Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Талант бар, каражат жок


Айнура Шаршембиева – көркөм гимнастика боюнча спорт чебери. Ал соңку алты жылдан бери Кыргызстанда өткөн бий сынактарында дайыма баш байгенин ээси болуп, көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону.

17 жаштагы Айнура көркөм гимнастика менен он жашынан тарта машыгып, он эки жашында эле Кыргызстандын толук чемпиону болгон.

Айнура балалык чагынан тарта эле Дүйнөлүк чемпионатка катышууну жана Азия оюндарында он күчтүү гимнасткалардын катарына кирүүнү кыялданып келген. Бирок бул деңгээлге жетүү үчүн Олимпиадалык даярдоо борборунда бир күн үчүн жүз доллар акы төлөп, көп убакыт машыгуу керек. Айнура буга каражаты жетишсиз болгонун айтат.

- 2005-жылы 12 жашымда Кыргызстандын чемпиону болуп, ушул күнгө чейин биринчи орунда келе жатам. Ошондой эле Алматыда өткөн эл аралык турнирде биринчиликти алгам. Ал эми Кыргызстанда гимнасткаларга көп көңүл бурулбаганы өкүндүрөт.

Жеңишке жеткирген өжөрлүк

Айнура бала кезинен бери сүрөт тартууга да кызыгат. Келечекте ал мыкты архитектор болгусу келет. Бирок ошол эле учурда атасы да, апасы да кесиби боюнча дарыгер болгондуктан, алардын жолун жолдосомбу деп да кыялданат. Апасы Майрам Асанбекованын айтымында, Айнуранын спорттогу ийкемдүүлүгү кичинекей кезинде эле байкалчу. Ошондой эле мүнөзүндөгү өжөрлүгү аны көп ийгиликке жеткирген.

- Кызымдын кичинекей кезинен бери эле тырышкан, аракетчил сапаттары бар. Ар кайсы шарфтарды оронуп алып, эл алдында бийлей бергенди жакшы көрчү. Такыр уялчу эмес. Бул тырышчаактыгы спортто да жардам берди го деп ойлойм.

Айнура Шаршембиева Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Израиль, Африка, Түркия жана Украина өндүү бир топ өлкөлөрдө өткөн сынактарда Кыргызстандын атын чыгарып, байгелүү орундарды ээлеп келген. Алардын ичинен 2008-жылы Киевде өткөн Дүйнөлүк кубок таймашында жарым финалга чыгып, 48 өлкөнүн гимнасткаларынын арасында 24-орунга ээ болгон. Бул анын эң биринчи чоң таймашы эле:

- Көп элдин алдына чыкканда аябай коркком. Кудайдан “баары жакшы болсо экен” деп сурап чыккам. Топ, скакалка, лента жана обруч менен төрт жолу чыгасың. Мага көбүнчө топ менен ойногон жагат.

Айнуранын апасы Майрам Асанбекованын айтымында, Кыргызстанда көркөм гимнастика жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. Гимнасткаларга таптакыр колдоо жок. Ар кандай эл аралык сынактарга катышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканы менен каражат жок. Ал эми демөөрчү издеп табуу өтө эле кыйын:

- Кайрылган кишилерим көп болду. Мурунку депутаттардын баарына кайрылгам. Ошондой эле жеке ишкерлерге, чоң-чоң ишканаларга кайрылдым. Кыргызстандагы жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, мен деген кишилердин баарына кайрылдым. Эч кандай жыйынтык болгон жок.

Көркөм гимнастика боюнча жылдыз

Айнура бир күндө 4-7 саатка чейин машыгат. Сынактарга катышуу алдында эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин бийлеп, бир айлап даярданат. Машыктыруучусу Светлана Евгениеванын айтымында, көркөм гимнастика – спорттун татаал түрлөрүнүн бири. Муну чыныгы таланты бар адам гана алып кете алат.

- Айнура абдан таланттуу. Табият ага бул талантты аянбай берген деп ойлойм. Анткени бийлеп атып, өзү да бир нерселерди ойлоп табат. Актердук жөндөмдүүлүгү да күчтүү. Катышкан бардык сынактарында актердук өнөрү үчүн жогорку бааларды алып келет. Абдан шайыр. Ар дайым жаңы нерсени үйрөнгүсү келип турат. Машыкканына алты гана жыл болсо да көп нерсеге жетишти. Ал эми башка балдар Айнура жеткен деңгээлге он жыл машыккандан кийин гана жетет. Айнура – көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын жылдызы.

Өз жеринде колдоо жок

Айнура Шаршембиева 2008-жылы Израилде өткөн таймашка катышып, отуз төрт өлкөнүн ичинен он үчүнчү орунду ээлеген. Таймаштын соңунда Израилдин машыктыруучулары Айнурага келишим менен иштөөнү, 2012-жылы Лондондо боло турган Олимпиадалык оюндарда Израилдин атынан чыгууну сунуш кылышкан.

Айнура Шаршембиеванын айтымында, эгерде көркөм гимнастикага кандайдыр бир көңүл бурулса, эч жакка кетпей Кыргызстандын гана атынан чыгууну каалайт.

- Мени Африка, Израилге чакырышкан. Эгерде Кыргызстандан колдоо таппасам, башка өлкөгө кетүүгө аргасызмын. Анткени мен да өсүшүм керек. Өзүмдү көрсөтүшүм керек.

Айнурага окшоп таланты өз жеринде бааланбай, чет өлкөгө кетип жаткан же каражаттын жана тааныштардын жоктугунан улам чыга албай жаткан жаш таланттарды бүгүнкү күндө көп эле кезиктиребиз.

XS
SM
MD
LG