Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Кыргызстан башка күчтөргө муктаж


Оштогу өрттөлгөн имараттар, 11-июнь.
Оштогу өрттөлгөн имараттар, 11-июнь.

Кыргызстан түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн башка мамлекеттердин жардамына муктаж болуп калды. Мындай билдирүүнү Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 12-июнда маалымат жыйынында билдирди.

11-июнда Ош шаарында башталган тополоң окуядан 75 адам каза таап, миңге жакын адам жаракат алды. Кагылышуу башка аймактарга да жайылып, кырдаал колдон чыгып кетти.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кайсы бир тараптын күчүнө муктаждыкты билдирген катты Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге жөнөткөндүгүн маалымат жыйынында жарыялады:

- Биз дос мамлекеттерге кайрылдык. Кечээтен бери кырдаал өз чегинен чыгып, биз кандайдыр бир үчүнчү күчкө муктаж болуп калдык. Бизге кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскерий күч зарыл. Ушундан улам Орусияга кайрылдык. Мен бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин наамына жазылган катка кол койдум. Биз өзүбүздүн коңшулар менен дагы тыгыз байланышып жатабыз. Алар бул биздин гана ички ишибиз экендигин толук түшүнүп жатышкандыгын билдирип жатышат. Биз адамдардын өмүрүн сактоо үчүн бардык аракетти кылууга милдеттүүбүз.

Роза Отунбаеванын айтымында, кандуу кагылышты токтотуу боюнча коңшу мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр тынбай жүргүзүлүп жатат жана алар деле адамдын өмүрүнөн артык эч нерсе жок экендигин түшүнүү менен кабыл алып жатышат.Ошон үчүн Өзбекстан менен чек ара жабык экендигине карабай ал жакка жаш балдар менен карылар тоскоолдуксуз өтүп кетип жатат:

- Азыр чек ара жабык, бирок бизден жаш балдар, аялдар, чалдар ошол тарапка кетүүсүнө жол ачылды. Тилекке каршы, биз алардын коопсуздугун сактай албай калдык.

Убактылуу өкмөт бүгүн түштөн кийин ыктыярдуу элдик кошундарды түзүү жана Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алды. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаровдун айтымында, Ыктыярдуу элдик кошундарды түзүүгө өздөрүн элдик кошундарбыз деп жар салган айрым куралдуу топтордун талап-тоноочулук, бүлдүргүч иштерди жасап жаткандыгы себеп болду:

- Ош шаарында, Ош облусуна жакын аймактарда, Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы ыктыярдуу кошунбуз деген шылтоолор менен кырдаалды ого бетер курчуткан адамдар пайда боло баштады.

А. Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, ыктыярдуу элдик кошунга мурда ички иштер тармагында иштеген, Ооганстанда кызмат өтөгөн же өзүн париотмун деп эсептеген ар бир жаран кире алат. Алардын ишине жалпы жонунан Ички иштер министрлиги көз салып, башкарат жана курал-жарак менен камсыз кылууга милдеттүү болду. Роза Отунбаева Ыктыярдуу элдик кошундар жана ички иштер аскеринин кошумча күчтөрү Ош облусуна тезинен жөнөтүлөөрүн да билдирди.

Азыр Ош шаарында базарлар, дүкөндөр жабылып, эл азык-түлүксүз, электр жарыгысыз жана газсыз калды. Мындай абалды жакшыртуу үчүн Убактылуу өкмөттүн кудурети жетет деди Роза Отунбаева. Ал нанды Жалал-Абад облусунда жасатып ташып барышаарын, кечээ Бишкектен 27 врачтан турган дарыгерлер тобу Ошко барып жардам көрсөтө баштагандыгын жана бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардамы келээрин билдирди.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева түштүктө чагымчыл иштер референдум алдында, 20-июндун тегерегинде болот деп божомолдоп жатышканын, бирок окуя өтө тездик менен күтүүсүз жерден чыгып күчөп кеткендигин белгиледи. Анын айтымында, мындай кандуу иштердин артында Бакиевди жактагандар турат:

- Мындай кырдаалга туш келгенибиздин себеби жалгыз эле Убактылуу өкмөттүн жетишсиз иши эмес. Бул өткөн бийликтин күчтөрүнүн аракети. Алар Ош тарапта кадимкидей жүрүп, “мына биздин күн кайра келатат” деп аракеттенип жатканын көрүп жатабыз. Алар өз сценарийи ишке ашып жаткандай болуп, кадимкидей жанданып алышыптыр.

Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров да коомдо кагылыштардын чыгышына кайдыгер карап, жаңы бийликтин алы кетээр деп четтен карап турган аттуу-баштуу эле кишилер болуп жатат деп баса белгиледи. Анын айтымында, анткен менен Мекеним деп күйгөндөр карапайым эл арасында көп жана мурдагы бийликте жүргөн Өмүрбек Субаналиев саясий көз карашынын карама-каршылыгына карабай өкмөткө расмий түрдө кайрылып, элди тынчытуу үчүн өз салымын кошуу сунушун берди.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев элге кайрылуу жолдоп, ушак-айыңдарга алдырбоого чакырды. Ал жаңы бийликтин жаңы багыты көпчүлүккө жакпасын туюп турган мурдагы бийлик төбөлдөрү улуттук аң-сезим менен ар-намыска тие турган сөздөрдү атайын таратып, элди кыжырдантуу менен өкмөттү алсыратуу максаты тургандыгын билдирди.

Ал эми түштүктө өзбектер көпчүлүктү түзгөн айылдардан качкан кыргыздардын тобу Ош шаарына топтоло баштагандыгы айтылууда.

Р.Отунбаева: Аскерий жардамга муктажбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

XS
SM
MD
LG