Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Шахматчы Семетей Төлөгөнтегин Азиядагы 20 мыктынын катарында


Кыргызстандык жаш шахматчылар
Кыргызстандык жаш шахматчылар

Кыргызстандын шахматчысы жана тай боксчулары Азия чемпионатынан кайтышты. Орусиядан кыргыз дзюдочусу, Казакстандан кыргыз боксчусу байгелуу орундарга татышты.

Индиянын Чаннай шаарында Азия чемпионаты аяктады. Ага Сингапур, Филиппин, Шри-Ланка, Малазия, Казакстан, Индия сыяктуу 20 чакты өлкөдөн 75 шахматчы катышышкан. Азиянын чемпиондугу үчүн мөөрөй талашкан Семетей Төлөгөнтегин 55 спортчуну артка калтырып, атаандаштарын жеңүү менен 20 мыктынын катарына кирди.

Кыргыз спортчусу Европа Кубогунан коло байге жеңди

Орусиянын Оренбург шаарында өткөн биринчиликте Чыңгыз Мамедов үчүнчү орунга татыды. Ал учурда Эл аралык дзюдо лагеринде машыгуусун улантууда. Жакында спортчу Мамедов Москвада өткөнү турган Grand Slam мелдешинде мөөрөй талашат. Бул мелдешке Кыргызстандан Елена Проскуракова жана Алексей Таскин да катышып, алар 5-7-орунга ээ болушту. Кубокто ар мамлекеттерден келген 25 команда мөөрөй талашкан.

Мушкерлер Казакстандан бир коло медал жеңди

Астана шаарында бокс боюнча Казакстан президентинин Кубогу аяктады. Анда Кыргызстандын тогуз спортчусу мөөрөй талашты. 54кг. салмакта күч сынашкан Медер Мамакеев финалга чыгуу үчүн болгон таймашта жеңилүүгө учурап, бирок коло медал үчүн салгылашта ийгилике жетип, байгелүү орунга татыды. Ал эми Асылбек Таласбаев, Асадулло Баймурадов жана Абдылдабек уулу Сыймык 5-8-орундарга ээ болушту. Мелдешке Иран, Орусия, Кытай, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн спортчулар катышты.

Тай боксчулар Азиядан үч коло жеңди

Өзбекстандын Ташкен шаарында өткөн чемпионатка 15 өлкөдөн спортчулар катышты. Анда өлкө намысын үч спортчу коргоп, баары тең коло байге ээси аталышты. Байгелүү орундарга атаандаштарын жеңүү менен Данияр Кашкараев, Канымет Муратбеков жана Дмитрий Валуевич татышты.

Түштүк Африка республикасында футбол боюнча дүйнө чемпионаты уланууда

Өткөн жумада чейрек финалдагы беттешүүлөр болуп өттү. Анда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия курамасы, бул мелдештин эки жолку жеңүүчүсү Аргентинаны 4:0 эсебинде жеңип жарым финалга бет алды. Ошол эле маалда Испания командасы Парагвайды 1:0 эсебинде утуп алса, Голландия Бразилияны 2:1, Уругвай Гананы 4:2 упайында жеңүүгө жетишти. Эми 6-июлда Голландия менен Уругвай, 7-июлда Германия менен Испания оюн талаасына чыгышат. Кайсы команда ийгилик жаратса финалдык бөлүккө жолдомо алышат. Ал эми жеңилген курамалар коло байге үчүн мөөрөй талашат.

Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын ачылышынын алдында Эл аралык футбол ассциациясынын жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев катышып келген.

- Нуртазин мырза, ФИФАнын жыйынында эмне маселелер көтөрүлдү?

- Жыл сайын ФИФА футбол федерацияларын чогултуп жыйын өткөрөт. Быйылкы чогулуш Түштүк Африканын борбору Йоханезбургда болду. Анда Эл аралык футбол ассосациясы өткөн жылдын отчетун жарыялады. Андан соң келерки жылдын пландарын бекитип, кеңешүү иштери да жүрдү. Дүйнө чемпионатынын ачылышына күбө болуп, Мексика менен Түштүк Африканын оюнун көрдүк. Бул беттеште кыргызстандык (капталдагы рефери) калыс Бохадыр Кочкоров катышты. Биздин калысыбыз өзбекстандык Ирматовдун тобунда төрт оюнду көзөмөлдөштү. Негизи аларга адистер жогорку баа беришүүдө.

- Бул дүйнө чемпионатынын өзгөчөлүгү жана даярдыгы кандай болуптур?

- Африка континетинде биринчи жолу дүйнө чемпионаты өтүүдө. Даярдык жагы да жогорку деңгээлде экен. Оюндар көрсөткөндөй футбол бир орунда турган жок. Күчтүү деп эсептелген командалар чейрек финалга жетпей беттештен четтеп калышты. Футбол багыты жыл сайын өзгөчө бир жол менен өсүү жолунда.

- Жакынкы күндөрү футбол боюнча дүйнө чемпиону аныкталганы турат. Божомолуңуз кандай?

- Оюн башталганда Аргентина жеңишке жетет деген пикирди кармангам. Бирок алар Германиядан 4:0 эсебинде жеңилип калышты. Ошол беттешүүлөрдү көрүп, байкоо салсам Германия жеңүүчү болот го деген ойго келип отурам.
XS
SM
MD
LG