Германиянын Гамбург шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жана АКШнын тышкы саясат жетекчилеринин С5+1 форматындагы жолугушуусу өтөт. Расмий кабарларга ылайык, жыйын 7-декабрга белгиленген.
Кыргызстандан министр Эрлан Абдылдаев баштаган делегация 8-9-декабрда Гамбургда өтө турган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги чогулушуна катышат. Бул жыйында Германиянын ЕККУга төрагалыгы жыйынтыкталат.