ менен бийликтин жуурулушуп кетиши, саясатка жарандардын ыплас жол менен келип атышы өңдүү себептер көп айтылат.

- Саясатчылар кантип келгени белгилүү да. Көп кишилер таза эмес, бизнеси да таза эмес. Коммерция менен саясат аралашып кетип, анын арты ушуга алып келип атат. Саясий маданияттын деңгээли ушул болуп атат. 30-жылдардагы Чикагодогу гангстерлер учурун баштан кечирип атабыз. Андай доордон башка өлкөлөр деле өткөн, - дейт талдоочу Марс Сариев.

Ал эми талдоочу Табылды Акеров Шаботоевдин жагдайын жеке эле акча менен байланыштыруу аздык кыларын айтат:

- Шаботоевдин өтө чоң бизнеси болгон. Бул иш ошол бизнесин тартып алуу негизинде жасалышы мүмкүн. Экинчи себеби, ал саясий багытын алмаштырган. Мисалы “Ак жол” партиясы эмес, СДП менен шайлоого барган. Бул аны чөйрөсүндөгү адамдар менен карама-каршылыкка тушуктурган.

Оппозиция өз кезегинде азыркы бийликке кылмыштуу аракеттер аркылуу бийлигин бекемдеп жатат деген дооматты артып келатат. Муну оппозиция эл алдындагы таанымал адамдар белгисиз себептер менен мерт болууда, тымызын коркутуп-үркүтүүлөр басылган жери жок, көрүнүктүү саясатчылар кылмыш иштерге негизсиз кирептер болууда, жөнөкөй жарандардын мойнуна оор кылмыштар тагылып, ал аркылуу элди баш көтөртпөй башкаруу күч алды, өлкөнү таштап чыгып кетип жаткан белдүү саясатчылардын, журналисттердин аягы суюлган жери жок деп негиздешүүдө. Көз карандысыз талдоочулар бул өңдүү кылмыштуу аракеттерди азайтуу үчүн жан үрөп жатканын айтышууда. Бирок алар муну утурумдук көрүнүш катары баалашып, бийлик үчүн күрөш өнөктүктөрүндө мындай ыкмалар көрүнөө жана көмүскө жолдор аркылуу кайра күчүнө кирип турчу өнөкөт катары көрүшөт.

Жогорку Кеңеш болсо жума күнү Руслан Шаботоевге байланышкан маселени талкуулаган жыйында кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тартип коргоо кызматтарына табыштаган токтом чыгарды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG