Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Кыргыз футболчулары Италиядан кайтышты


Көчөдө калгандар арасында көчө футболу боюнча дүйнөлүк биринчилигине Кыргызстан үчүнчү ирээт катышууда.
Көчөдө калгандар арасында көчө футболу боюнча дүйнөлүк биринчилигине Кыргызстан үчүнчү ирээт катышууда.

6-13 сентябрда Италияда көчөдө калгандар арасында көчө футболу боюнча дүйнөлүк биринчилик өттү.

Миланда өткөн мелдешке Кыргызстандын оюнчулары да катышып, жалпы жонунан 13 беттешүү өткөрүштү. Жыйынтыгында Дания, Гонконг, Норвегия, Чехия, Финляндия, Испания, Белгия футболчуларын жеңип, Франция, Бразилия, Аргентина курамаларынан утулуп, АКШ, Канада оюнчулары менен тең чыгып, группа ичиндеги таймаштан ары чыга алган жок.

Мелдешке 48 өлкөдөн 500 чакты спортчулар келишип, Украина курамасы алтын медаль ээси болушту. Бул чемпионатка кыргыз футболчулары быйыл үчүнчү ирет катышты. Өткөн жылы Кыргызстандын аялдар курамасы Мельбурнда өткөн чемпионатта коло медаль ээси болушкан.

Асадулло Баймурадов дүйнөдөгү 10 мыкты боксчунун катарында

Италияда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын сегиз мушкери катышып, анын бешөө биринчи, экөө экинчи бетеште атаандаштарына жеңилип калышты. Бул мелдеште 69 кг салмакта өлкө намысын коргогон Асадулло Баймурадов көрүнүктүү ийгиликтерге жете алды. Ал Франция, Түштүк Корея жана Албаниянын боксчуларын жеңип чейрек финалга чейин жете алды.

Жарым финалга чыгуу үчүн болгон таймашта ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону казакстандык Серик Сапиевге 6:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды. Белгилеп өтсөк кыргыз мушкерлеринин тарыхында буга чейин дүйнө чемпионатынын жарым финалдык бөлүгүнө чейин эч ким чыга алган эмес. Мелдешке 113 өлкөдөн 700 чакты спортчулар катышты.


Евгений Ваккер Европада жетинчи

Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Франциянын Шампань провинциясында өткөн Chrono des Chamenois мелдешинде жетинчи болуп келди. 33 км созулган жеке жарышка дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 28 спортчу катышты. Ваккер бул аралыкты 45,5 км/саат ылдамдыкта басып өттү. Ал эми мелдештин чемпиону болуп Италиялык Адриано Малори аталды. Буга чейин Евгений Ваккер Италияда өткөн эл аралык мелдеште 10 мыктынын катарына кирген.

Ысык-Көл оюндары аяктады

Чолпон-Ата шаарында 9-жолу эл аралык Ысык-Көл өюндары болуп өттү. Мелдешке Орусия, Тажикстан, Өзбекстан. Казакстан, Түркмөнстандан 2000 чакты спортчулары катышып, футбол, волейбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, дартс, кол күрөш, гиря көтөрүү сыяктуу 20дан ашык спорт түрлөрү боюнча мөрөй талашты. Натыйжада 65 алтын, 38 күмүш, 17 коло медаль жеңген Орусия курамасы командалык биринчи орунга татыды. Экинчиге 40 алтын жеңген Кыргызстан, андан соң 27 алтын менен Казакстан, төртүнчүгө 4 чемпиондуу болгон Түркмөнстан курамасы татыды.

Мелдештин жүрүшү жана жыйынтыгына Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов токтолду:

- Биздин коңшу мамлекеттер Ысык-көл оюндарына өздөрүнүн спортчуларын жиберишип мелдештин кызыктуу өтүшүнө шарт түзүштү. Таймаштын дээрлик баардыгы курч мүнөөздө өттүп, күйөрмандардын кызыгуусун жаратты. Кичи футболдон, волейболдон күчтүү командалар оюн көрсөтүштү. Кол күрөш жана гиря көтөрүү мелдешине дүйнөнүн ардагерлер арасындагы чемпиондору катышып мелдештин деңгээлин көтөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG