Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Кыргызстандагы кризистик борборлор аларга кайрылган аялдардын саны күндөн күнгө өсүп баратканын билдирүүдө. Жардам сурап бараар жери калбай калган кыз-келиндердин көбү - көп аялдуулук, расмий катталбаган нике, күчкө салып үйлөнүү өңдүү көрүнүштөрдүн курмандыгы.



Ажынын аялынын арманы


Айнагүл айым азыр 58де. Мындан 34 жыл илгери окуусун жаңыдан бүтөөр замат турмушка чыгып, төрт баланы өстүрүп тарбиялап, эми небере жетелеп, балдардын сый-урматын көрөбүз го деп үмүттөнүп келген. Жолдошу мурдагы заманда чоң кызматтарда иштеп жүрүп, кийин ишкерликке өтүп кеткен. 1997-жылдан тартып беш маал намаз окуп, жума сайын мечитке каттап, бир нече жыл мурдараак досторунун шары менен Мекеге чейин барып келген. Баары эки жыл мурун өзгөрдү. Айнагүл айымдын жолдошу беш-он күн үйдө туруп эле анан бир-эки жума жок болуп кетчү болду. Окуяны өзүнөн уксак.

- Менин жолдошум ыйман жолундагы киши негизи. Беш маал намаз окуп, шарыят жолунда жүргөн киши. Ажыга барып келген. Анан менден уруксатсыз эле бир өзүнүн баласы менен тең келин менен жашап жатат. Ал келинди керек болсо, турмушунан бузуп алып, нике кыйдырдым деп жашап жатат. Ыйман жолунда жүргөн кишиден ушундайды күтсө болобу?

Айнагүл айым күйөөсү ага бир ооз айтпай туруп эле дагы бир аял алып алганын уккандан бери ал жаңылыкты балдарынан, жоро-жолдош, туугандардын баарынан жашырып, жеке өзүн ичтен жеп келет. Колдору титиреп, түнкүсүн уктай албай калганда, өзүнүн бир тууганы Бишкектеги кризистик борборлордун бирине жеткирип келген.

А
Күйөөм уктап жатканда үстүнө кайнак суу куюп жибергим келет дечү...
л борбордун жетекчиси, көп жылдардан бери кыйын абалда калган кыз-келиндерге жардам көрсөтүп келаткан укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишип, аны оңдоо жолдорун таап берүү алардын да колунан келбей турган иш экенин айтат.

- Эми биз мындай кыл, тигиндей кыл деп кеңеш бере албайбыз. Биз бул аялдын турмушун чогуу анализдеп чыгып, туңгуюктан чыгуу жолдорун издейбиз. Биринчи бизге келгенде акыбалы өтө оор эле. Күйөөм уктап атканда үстүнө кайнак суу куюп жибергим келет дейт. Ушунчалык жек көрүү сезимине ууланып, келгенде колдору калтырап, жашагым келбейт, жанымды кыям деп калган экен. Туугандары алып келди бизге. 60ка чыкканда ушундай болот белем, турмуштан ушуну күттүм беле деп өзүн кыйнай берген экен.

Андан бери бир нече ай бою Айнагүл айым күн алыс кризистик борборго келип, ал жердеги психологдор менен маектешип, көңүлүн эзген жаман ойлордон алыстап, турмушун улантууга бел байлай баштаган кези. Жаңы аял алгандан бери айдын жарымын анын үйүндө өткөргөнү менен, күйөөсү акча-тыйындан дээрлик каралашпай калган. 34 жыл иштебей балдарын, кийин неберелерин баккан Айнагүл эже эми өзүн-өзү багууга да үйрөнүшү керек.

Бүбүсара Рыскулова
Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова экинчи-үчүнчү аял алган эркектердин көбү ислам ага жол берет деп динге жамынганы менен, кыз-келиндер андайга айрым учурда социалдык-экономикалык себептерден улам макул болорун айтат.

- Исламдашуу болуп атат, өзүңөр көрүп тургандай. Аялдардын коомдогу орду гана эмес, жалпы үй-бүлө институту, үй-бүлөдөгү карым-катнаш өзгөрүп баратат. Анын бир тамыры ошол исламдашууда болсо, дагы бир тамыры социалдык-экономикалык кырдаалда. Ар кандай кыйын тагдырга туш болгон аялдар, бизге кайрылгандардын саны күндөн-күнгө өсүп баратат. Биз секулярдык өлкөдө жашап атсак, анда мыйзамдар сакталып, көп аялдуулукка тыюу салынышы керек эле да. Деги кандай өлкөдө жашап атабыз?

Бүбүсара эже айткандай, жаш кыз-келиндер бирөөнүн экинчи, же үчүнчү аялы болууга айрым учурларда социалдык-экономикалык, атүгүл демографиялык шарттардан улам моюн сунуп жатканы жашыруун эмес. Демография дегенибиз, ал-күчкө толуп турган миңдеген жаш жигиттер чет өлкөлөргө миграциялап кеткен, же үйлөнүп түтүн булатканга шарты жок бойдоктор армиясынан качан бошоноору белгисиз.

Зомбулук курмандыктары

Биздин экинчи каарманыбыз – Бишкекте төрөлүп өскөн, алдыңкы университеттердин бирин бүтүргөн Гүлнара. Ал азыр 27 жашта, өзүнүн мурдагы кызмат жетекчиси, оокаты жетиштүү, колунда бар, 50гө чыгайын деп калган кишинин экинчи аялы. Нике кыйдырып жашап аткандарына 3 жылдай болуп калды. Ортодо 1 уул бар. Гүлнара өзү биз менен маектешкиси келбейт, кызганчаак жана шекчил күйөөсүнөн коркот.

Бирок Гүлнаранын энеси Кайыргүл айым кызынын акыбалына зээни кейип, ага канткенде жардам берем деп адистерден жардам сурап жүргөн кези.

- Эч кандай каттоо күбөлүгү жок эле жашап атышат. Ооба, колунда бар экен, өзү кыйын неме экен деп убагында кызыбызга атасы экөөбүз айла жок макул болгонбуз. Дароо кызыма өзүнчө чакан квартира алып берди. Бир жарым жаштагы уулу экөө ошол жакта турушат. Күйөөсү каалаган маалында, каалаган күнү келет. Баласы аны жакшы тааныбай, таятасына “ата” деп жабышат. Кызым жаштарга окшоп, бир жакка барып көңүл ачпайт, конокко да барбайт. Кечкисин дайыма үйүндө камалып отурат. Майрам күндөрү чалсам, кайда болмок элем, балам экөөбүз телевизор тиктеп отурабыз десе жүрөгүм тилинет.
Исламда экинчи же, үчүнчү аял алууга уруксат берилет, бирок милдеттүү түрдө эмес.

Кыргызстандагы билимдүү динаятчылардын бири, Мисирде билим алып келген молдо Абдышүкүр Нарматов экинчи, же үчүнчү аял алууга кайсы бир зарыл себептер болгондо жол берилет деп тактоо киргизди.
Абдишүкүр Нарматов

- Ислам дининде экинчи, же үчүнчү аял алууга уруксат берилет, бирок милдеттүү түрдө эмес. Дагы башка аял алам деген адам кайсы бир шарттарда, мисалы, биринчи аялы оорулуу болуп калса, же төрөбөсө, же дагы бир олуттуу себеби болсо, ошондо гана уруксат берилет. Андайда биринчи аялынан уруксат суроо шарт эмес. Уруксат сураса, бир да аял ыраазы болбойт.

Жума күнү Бишкекте өткөн жыйында үй-бүлөдө аялдарга каршы зомбулук соңку жылдары 40%га өскөнү айтылды. Бараар жери калбай, жаш балдарын кучактаган айрым келиндер кризистик борборлордо ушул азыр да баш калкалап отурган кез. Бүбүсара Рыскулованын айтымында, былтыр Бишкектеги кризистик борбор аркылуу 1500ден ашуун аял өткөн. Алардын жарымынан көбү – никеси расмий түрдө катталбаган, күйөөсү үйдөн кубалап чыкканда айла жок укук коргоочуларга эшик каккылагандар. Арасында 18ге чыга электе ала качып кетип, нике кыйдырып жашагандар, зордоп турмушка чыккандары да бар.

Ошентсе да, Бүбүсара эже келечекте исламда аялдар жөнүндө айтылган жакшы нерселер да коомго жуга баштайт деп үмүттөнөт. «Эгерде, мисалы, мусулман аялдардын "Мутакалим" деген уюму бар, ошолор кызыкдар болуп туруп, исламдагы аялдар үчүн жакшы жактарын алып чыкса мыкты болбойт беле. Ишенич деген жакшы нерсе да», - дейт укук коргоочу.

Молдо Абдышүкүр Нарматов да билими тайыз адамдар дин тууралуу түшүнүккө зыян келтирип жатканын моюнга алат: «Кээ бир тийиштүү билими жок молдокелер нике кыюуда канчалык жоопкерчилик жатканын аягына дейре түшүнө бербейт. Бирок ошондой молдокелерден улам бардык молдолор тууралуу жыйынтык жасоого болбойт», - деп эскертет ал.

Билимдүү динаятчынын айтканы туура. Исламдагы аял, нике тууралуу мыкты нерселерди үйрөнсө коом үчүн пайдадан башкасы жок. Азырынча айланадагы айрым терс көрүнүштөрдү да байкабай кое албайбыз.

Молдо нике кыйган соң, мыйзам тууралуу ойлонуп баш оорутпаган жаш кыз-келиндер кийин бармагын тиштеп, өкүнүп калууда. Бирок алардын баарына Кыргызстанда азыр мыйзам баарынан улук, күйөөгө чыгаарда, никени каттатканда, кийин үй-бүлөдөгү мамилелер жагынан да конституция, мыйзамдар аялдын, эненин укугун коргойт деп ким түшүндүрөт? Азырынча коомдогуу исламдашуудан Кыргызстанда эркектер көбүрөөк утуш тапкандай таасир калтырат.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG