Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Кыргызстандык теннисчи 200 мыкты спортчунун катарына кирди


Iran- Davis Cup, Iranian double team, 02/10/2007
Iran- Davis Cup, Iranian double team, 02/10/2007

Чоң тенисчи Ксения Палкина Индиянын Пунэ жана Калькутте шаарларында өткөн турнирлерде жакшы ийгиликтерди көрсөтө алды.

Өткөн жумада дүйнөлүк рейтингдин 225 орунунда турган Палкина, бул жуманын жыйынтыгы боюнча өзүнүн 148 упайы менен WTA тизмегинин 199 орунуна татыктуу болду. Бул көрсөткүч Ксениянын Australia-Open турнирине катышышына жол ачкан. Эми мелдешке чейин Палкина Италияда машыгууларын улантып, Австралиянын Хобарте шаарында өтө турган турнирге даярдык көрмөкчү. Эми спортчунун алдыдагы максаты 100 мыкты тенисчинин катарына кирүү.

Бильярд боюнча дүйнө чемпионатына К. Сагынбаев катышпай калды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан 2008-жылдын чемпионатына Кыргызстандык бильярдчы, дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев катышпай калды. Биринчиликти уюштуруучулардын расмий билдирүүсү боюнча Сагынбаев турнирге катышуу үчүн арызын берген эмес. Ал эми бильярд спорт федерациясынын вице-президенти Константин Коробов, башынан эле Каныбекти бул турнирге катыштырбоо үчүн ар кандай шылтоолор айтылып келгендигин, ага комерциялык турнирлерге катышасын деген айып коюлгандыгын билдирди. Бирок 2008-жылдын чемпионатына катышкандардын көпчүлүгү коммерциялык мелдештерге чыгып жүрүшөт, деп маалымат каражаттарында жарыяланган.

- Кыргызстанда бильярд спорту жакшы эле өнүгүп келе жатат. Акыркы 4-5 жылда атайын мектептер ачылып аракеттер жакшы болууда. Мына Каныбек канча жылдан бери чоң жетишкендиктерди көрсөтүүдө. Бирок бул дүйнө чемпионатына Сагынбаевдин катышпай калышы абдан кейиштүү. Менимче бул жерде федерациянын күнөөсү бар. Алар убагында арызын берип, иштеши керек эле, - дейт Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер окуу жайынын башчысы Өмүржан Молдодосов.

25-29-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайда волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. 30-ноябрда Кара-Балта шаарындагы “Манас” спорт борборунда сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын Кубогу өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG