Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Кыргызстанда чочко тумоосуна байланыштуу төрт учур катталды


Орусияда эки күн мурда эки аял чочко тумоосунан көз жумганы ырасталды. Бул илдетке байланышкан Кыргызстандагы жагдайды билүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовго кайрылдык.

- Зуридин мырза, чочко тумоосу кошуна өлкөлөрдө, Казакстан, Орусияда сууктун түшүүсү менен күчөгөнү айтылууда. Бизде абал кандай?

- Бизде жыл сайын сасык тумоо оорусуна мүнөздү болгондой эле абал. Сасык тумоо күздүн акырында, айрыкча декабрь, январь, февраль айларында өтө көп катталат. Ошондой эле биз азыркы динамикасына карап келе турган болсок, азыр мурдагы жумаларга караганда акыркы жумаларда бир жарым эсеге көтөрүлүп атат. Чочко тумоосу боюнча айта турган болсок, бизде чочко тумоосу бар окшойт деген диагноз менен 58 киши лабораториялык иликтөөдөн өттү.

Анын ичинен төртөө лабораториялык жол менен тастыкталды, төртөөнүн ичинен бирөөсү Араб Эмиратынан келген киши болчу, ал киши Казакстан аркылуу үйүнө келген. Үйүнө келгенде ал дагы бирөөгө жугузуп, ошону менен эки учур катталды эле. Андан кийин бирөөсү Канададан келген кишиде да катталды. Төртүнчүсү октябрда, жакында эле катталды, бул Орусияда, Москвада бизнес кылып жүргөн экен 3-4 жылдан бери, ошол кишиден катталды. Калган учурларынан лабораториялык анализдер боюнча жылдагы эле сезондук сасык тумоо деп коебуз, ар кандай вирустар менен сасык тумоонун саны көбөйүп жатат.

- Чочко тумоосун кадимки сасык тумоодон кандай айырмаласа болот же айырмасы бар?

- Бул лабораториялык жол менен гана айырмаланалат. Калган клиникалык белгилери менен аны айырмалоого болбойт. Себеби кадимки эле сасык тумоодой мында деле денеси ысыйт, башы ооруйт, чүчкүрөт. Бирок башка сасык тумоого караганда оорурак өтүп атат. Бүгүн дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтары келип турат, ошол боюнча караганыбызда азыр 414 миң 945 учур катталган, анын ичинен 4 миң 999у каза болгон. Бул көп пайызы болуп эсептелинет. Ошондуктан биз азыр ушуга каршы ар кандай иш чараларды жүргүзүп жатабыз.

- Чочко тумоосунун алдын алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү иш чараларды уюштуруп жаткан эле. Эпидемияны болтурбай коюу боюнча зарыл иштер аткарылдыбы?

- Өзүңөр билесиңер, вирустук ооруларга өтө спецификалык дарылоо жолу жок. Мындайча айтканда башка микроб менен ооруган ооруларда антибиотик берсең ал так барып туруп эле өлтүрө турган механизм болсо, мында андай жок. Бирок антивирустук терапия деп коет. Азыр эң жакшы эффект берген бул антивирустук дарылардын ичинен Тамифлюну айтып атышат. Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен биз гуманитардык жардамга 7140 доза алганбыз, андан мурда 1500 доза алган элек, 8 миңден ашыгыраак кишиге бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар, дарылоо бекер жүргүзүлөт. Кудай сактасын, эгер биздин аймакта бул илдет көп катталып кетсе, аны кандай кылып дарылоо керектигинин үстүнөн иштеп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG