Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

“Стан TV” кыйынчылыкка кабылды


1-апрелде Каржы полициясынын кызматкерлери “Stan Media” (Стан ТВ) видеопорталынын кеңсесине келип, компьютерлердин айрым техникалык бөлүктөрүн бир бөлмөгө камакка алып, мөөр басышты.

Каржы полициясы анын себебин “Stan Media” лицензиясы жок программаларды колдонгону жана салыкты жаап-жашырганы үчүн шектелип атканы менен байланыштырууда. Укук коргоочулар жана бир катар партия лидерлери бул иш-чараны саясий буюртма катары баалашууда.

“Stan Media” компаниясынын кеңсесине келишкен Каржы полициясынын өкүлдөрү менен Роза Отунбаева, Болот Шерниязов, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчылар, бир катар укук коргоочулар сүйлөшүп, аларды мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпташты.

“Stan Media” жоопкерчилиги чектелген коому же “Стан ТВ” компаниясы 2007-жылдын 29-майында Кыргызстанда катталган маалыматтык видеопортал. Компания Борбор Азиядагы беш мамлекетте болуп аткан саясий-экономикалык жана социалдык маанилүү окуяларды тасма кабары катары өзүнүн интернеттеги баракчасына жайгашырып келет.

“Стан ТВнын” генералдык директору Илья Сивохиндин айтымында, анын компаниясы Борбор Азиядагы бардык маанилүү окуяларды бейтарап чагылдырып келатат. Ушул тапта Каржы полициясынын айыптоолору, компьютердик техникаларын камап кетишкени компаниянын ишин үзгүлтүккө учуратууда:

- Биз өкмөт менен да, оппозиция менен да жакшы алакадабыз. Мындайча айтканда, бизге эч качан журналисттердин ишмердүүлүгү тууралуу нааразычылыктар болгон эмес. Биздин компаниянын урааны – маалыматтарды ар тараптуу, бейтарап чагылдыруу болуп саналат. Мен ырасмий түрдө айтып коюшум керек, бүгүнкү күнү “Стан ТВ” көптөгөн компаниялар менен түзгөн келишимдери боюнча өз ишин аткара албай калды.

Ошентсе да И.Сивохиндин ырасташынча, эми алар үйдөгү компьютерлерде болсо да маалыматтарды чагылдыруу боюнча өз милдеттерин аткарууга аракет кылышмакчы.

Каржы полициясынын Чукул чара көрүү бөлүмүнүн башчысы, подполковник Алмаз Мунжуровдун айтымында, алардын иш-чарасында эч кандай саясат жок:

- Бул жерде эч кандай саясий себеп жок. Бизге салыктардын жашырылганы, компьютердик технологиялардын мыйзамсыз алып келингени тууралуу оперативдүү маалыматтар келип түштү. Текшерүү учурунда лицензиясы жок программалык камсыздоолор колдонулганы аныкталды. Компаниянын жетекчилери бул боюнча эч кандай документтерди көрсөтө алышкан жок. Буга байланыштуу бардык компьютердик техникалар экспертиза бүткүчө компания ичинде камакка алынып, мөөр басылды.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин божомолунда, “Стан ТВ” компаниясын жарга камоо ишин Казакстан тарап буюртушу да мүмкүн. Анткени “Стан ТВ” аркылуу Казакстандагы окуялар да ачык чагылдырылып келет.

Буга чейин белгилүү журналист Геннадий Павлюк Алматыда өлтүрүлүп, анын өлүмүнө кыргызстандык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген маалымат тараган эле. Ө.Текебаевдин пикиринде, бул кылмышты жабуу иретинде казак тарап “Стан ТВнын” ишин токтотуу сыяктуу талаптарды да коюшу ыктымал.

Ал эми “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, мындай жол менен коомчулукту маалыматтык изоляцияда калтыруу саясаты бийликтин өзүнө муш болуп тиет:

- Бул иштердин бардыгын тең бийликтин эркин маалымат каражаттарына болгон кысымы деп эсептейбиз. Ушандай аракети менен бийлик чындыкты элге жеткизбейм деп ойлоп атат. Бирок айтып коюш керек. Канча гезитти, радиону жапса дагы маалымат сөз аркылуу элге жете берет. Маалымат деген гезит, радио же теле аркылуу элге жетип турбаса, анда маалыматтар абдан бузулган формада улам бирине өтүп отуруп жетет. Бул бийликтин өзү үчүн абдан коркунучтуу.

Укук коргоочулар жана оппозициядагы саясий ишмерлер сөз эркиндиги, адам укуктары жаатында күрөштөрүн уланта беришерин, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун келгенде ага жолугууга аракет кылышарын жана бардык демократияга каршы келген иштер тууралуу толук маалымат беришерин айтышууда.

Буга чейин жакында эле “Ачык саясат”, “Назар” гезиттери соттук териштирүү жүрүп атканына байланыштуу деген себеп менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык чыкпай калды. “Форум” гезити болсо Октябрь райондук сотунун чечими менен жабылды. Бул гезиттердин баары тең оппозициялык маанайда чыгып келишкен. Эл аралык маалымат каражаты болгон “Азаттык” үналгысынын шериктери да улам бири кызматташуудан баш тартып, “Азаттык” көптөгөн жерде угулбай калды. Андан тышкары “ferghana.ru”, “Белый Парус” интернет баракчалары да ачылбай калды.

Маалыматтык тармакты тейлеген Президенттин катчылыгынын өкүлдөрү сөз эркиндиги жаатындагы бардык суроолорго жооп алуудан мурда кат жүзүндө жетекчиликке кайрылуу керектигин айтышууда.

Каржы полициясы "Стан" компаниясын текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
XS
SM
MD
LG