Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Мындан он алты жыл мурун 10-майда Кыргызстан улуттук акчасын - сомду жүгүртүүгө чыгарган. Дүйнөлүк каржы кризисинин айынан өткөн жылдан бери сомдун долларга болгон наркы 24 пайызга түштү, бирок Орусия же Казакстандагыдай тез кулабай, анын наркынын төмөндөшү жай-баракат мүнөздө болду. Улуттук банк сомдун курсун керектүү деңгээлде кармаганга өлкөнүн алтын-акча запастары жетишет деп билдирүүдө.

Өткөн жылдын август айынан бери сомдун долларга болгон курсу 24 пайызга төмөндөдү. Бирок Казакстан же Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдун улуттук акчасындай болуп, наркы шарт кулап, элди дүрбөлөңгө салбай, убакыт жана темпи жагынан сомдун курсунун төмөндөшү жай-баракат мүнөздө болду. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ишкер чөйрөнүн жана жалпы эле экономиканын дүрбөлөңгө түшпөй, ырааттуу ыргактан чыкпай иштешине өбөлгө түздү.

Сомдун мындай абалына президент Курманбек Бакиев 11-февралда маалымат каражаттарына сүйлөгөн сөзүндө токтолуп, түшүндүрүп кеткен болчу. Мамлекет башчы Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономика менен терең карым-катышта эмес болгондуктан анын кесепети анчалык катуу тийбейт деп белгилеген. Экинчиден, Кыргыз өкмөтү сомдун курсун жасалма кармаган эмес. Мына ошол себептүү кыргыз валютасы курсу анчалык катуу кулабай, туруктуу ыргагында кармалып келатат.

Сомдун наркын кургуйга кулатып албай, жүгөндөп кармаш туруш үчүн мамлекеттин резервдери болуш керек. Мындай резерв Кыргызстандын улуттук банкында пайда болгонуна бир жарым эки-жыл эле болду. Өлкөнүн алтын акча запастары соңку маалыматтар боюнча 1 миллиард 480 миллион долларга жетти.

Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдин “Азаттыкка” айткан маалыматына караганда, Кыргызстандын алтын акча запастары сомдун курсун керектүү деңгээлде туруктуу кармаганга мүмкүнчүлүк берет.

Мисалы, Казакстанда теңге кулап, ошонун айынан Кыргызстанда дүрбөлөң чыкканда төрт миллион доллар менен кырдаал жөнгө салынган. Абдан чоң зарылчылык болгондо деле керектөө алтын акча запасынын он пайызынан ашпайт.

- Бизде резервдеги акчанын саны колдогу акчанын санынан көбүрөөк. Теория менен айтканда, сомго такыр ишеним кетип, ишкананын баары сомду долларга алмаштырып бер деген күндө да, бир да сом калтырбай сатып алганга биздин мүмкүнчүлүк бар,- дейт Марат Алапаев.

Экономикалык эксперттер өз кезегинде сомдун наркынын арзандаш ыктымалдыгы баары бир абдан жогору экендигин белгилешүүдө. Анткени бул экономиканы жөлөп таяп туруш үчүн жана эл аралык рынокто кыргыз товарларын баасын кармап калыш үчүн керек болушу мүмкүн.

Эсил кайран СССР ыдырагандан кийин андан бөлүнүп чыгып эгемендик жарыялаган өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан экинчи болуп, 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук акчасын киргизген. 1997- жана 2002-жылдары сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. Адегенде беш, он, жыйырма, элүү, жүз сомдук банкноттор, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө киргизилген. Быйыл беш миң сомдук банкноттор пайда болду.
XS
SM
MD
LG