Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

Сулайман Тоодогу фонтан чатагы


Сулайман Тоодо фонтан куруудан келип чыккан проблема тууралуу Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын баш катчысы Жыпар Жекшеев кеп салат.

- Ош шаарындагы Сулайман Тоо ыйык тоо катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген дүйнөлүк мурастардын бири катары саналат. Бул тоонун жанында жакында эки фонтан курулуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, сиз ага тынчсызданууңузду билдирдиңиз эле. Азыр ал жагдай кантип атат?

-Мен ушул маалымат келгенден кийин АКИпрессте өзүбүздүн маалыматты тараттык, себеби бул ЮНЕСКОнун талаптарына туура келбеген иш болуп калды да. Өзүңөр билесиздер, биз ушундай азап- тозок менен аябай чоң мээнет менен даярданып отуруп кыргыздын тарыхында биринчи жолу ушундай маданиий өзүбүздүн Сулайман Тоону ыйык тоо деген номинация менен биринчи жолу өткөргөнгө жетиштик эле да.

Абдан кубанычыбыз койнубузга батпай ушунчалык жакшы маанайда турганыбызда кандайдыр бир шашылыш түрдө фонтан салып киришиптир. Албетте, мен акыркы күндөрү төрт-беш жолу Ош шаарынын мэри менен сүйлөштүм телефон аркылуу. Ал айтып атат мурунку эле эски фонтандын ордуна салып атабыз, эч кандай жаңы курулуш болгон жок биз ага жооп беребиз деп.

Албетте, бул абдан жакшы, ал кубанып жакшы иш кылам деп Сулайман Тоонун жанында мурунку эски ирик-чириктердин баарын жоготуп жакшы аркет кылып атканын баарын билем да. Бул жерде эч кандай жаман ой менен атайын жазалып аткан иш жок, мунун баары тең жакшы тилек менен жасалып атканында кеп жок. Ал жерде ишти баштаган экен, бирок бир нерсени эске албай калган экенбиз. Ал жерге негизи Сулайман Тоонун табигы турпатына адамдын эч бир кийлигишүүсү болбош керек да, ал жерге эч нерсе салынбаш керек болчу.

-Негизи ЮНЕСКО тизмеге алып жатканда дүйнөлүк мурас катары Сулайман Тоону кармоого кандай талаптар коюлду эле, кыргыз өкмөтүнө, жергиликтүү бийликке?

-Эми ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар борборунун талаптардын баары бирдей болот. Тарыхый эстеликтердин табигый өзүнүн турган турпаты сакталып, эч кандай адамдын киилигишүүсү болбошу керек да, ал жерге эч нерсе салдырбасы керек.

Ушуну ушул боюнча сакташыбыз керек, себеби миңдеген жылдардан бери бул тарыхый ыйык тоо катары эсептелип келген. Менин айтайын дегеним ал жерде бир гана мусулмандар үчүн эмес, христиандар үчүн дагы, Будда үчүн дагы, баардык диндердин өкүлдөрү келип сыйынчу жер, бул тарыхый факт. Ошон үчүн бул дүйнөлүк мааниге көтөрүлүп атат.

Борбордук Азияда мындан башка ыйык жер жок да мындай дүйнөлүк деңгээлге жеткен. Албетте, бул жерде менин айтаарым, Кудай анын бетин ары кылсын, мисалы мына быйыл жаман көрүнүш болду. Дрезден деген кандай тарыхый эстеликти ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарып коюшту. Биз ошондой тизмеге илинип калбайлы деген кооптонуу пайда болду да.

-Дрезден кайсы катачылыгы үчүн чыгарылды?

-Ошол Дрездендин жанында бир көпүрө салынган экен. Ошол көпүрөнү салбаш керек эле, себеби ал эстеликтин көркүн бузат да.

-Оштогу жагдай боюнча фонтан мурда бар бекен же жаңы фонтан салып атабы?

-Жок мурдагы эски фонтандын ордуна салып атабыз деди. Мага да маалыматты туура эмес беришкенби, мен ойлоп аткам абдан чоң экен десем, анча деле бийик эмес деп айтып атышат. Эми мен азыр барып көрүп келгенге да аракет кылып атам. Эстелике тиешелүү аймакка эч нерсе курбаш керек да.

-Жыпар мырза, ушундай жагдайлар мындан ары дагы уланбайт дегенге кандайдыр бир кепилдик барбы?

-Мен уланбайт деп ишенем, себеби президентибиз Курманбек Салиевичтин Жарлыгы чыкпаганда Сулайман Тоонун өтүшү да кыйын болчу. Президент баардыгы тең ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык болсун деген жакшы Жарлык чыгаргандан кийин гана тигил жакта бизге ишеним пайда болгон да. Демек, бул кыргыз бийлиги ыйык тоону сактап кала алат деген ишеним болгон.

-Рахмат анда сизге.
XS
SM
MD
LG