Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Салижан Шарипов : Космосто тил жеткис кызыктарды көрдүм


Кыргызстандын улуттук баатыры, таанымал космонавт Салижан Шарипов биринчи космонват Юрий Гагарин, космос жана өзү жөнүндө.

- Гагарин сизге эмнеси менен өрнөк болгон?

– Кичине кезимден анын учканын угуп-көрүп, мен да космонавт болсом деп эңсер элем.

- Салижан Шакирович, кызык жери мына ушунда, биринчи жолу ал кишинин ысмын кайсы жерде уккансыз? Айталы, Өзгөндөбү, Оштобу, Ташкенде же а кездеги - Фрунзедеби?

Юрий Гагарин
– Кыргызстанда, Өзгөндө. Атам кечинде сыналгыны жагар эле. Космоско адам учушу көрсөтүлгөндө атам мага алардан өрнөк ал деп калчу. Юрий Гагарин - биринчи космонавт деген да атам болгон. Мен ал космоско учкандан кийин төрөлсөм да анын эрдигин сыналгыдан көрүп ошол кездерде эле мен да андай болсом деген мүдөөдө элем.

- Эми Байкоңурга келсеңиз. Айтылуу космодромдо Гагаринге байланыштуу кандайдыр бир каада-салт калды бекен?


- Кемеге пастан өйдө көтөрүлүүдө бир кең орундук «Гагариндин орундугу» деп аталат. Аны менен чынында эле биринчи жолу Юрий Алексеевич өйдө көтөрүлүп кемеге түшкөн. Мен космоско учарда дал ошол орундукка олтуруп кемеге чыктым.

Көз алдыңызга келтире аласызбы, 1961- жылы курулган космодромдогу олтургуч, ошол күндөн ушул күн иштейт. Мен сыңары бардык эле космоско биринчи уччу космонавт анын жардамы менен аалам коюнуна сапарын баштайт. Андан сырткары ал жерде музей бар, Юрий Алексеевич ааламга учар алдында эс алган чакан там музей. Королевдун эс алып жүргөн там-музейи Космостон кайткандар ал жакта урунган кийим-кечек, колдору коюлган буюм-тейимер сакталчу чоң музей бар. Байкоңурчулар аларды ардактап, сыймыктанышат. Эмне дегенде Байкоңур башка планеталарга карай адам балаынын колун сунгузган жай эмеспи.

- Биз жерде жашап атып космосто адам кандай кыйналуу-кысталууну башынан өткөрөт же ал жакта деле жердегидей баары оңой болобу деп калабыз? Сиз ал жакка кантип көнүктүңүз, айрыкча кийинки жолу узакка учканыңызда кыйла эрдиктерди да көрсөттүңүз.

- Мен эки ирээт космоско учтум. Биринчи жолу 1997-ылы Спейс Шатлл «Space Shuttle» менен учканы даярданып атып кийин биз Индевер «Endeavour» менен америкалык астронавт болуп он күнгө учтук. 1998 жылы 21-январдан 1-февралга дейре учтук. «Мир» комплексине барып чиркештик да ошондон тарта жети күнү калган экипаж менен чогуу учуп жүрдүк.

Экинчи жолку учушум 2004-жылы ишке ашты. Чиао Лерой (CHIAO Leroy) менен бирге учтум. Мен ал жолу Лерой менен космосто 193 күн болдум. Ал эл аралык космостук станцияга жасалган онунчу экспедиция эле.

Адам ал жакта өзүн кандай сезетке келсек, аны оозеки айтып түшүндүрүү абдан кыйын. Киши космостон жерге караганда кандай ой жараларын айтып бере албайсың. Ал жакта көзгө көрүнүүчү түстөр, боектор ушунча кооз, кызык аны адам өзү көрүп гана элестете алар.
Мен ошол себептен жерде жашаган ар бир адамдын космосто болуп келишин каалар элем! Алар биз жашаган Жер ал жактан кандай көрүнөт көрүп келишин каалар элем. Канча ал кичинекей, канча кооз аны курчап турган ава такоолу ушунча жука экенин көрүшсө кана... Туш-тарап капкараңгы боштуктун туңгуюгу. Салмагын жоготуудан адам кандай жыргалды сезе тургандыгын айтып берүү мүмкүн эмес. Ал эми космонавт ачык аалам коюнуна чыккан учурду да түшүндүрүп берүүгө тил жетпейт.

Билесизби, ар бир киши өз чөйрөсүндөгү табыят, болмуш, кандайдыр бир кооздукту көрүп үйрөнгөнүнө жараша кабылдайт. Эгерде адамдын көргөн-билгени чектелүү болсо анда ал аалам коюнундагы таасирди жеткиликтүү кабылдай албайт. Менин өзүмүн туйган көргөнүмө келсек, дагы эле тил жеткис кызыктарды көрдүм деп гана айта аламын...

Бекеринен, кишилер миллиондогон долларын коротуп космоско учуп атпагандыр. Мына, ушул эле март айынын этегинде космостук саякатчы Чарльз Симони учканы атат. Ал экинчи жолу учуп атат. Ал дагы бир жолу салмагын жоготууну денеси менен сезип Жер шарын дагы бир жолу кыйырдан туруп карап келгени баратат.

- Салижан Шакирович, аалам коюнуна дагы бир жолу учкуңуз келеби, космосту сагынасызбы?

- Албетте, космоско учкусу келбеген жан болбос деп ойлойм. Ал тургай биринчи муундагы 70-чи жылдары учушкан космонавтар эгерде мүмкүчүлүк болсо кайра бир учсак деп самашат. Баары самашат, бирок азыр ааламга сапар тартыш абдан кымбатка турчу жаргал болуп калды, машыгууну көп өткөрүү керек, андан тышкары учуу чанда болуп калды. Ар жылына эки экипаж учат. Алар да жарым жылык мөөнөткө учушат.

- Маалымат каражаттары жазганга карагнда ааламдын коюнун эскиси жеткен жандоочтор калдыктарынан турган какыр-чикири басып кеткен. Ал тугай жакында космосто сүзүшүп кыйрашкан америкалык-орусиялык жандоочтор же Айдын үстүнө түшүп, кыйраган кытайлык жандоочту мисал келтиришет. Мындай көрүнүштүн космосту өздөштүрүдө канчалык коркунучу бар?

- Азыр ал жакта миңдеген космостук аппараттар жана жандоочтор учуп жүрүшөт. Орун баарына жетишерлик. Алар акырындап төмөн, Жерди карай ылдыйлап олтуруп атомосферанын коюнуна киргенде күйүп жок болушу абзел. Менин билишимче, АКШ деле, Орусия деле ага окшогон кичине заттарды, айталы, эни жарым метр келер ар бир затты көзөмөлгө алып турушат.

Алардын ар биринин кайда жана кайсы жакка бартканы көзөмөлгө алынып турулат. Маселен, эл аралык космостук станциянын ичинде турганыбызда бизге дайыма эскертип турулчу. Эгерде станция учуп келе жаткан багытта жанакыдай какыр-чикир жолду торогудай болсо анда бараткан багытын өзгөртүп, башка жолго түшүү алдын ала айтылып, андай учурда атайын ыкым жазалууга тийиш.

Бирок ушу күнгө дейре космостук какыр-чикир менен сүзүшүп кетүү боло элек. Биз Жерибизди алпештешибиз, коргошубуз, аяшыбыз керек жана ага абадан назик мамиле кылышыбыз керек дегим келет.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG