Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Ыңкылаптын беш жылдыгына арналган мелдештер


Ыңкылаптын беш жылдыгына арналган мелдештер Бишкектеги эски аянтта өттү, 24-март, 2010-жыл.
Ыңкылаптын беш жылдыгына арналган мелдештер Бишкектеги эски аянтта өттү, 24-март, 2010-жыл.

Бишкекте ыңкылап күнүнө арналган спорттук мелдештер болду. Мурдакы жылдары Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп келсе, быйылкы турнир Ош шаарында жыйынтыкталды.

Кикбоксинг боюнча да президенттин Кубогуна арналган эл аралык мелдеш да ыңкылап күнү болчу. Ыңкылаптын беш жылдыгына арналган мелдештер Бишкекте Жогорку Кеңештин жанындагы өкмөттүк эски аянтта өттү.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Даулет Досалиевдин айтымында, ыңкылаптын беш жылдыгына арналган спорттук мелдештери өткөрүү үчүн мэрия 100 миң сом каражат бөлдү:

- Ыңкылаптын беш жылдыгына карата мелдештерде шаардын эң мыкты спортчулары өнөрүн көрсөттү. Жалпы жонунан үч жүздөн ашык киши катышты. Гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробаттар көрсөтмөлүү оюн менен чыкты. Ошондой эле чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргоол, кол күрөш, кыргыз күрөшү жана балдар үчүн “Көңүлдү старт” оюндар боюнча мелдештер болду.

Өлкөнүн кыргыз күрөш федерациясынын президенти Марсел Мураталиевдин айтымында, улуттук оюндар Ыңкылап майрамынын шаанисин арттырып, бул ирет кыргыз күрөшүнө катышкандар көп болду.

Сокулуктук спорт күйөрманы Өндүрүш Токтоназаровдун пикиринде, ыңкылап күнү тургундардын майрамдык маанайы жок. Бишкектик Анара Кангелдиеванын айтымында, бул ирет Нооруздагыдай майрамдык маанай болбой, спорттук мелдештерге да тажрыйбасы аз жаш балдар гана катышты.

Бишкектин баскетбол боюнча уландар командасынын мүчөсү Жаныбек Мураталиевдин айтымында, ушундай майрамдарда гана көңүл бурулганы менен эл аралык мелдештерге катышпагандыктан, оюнчулардын чеберчиликтери төмөн.

Бишкекте баскетбол боюнча эл аралык “Нооруз” мелдеши жыйынтыкталды

Быйылкы мелдешке Азербайжан, Түркмөнстан менен Кыргызстандын курама командалары катышса, Казакстандын Актау шаарынан “Каспий”, АКШнын “Атлеттер кыймылда”, Өзбекстандын Навои шаарынын “Согдиана” командалары күч сынашты.

Кыргызстандык баскетболчулары жарым финалда АКШнын “Атлеттер кыймылда” командасын 81:72 эсебинде утуп баш байгеге талапкер болду. Экинчи жарым финалда Азербайжандын тандалма командасы менен Өзбекстандын «Согдиана» командасы беттешип, азербайжандыктар жеңишке жетишти.

Баш байге үчүн Азербайжан жана Кыргызстандын тандалма командалары таймашып, 85:63 эсеби менен кыргызстандык баскетболчулар “Нооруз” турниринин жеңүүчүсү деп таанылды.

Айрым спорт күйөрмандарынын пикиринде быйыл ыңкылаптын беш жылдыгына арналган мелдештердин деңгээли төмөн болду.
XS
SM
MD
LG